Кыргыз тилинин төл сөзү катары эсептелген вариантты белгиле.

*кайсы сөз башка тилдерден кирген эмес, “таза кыргызча”?
Anonymous Quiz
6%
Адам
8%
Коом
5%
Милдет
3%
Пайда
13%
Ар (бир), ар (түрдүү)
12%
Чарба
6%
Жардам
16%
Камкор
13%
Эч бири
18%
Жөн гана жоопту көрүү
Азырынча кайсы ЖОЖ кайсы сызык менен берилгенин ойлонуп турсаңар болот))

Эмки жума ичи гранттык негиздин дагы статистикасын аяктап, контрактык жана гранттык негиз боюнча кабыл алынган абитуриеттердин упайлары боюнча ЖОЖдор рейтингин видео кылып чыгарам.

Кызыгы, ТОП 3 төгү ЖОЖдун үчөө тең салыштырмалуу деңгээлде жаңы ачылгандар экен.

Контракттык ЖРТ упайлар боюнча чоң секирик жасаган окуу жайлар аз экен. Башкача айтканда, астыңкы тараптан суурулуп ТОПко чыккандар көрүнбөй жатат.
Программа боюнча эч кандай маалыматым жок, болгону шилтемени бөлүшүп жатам.

https://www.instagram.com/p/CuGvYBuMsFX/?igshid=Y2I2MzMwZWM3ZA==
Бул маселе боюнча подкаст кылып чыгарат окшойм, толук оюмду. Бир мугалимдин 2000-3000 жылдык айлыгына тете суммадагы акчаларды булар асманга чачып, акаси-укасига берип жүрөт. Буга көз жумуп унчукпай коюу кыйын. Көптөн бери араң кармап келатам.

Башка иш кылам деп отургам, бирок жүрөктү эзген ишти кылып бүттүм. Бирөөлөр жогорку конспектти аалымдарыбызга каршылык издеш үчүн жазып чыкты деп эсептеши мүмкүн. Мен болгону чындык элге жетиши керек деп эсептейм, калптын казаны кайнабайт. Мындай тайкы жол менен, жаап жашыруу менен Кыргызстанда адилеттүү Ислам эмес, паракор, критикалык ой жүгүртүүсү төмөн, ээрчиме коом түзүлөрү аныктай. Менин оюмча Кыргызстандагы азыркы диний багыт, динди бат жайылтып, бат кайра суута турган абалга алып баратат. Азыркы багыт адамдарга адилеттүүлүктү эмес, унчукпай/ойлонбой баш ийүүнү, көздү жумуп айтканына ишенүүнү пропагандалап жатат.

(1) «О те, которые уверовали! Бойтесь Аллаха и будьте с правдивыми» (Покаяние, 119).

То есть, с правдивыми в своих словах и делах. С теми, чьи слова и дела правдивы. С теми, кто стремится к искренности и чистоте.

(2) Посланник Аллаха (ﷺ), описывая верующего человека, сказал: «Верующий (мумин) ищет дружбы и согласия с другими и принимает дружбу сам. И нет блага в том, кто не может сдружиться с другими и с кем невозможно сдружиться, а лучшие из людей – те, которые наиболее полезны людям» (ад-Даракутни, ат-Табарани).

Жогорку хадис мени эң жаман адамдар - адамдарга жамандык алып келгендер окшойт деген тыянак чыгарууга түрттү.

Аргументке эмес, менин жекелигиме сөз айтчуларга жооп берип коёюн. Мен Максат ажыдан пайдалуу болуп жатам деген жокмун, ал жалаң гана зыян алып келип жатат деген жокмун, мен башка коррупционерлерди жамандаган материалдарды карабай, дин кызматкерлеринин эле коррупцияларын карап туруп алган жокмун. Кадимки саясатчылардан ансыз деле аппактыкты күтпөйм, алар да Кудай атын колдонуп өзүн аппактыкка жанаштыра беришпейт көп. Бирок Кудай сөзүн сүйлөп, элге диний насаат айткан адамдар жок дегенде миллиондогон долларлык мүчүлүштүктөрдөн алыс болуусу керек деп эсептейм, миллион сом болсо бир жөн эле...

Оюуңуз болсо жазыңыз 👇👇👇. Мен уктадым, эртең жумуш.

*Бирөөлөр ойлогондой ажыкелерибиздин кемчиликтерин отуруп алып издеген жокмун. Бир канча жылдар мурдатан бери билген маалыматтарды, ичиме батпай бөлүшүп жатам. Бардык молдолор жаман деп да айткан жерим жок.
Жакында сентябрь

Өткөн жылдын жайы быйылкыдан 1.5-2 эсе продуктивдүү өткөндөй сезилип жатат. Анда жумушта 8 сааттан кийин калып дагы 3-4 саат кошумча иштемей, Билимот кылмай, дагы бир нерсенин үстүнөн досум менен иштемейлер болду эле.
Албетте, чынында кандай экенин бир кудай билет.

