Жапаровго каршы эмесмин, бирок менин оюмча андан татыктуу болгон кандидаттар турат.

Президенттик бул оюнчук эмес “болуп көрсүн, жарабаса башкасын коёбуз” деп. Ал арада экономика артка кетип, медицина, билим берүү ж.б. тармактар артка кете берет.
Баса, ютюбга жаңы видеолорду даярдап атабыз, кышкы суукта жаңы студиябыз бүтпөй пландагыдай эмес, азырынча((
Ал арада башка өлкөлөр:
Forwarded from armansu
​​В Индии есть единый шлюз для цифровых внутри/межбанковских транзакций, который называется UPI (Unified Payments Interface). Это государственный API, разработанный по заказу НацБанка Индии. Они поддерживают переводы между 207 банками. Все финтех-приложения Индии (PayTM, Google Pay, PhonePe, Jio Pay, MobiKwik, WhatsApp Pay, Amazon Pay, etc.) для P2P переводов используют UPI.

За один месяц в декабре 2020г UPI зафиксировал 2.23 млрд транзакций общим объемом $57.8 млрд. Годовой объем цифровых транзакций приближается к 20% от ВВП, равный $2.719 трлн. В Китае это примерно 35%. Однако, темпы роста цифровых транзакций в Индии превысили их темпы роста в Китае.

Индия в следующем десятилетии будет подобна Китаю в 2010-2020гг!
#шайлоо2021

Номер 1 бүгүн да дебатка келбеди. Бул күндү мен канча күттүм эле. Дебат убакытты текке кетирүү эмес, ошол эле АКШда дебатка келбей койгон талапкерди утулду деп эсептеп койсо болот дешет.

Аа, мен эмнени айтып атам. Биз президент эмес хан шайлап жатабыз да, хандарга боло берет да😅

PS. КТРКнын алып баруучулары да Садыр Жапаровдун буйругун аткарып, СЖга плюс алып келе турчу суроолорду берди.
Forwarded from 🇰🇬 student blog
Түбөлүк Аванын эл менен жолугушууларында берилген суроолор сахналаштырылган.

Бүгүнкү теле-дебаттагы суроолор атайын даярдалган. Мурдагы алып баруучулар макул болбой, башка бети калыңдар бүгүн алып барышты.


Оюнду эрежеси менен ойнош керек.


Эмнеге Садыр авага добушумду берем деген суроого комментте жооп береличи. Антпесе, акылым албай жатат
Бул күндөрү саясат жөнүндө көбүрөөк жазам. Анткени, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН келечеги мага керек. Келечекте башка өлкөдө эмес, ушул мамлекетте жашагым келет.

Бүгүнкү дебатта дагы К*ТРК = СТРК экенин далилдеп жатат. Суроолору ушак суроолор, Сегизбаев сүрөт көрсөтсө, камера жалпы планды алып, алысты көрсөтүп туруп алды, мурдакы эки алып баруучуну жаңы, балким саткын, журналисттерге алмаштырды.

- Эмне үчүн бул адамдар бийликке келе элек эле ХАНДЫК кылып жатат?

- Качанга чейин мигрант өлкө болуп жүрөбүз?

- Эмне үчүн мигрант болуп жүрөбүз? Бул кандидат эң жакшысыбы?

- Экономист, өз билими менен алдыга чыккан, Бакиев, Акаевдерге аралашпаган талапкерлерди эмне үчүн колдобой жатабыз?

- Бизге адамдардын кылган иши эмес, айткан сөздөрү маанилүүбү?
Менде эки эле суроо:
1. Абакиров, Тольбаев, Сооронкулова, Касеновдордун РЕЗЮМЕСИН окудуңузбу?
2. Жапаровдун РЕЗЮМЕСИН окудуңузбу?

Жапаров жаман эмес, бирок андан жакшыраак кандидаттар күйүп кетип жатат.
Forwarded from 🇰🇬 student blog
Өзүм бул видеону толук көрүп чыга элекмин, азыр баштадым.
Ютюбга видеолорду ЖРТ боюнча ушундай форматта чыгарайын деп жатабыз. Сиздерди кызыктырган суроолорду күтөбүз. 5-10 минуталык кылып, ар кандай суроолорго жооп берген видеолор чыгат. Суроолор болсо, “Билимот” ютюб каналыбыздагы сиз каалаган видеонун астына жазсаңыз болот, окуп чыгабыз.
Азырынча ушундай кетип атат (өзүм көргөн маалыматтарды топтогондо)
комментарийлер кошулду
Шайлоо & референдум 10-янв. 2021

Бул шайлоо буга чейинкилердин арасынан эң тазасы болду окшойт. Эл өз башкаруучусун жана башкаруу формасын тандады. Күтүлгөндөй эле фаворит кандидат жеңип чыкты. Куттуктайбыз жана алдыда жалаң ийгиликтерди каалайбыз!

Эң башкысы КРнын ИДПсы (ВВП) жылына жок дегенде 7-10% өсүп, адам укуктары жана сөз эркиндиги сакталган өлкө болушун тилейбиз.

Жеңбей калган, бирок күчтүү экономист, финансист, юрист кандидаттарды куугунтуктабай, чогу иштешет деген үмүттөбүз.

Биз, ар бир жаран, президентти же өкмөттү күтпөй, өзүбүздүн окуучу же студент болсок окуубузду, ишкер болсок жумуштарыбызды так аткаралы, эң негизгиси ушул.

Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот.
Өзүн-өзү сыноо: ЦООМОнун 2020-ж китебинин ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ бөлүмүн азыр эле 60 мүнөткө коюп иштеп көрдүм. 30дан 30 туура кылдым деп ойлойм, текшерип көрөйүн, азыр жообун жазам.
Башында адашып 25 деп алыпмын, 24 экен. МЕНИКИ 27 ТУУРА БОЛДУ. Каталар үстүндө иштеп суроонун авторунан/авторлорунан 2 ката таптым жана 1 катаны өзүм варианттын тамгаларын адашып жазып алыпмын, чыныгы тестте антип адашпашыма 90% ишенем, андыктан аны да туура деп эсептейм. Калган 3 катанын бирөөсүн чындап адаштым, экөөсүн убакыт болгондо туура иштемекмин, шашып белгиледим.