6 саат 14 мүнөт ордумдан жылбай 👨‍💻 99% концентрация менен отуруп маанилүү бир ишти бүтүрдүм💪😁

Баткен облусу боюнча ар предметтин мугалимдерине конкурс болуп жаткан, билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп. Ошол сынакка химиядан суроолорду 1-турда түзгөн элем. Бүгүн 2-турунун да, акыркы тур, суроолорун түзүп чыктым. Жалпысынан буга чейин 3-4 саат, бүгүн 6 саат 14 мүн кетти.

1-турда абдан жакшы результат көрсөткөн мугалимдерибиз болду. 2-тур да жакшы болот деген үмүттөбүз.

Бул жарыштарга химиядан жана 2-турда биологиядан суроо түзүүнү Билимотко ишенип бергени үчүн тиешелүү адамдарга ыраазычылык билдиребиз! Алар да катуу аракет кылып эмгектенип жатышат. Мамкызматтарда ушундай адамдар жана жакшы иштеген органдар көп болсо, өлкөбүз өнүгөөрү анык. СЖ келип эле баарын оңдоп кете албайт. Жапа тырмак аракет болушу кк.

Баса, биологияны түзүүгө Билимот командасынын мүчөсү болбогон бир байкебиз жана бир досум жардам берди. Башка иштери толуп жатканына карабай убакыттарын бөлүп бергенине ЧОҢ Рахмат.
Мектепте 5-6-класста англис тилинен берген мугалимибиз бар эле. Балдарды катуу кармап, баары анан коркот. Тапшырма катары ар кошумча сабакка өтүлгөн темадагы сөздөрдөн А4 кагазга кроссворд кооздоп жасап келишибиз шарт болчу. Ошол убакта жакпаган менен, азыр эстеп көрсөң сүрөт тарттырып, сөздөрдү ар кандай жайгаштырып кроссворд түздүргөнү креативдүүлүккө үйрөткөн экен.

Дагы бир эже 10-15 жыл мурда эле окуучуларын группа менен иштетип, тапшырманы группага берип, бааны да группага берет элем дейт. Анда ага директорлор окуучунун ар бирин баалаш керек, группага тапшырма берсең баары эмес, бир экөөсү эле иштеп калат ж.б.у.с. сындарды айтчу экен. Мына азыркы заман группа менен иштөөнүн эффективдүүлүгүн жана келечекте чыныгы жашоого керектүүлүгүн көрсөтүп келет. Окутуунун жаңы методдору ж-дө "креативдүү мектептер" китебинде жана башка интернет булактарында окуп калып жүрөм. Өзгөчө Финляндия мектептеринде биздин стандарддарга өөн учураган аябагандай башкача методдор колдонулат. Албетте, анын баары бизге иштеп кетет деген нерсе жок. Өзүбүздүн маданият, экономика, түшүнүк жана көз карашыбызга жараша адаптация кылып алуубуз керек болот.
Forwarded from 🇰🇬 student blog
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Түркиянын 84 млн. калкы бар. Окуу системасы 12 жыл. Биздин ЖРТ сыяктуу YKS деген бүтүрүүчүлөргө сынагы бар. Бизде 40 000 - 50 000 окуучу катышса, аларда 2 400 000 - 2 500 000 окуучу катышат. Суроолору боюнча дагы биздин ЖРТдан кыйла оор. YKS 2020 жыйынтыгы боюнча ушу бала Түркия биринчиси болуптур. Айтышы боюнча, өлкө биринчиси болгондогу кубанычты ата-эне, үй бүлө менен жашоо бап башка бир сезим, убакыт. Бул сезимге оңой-оңой эч кимди жетет деп ойлобойм.
Атасы сүйлөгөндө көзүнө жаш тегеренгенин мен сый-урматтуу, адептүү бала деп чечмеледим. + Келечекте өлкөмө кызмат кыла турган чыгаан уулу болом деген таза тилегине дагы муз ээрийт.

P.S. кадрлар кызыкча болушу мүмкүн, бул журналисттердин өнөрү. Баа берели)
Кызыгуусу, аракети жана чын дилден каалоосу болгон адамды эч бир тоскоолдук токтото албайт.

Эгерде бир же бир канча тоскоолдуктардын айынан багынып калгандар болсо, анда ал да өзүнүн чечими. Бирок ошондой тоскоолдуктарга карабай баарын жеңип өтүп жүргөн адамдар бар экенин унутпоо керек.
Убакыт - учкан куш.

bilimot.kg сайтына ЖРТ математика боюнча мыкты материалдарды күн-түн дебей даярдап жатабыз! Буюрса жакынкы 2 айда чыгып баштайт.

Азыр да сайтыбызда эң мыкты химия жана математика сабактары бар. Математика боюнча жаңы материалдар чыкканда, мурда алгандарга скидка болот, ошондуктан аны күтпөй даярдыкты баштай берүүнү, же азыркы даярдыгыңызды дагы да күчөтүүнү сунуштайбыз. Урушта туруш жок)

Ордуңда туруу деген нерсе жок, же алдыга кетесиң, өнүгөсүң, же артка кетесиң. Билимот өнүгүп, күн сайын биздин 5 адамдан турган топ көшөгөнүн артында активдүү иштеп жатат. Биз да билебиз, биздин көпчүлүк окуучулар да тынбай аракет кылып жатканын. Бийикти бирге багындырабыз!
Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу.