Бирок сиздин оюңузча, сизге жеткен маалыматтардан жыйынтык чыгарганда, Раим Матраимовдун (Раим миллион) акчалары адал деп ойлойсузбу?
Anonymous Poll
46%
Адал деп эсептебейм
15%
Көпчүлүк бөлүгүн адал деп эсептебейм
27%
50/50
11%
Адал деп эсептейм
Бирибиз Орусия, Түркия, башкабыз Корея, Англиялап оор-жеңил жумуштарда мигрантпыз.

Адал акча, адал жашоо курганы жан үрөп жүрөбүз көпчүлүгүбүз. Анан жанды кашайтып, эски муфтий миллиондогон сомдорду эмес, МИЛЛИОНДОГОН ДОЛЛАРЛАРДЫ өзүнүн жана досторунун компанияларына ажылыктын акчасынан берип коюп жүрсө, муфтият конкуренцияны бузуп, тең салмактуулукту ыдыраткан коррупционердин акчасына имаратын салып, коррупциянын атасын кадырлап сыйлап отурса, күйбөгөн жериң күл болот экен.

Бу муфтияттагы кээ бир адамдарга чочко эти арам, уурдап жеген (коррупция) адал окшойт. Кыска кийген арам, уурдап кийген адал окшойт.

Муфтияттагы кээ бир адамдар (баары деп айтпай элемин!) таза динди жайылтуу эмес, чөнтөгүнүн жана кооз имараттарды көбөйтүүнүн гамын көрүп жүргөндөй.

“Өзүң эмне кылып койдуң?” деп сурасаңар, жообум бар.

Бирок менин жообум кандай болбосун, ал муфтияттагы коррупция менен байланышы жок. Менин кемчилдигим, Максат ажынын миллиондоруна же муфтияттын имаратына тикелей себепчи эмес.
Ар жолу дин “аалымдарыбызга” критика жазганымда каналда катталуучулардын саны азаят, комментарийде же личкага жазгандар болот. Туура, каналда көбүрөөк катталуучу болгону мага жакшы мотивация, бирок коомдо адилеттүүлүк болгону андан да маанилүү.

Билимот проектинин башталышынын себеби да, ансыз деле, коомдогу теңсиздикти жоюу аракети болгон. Билимот онлайн курстарын ачканыбызда толук кандуу иштеген бир да онлайн ЖРТ платформасы жок болчу (2017-2018). Бирөөлөр ачылып жабылып бүткөн, кийинкилери пайда болуп кайра жоголуп, эми эле акыркы 2 жылда бир аз туруктуулар пайда боло баштады.

Айылдарда анда ЖРТ мугалимдери жана курстары аз, онлайн дегенди түшүнгөндөр чанда болчу. Бирок регионго ЖРТ материалын салыштырмалуу түрдө арзаныраак баада жана сапаттуураак кылып жеткирүнүн үстүнөн иштеп келүүдөбүз.

Кудайга шүгүр, Билимот мүчөлөрүнүн баарынын өз жумуштары бар. Бирибиз Кумтор, экинчибиз программист, өзүм химик жана башкабыз менежер/финансист. Мурдакы мүчөлөрүбүз Сеул, Москва, Лондон шаарларында программист. Билимот биз үчүн биринчи кезекте материалдык эмес, идеологиялык проект.

Муфтияттагы кемчиликти айтып жатсам, динди же дин кызматкерлерин жаман көрсөтүү эмес, коомдогу адилетсиздүүлүктү көрсөтүү, жоюу үчүн болгон аракет деп эсептейм.
Бир ручка бир айга жетпей жатат.

Жумушта акыркы айлар продуктивдүү болбой жаткандай сезилгени менен, конспектимди карап жаман эмес окшойт деп калам. Бүгүн жазып атып, жазбай койсо боло турчудай жерлерин да жаза бердим. Кийин китептен издегенден көрө дептерден табуу оңойдой. Анын үстүнө жазып жатып жакшыраак эсте калат экени көпчүлүккө маалым болсо керек.

Анткен менен, керектүүнүн баарын жазам десең кайра эле 500 беттик конспект болуп кетет. Универ убагына салыштырганда азыр азыраак жазам, азыраак окуйм (жумушубузда окуу керек болгон нерселер көп), бирок ручка бат түгөп жаткандай. Ичинде сыясы көп, учундагы шариги иштен тез чыгат. Ручканын сапаты жаман эмес, анын үстүнө акчама сатып албайм, компанияныкы.

Жукпай калып турганы жакшы экен, иштеп атыптырмын деп сүйүнүп калганы.
Audio
Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.

Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.

Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.

Эгемендүүлүк майрамыңыздар кут болсун!