10 же 10-класста Акбар Кубанычбеков ( "Алыкул Осмонов" атындагы сыйлыкты жеңген эң жаш акын болсо кк ) деген агайбыздын айтканы эсимде. Жаш кезде кыргызча адабияттарды окуп алыш кк экен, кийин дүйнөлүк классиканы окуганда, кыргыз адабиятынан Айтматовдон башкасы анча жарабай калат.

Чынында эле Толстойду окугандан кийин кайра кыргызчаларды окусам, кыйла эле башкача сезилген. Албетте, бул деген окубаш кк дегенди түшүндүрбөйт, бирок башка адабияттардын да даамын татып көргөн жакшы.

Баса, Айтматов өзүнүн негизги чыгармаларынын дээрлик баарын орус тилинде жазганын билет белеңиз. Менин билишимче, ал алгач кыргыз тилинде жазып баштаган. Анын талантын байкаган адамдар, орус тилинде жазса анын чыгармалары бүткүл союзга оңой тарайт деп сунуштаган.

Лондондогу Айтматов Академиясы Kyrgyz Global уюму менен биргеликте залкар жазуучунун туулган күнүнө карата 3 күндүк «Айтматов дүйнөсүнө саякат» аттуу онлайн вебинарларын өткөрүп жатат. Вебинарлар Zoom платформасында өтөт.

Орундар чектелүү экен, катталуу үчүн шилтеме:
https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSeGH1GUz0pXckJRPudLSWlMJwgGpg8GiJAJeeS1IieOOPgZZQ/viewform

Вебинар боюнча толук маалымат: @kyrgyz_global (instagram)
Bishkek, December 22, 2019 22:41 (Былтыры Кореядан келген күнү тарткан экем)
Максатына жетүү үчүн жылуу төшөктөн бир жерин көтөрүп чыга албаган адам - адам эмес, бакма мал.

Кайсы көз караштан алба ушундай тыянак келип чыгат.

Диний жактан алганда да, эң жөнөкөй, Кудайга кулдук, динге кызмат кылуу керек. Ал үчүн ар күнү 5 жолу намаз окуу, үй-бүлөңө, коомуңа жана мусулман, каапыр дебей баарына жардам берүү керек. А буларды аткаруу үчүн кыймылдаш керек, мээнет кылыш керек, бир жерди көтөрүп туруш керек.

Менин оюмча жалкоолук чоң күнөөлөрдүн катарына кирет. Анткени сага берилген мүмкүнчүлүктөрдүн акысын кудай таала аркы дүйнөдө сураса жообубуз: "Анан биздин президенттер жаман эле да, анан бизде коррупция эле да, анан бизди Садыр "адам" кылат деп күттүк эле да, анан мен үйдө эле эч кимге зыяным тийбей, мамлекеттен жардам күтүп жаттым эле да, анан... анан... "
Биз өлкөбүздүн маданий, саясий тарыхын, флора жана фаунасын тереңдеп изилдешибиз кк.

Борбордук Азияда ушул сыяктуу жаныбарлар жашаган экен. Алгачкы жирафтар 15 млн жыл мурда биздин чөлкөмдөн чыгып, дүйнөгө тараган.

Ал эми кериктин (носорог) сөөктөрүн палеонтологдор Кыргызстандын территориясынан оңой эле таба алышат экен. Негизи бул жаныбар убагында дүйнөнүн көп бурчуна тараптыр.

Бул жб маалыматтарды алгач подкасттан угуп анча ишенбедим. Бирок бир аз гуглдап отуруп ынандым.

Подкастка шилтеме:
https://voyagepod.castos.com/episodes/voyage-to-the-crossroads

Ош, Өзгөн жана Баласагындын (азыркы Токмок тарап) чынында эски шаарлар экенин дагы башка булактардан да көрүп калдым.
Билимоттун жаңы студиясы даярдалып атат
Адам кандай гана татаал абалда калбасын, ал өзүнүн бийик адамдык наамын, адамдык мартабасын түшүрбөөгө милдеттүү. (Ч. Айтматов)
Анкетаны башынан жөнөтөм кайра
Президенттикке талапкер болгон 18 кандидаттын тизмеси төмөнкү эки анкетада көрсөтүлгөн. Сиз шайлай турган кандидат бир тизмеде болуп, кийинки тизменин да жыйынтыгын көрүүнү кааласаңыз жөн гана "ЖЫЙЫНТЫКТЫ КӨРҮҮ" 👀 👀 деген вариантты тандап шайлаңыз.

Эскертүү: Бул анкетада бирден көп кандидатты тандап шайлоого болот. Туура эмес шайлап алсаңыз "добушту тарт" деген да мүмкүнчүлүк бар (анкетаны басканда чыгат).
Жогорку анкета боюнча комментарийлерди жазгыңыз келсе, же окугуңуз келсе, Баямандын "Билим Деңизи" каналына баш багыңыз:

https://t.me/bilimdenizi
Талапкерлердин тизмеси жана алардын 2020-ж. мамлекетке төлөгөн салыктары. (Булак economist.kg) Бабур Тольбаевдин компаниялары бул жылы 238 млн сомдон ашуун салык төлөптүр. (Баса Мөл Булак Исламдык кредиттик компания)