Кесип тандоо боюнча кеңеш берүү эң кыйын деп ойлойм. Кээ бир адамдар оңой эле туруп: "Бул жакшы, тиги жаман," - деп кеңеш берип коюшат. Алардын бул темада көп нерсе билбейт экенине көзүм жетет, өздөрүнүн тармагын эптей албай жатып башкаларга "баарын билген" адамдай жол көрсөтүп коюшат.

Менден да кесип жана ЖОЖ тандоо боюнча сурагандар болуп атат. Бул темада мен өзүмдүн уккан билгендеримди жана жеке тажрыйбамды шашпай бөлүк-бөлүк кылып жазып, ушул телеграм каналда бөлүшөйүн деген оюм бар. Бирок алардын баары болгону гана менин оюм болот. Жакшы ниетте, билгендерим менен гана бөлүшкөнү аракет кылам.

Албетте мен билбеген нерсе да толтура, ошондуктан азыр ойлогон оюма, карманган позицияма кийинчерээк өзүм эле каршы чыгышым мүмкүн. Анткени, балким кийин дагы да "жакшыраак", ынамнымдуураак нерсе угуп калсам, оюмду ошого өзгөртүшүм мүмкүн.

"Бул жакшы, тиги жаман", "мунун келечеги бар, тигиники жок", "бул болот, тиги болбойт" деген сөздөрдү далили жок айтып жаткандардан же коркпой өзүнө ишенип айтып аткандардан качуу керек деп ойлойм. Бул негизи бүтпөй турчу философиялык тема болсо керек...
Кыскасы, эч бир ой туура эмес. Болгону кээ бир ойлордун артында көп жылдык тажрыйба жана изилдөө жатса, башкаларынын артында кыска мөөнөттүү популизм же "караңгизм" жатат.

Анан албетте, орточо ойлор да бар. Дүйнө ак-кара, жакшы-жаман деп бөлүнбөйт. Дүйнөдө башка түстөр да бар, бир эле адам жакшы да, жаман да болушу мүмкүн.
Бул сүрөттү кайра бөлүшүп коюу кк го))

Толук маалымат мен да билбейм, тааныш байкебиз бөлүштү эле.

Кызыксаңар “азирети гугл” жардамга. Ошол универлердин сайттарын интернеттен таап, “admissions” деген бөлүмүнө кирип керектүү маалыматтарды карап көрсөңөр болот.

Алма бышып, оозубузга түшүп калышы кыйын)) Аракет кылган табат.
KAIST, UNIST, SUNY KOREA - булар Кореядагы мен билген 100% бекер окуткан жана англис тилинде окуткан универлер. Эң башкысы Кореянын алдынкы универлери болуп саналат.

Андан башка Ала-Тоо, АУЦАда окуган студенттер да студенттик алмашуу программалары аркылуу кээ бир бизнес тармагын англисче окуткан ЖОЖдорго келип калышат. ОШМУнун да корей ЖОЖдору менен ар кандай алмашуу программалары бар деп уккам.

KAIST’те окуган досубуз Дооронбек Маметов менен болгон интервьюну бул жактан көрө аласыңар: Түштүк Корея. Интервью со студентом KAIST.

Жогорку университеттерге кантип тапшыруу керек, документтерди качан жана кантип жонотот, анын баарын өздөрүнүн сайттарынан табууга болот. Аны учун англис тилин же корей тилин билуу керек. Эч ким сага келип баарын детально тушундуруп бербейт.

Баарын даярдап берчу агентсволор бар албетте, бирок алардын кызматтары акылуу болот.
Жакын арада ютюбга видеолорду тартайын деп атам, кайсы темаларда видеолор чыгуусун каалайт элеңер? Силерди эмне кызыктырат?

Сунуштар болсо @ozbekov жазсанар болот.
Акыркы күндөрдөн тыянактар.

Дээрлик 20 күндөн бери күндөрүм эффективдүү өтпөй жатат. Аа, анын бир жумасы эс алууга кете турган. Ошондо 10 күндөн ашуун убактым "пайдасыз" өттү.

Ойлоп көрсөм пайдасыз деле эмес, болгону пландагыдай эмес өтүптүр.

Ошол 10-15 күн аралыгында үч нерсе кылыпмын.

1) Баткенде шыйпыр чыгарган фирманын иштерин оптимизациялоо боюнча аракет кылып көрдүм. Аларга шыйпырлардын түрлөрүн, өзгөчө металлочерепицаны үнөмдүү кесүү жолун көрсөтчү компьютердик программа керек экен. Даяр программаларды таап, орноштуруп бергени аракет кылдым. Бирок даяр программалар алардын талаптарына жооп бербеди. Биз нөлдөн куруп берели десем, баасы боюнча аларга кымбат түшүп калат экен. Дагы башка варианттарды караштырып көрүүгө бул ишти азырынча кийинкиге калтырдык.

Буюрса дагы башка мебель чыгарган жана бир канча өндүрүштүк ишканаларга ар кандай программаларды таап берүү же жасап берүү планда бар.

2) Андан башка Баткендеги бир такси фирманын ээси менен да иштешип жатам. Аны менен биргеликте башка бир X шаарына такси фирма ачайлы деп пландап жатабыз. Азыр канча инвестиция керек, ал жактын маркети кандай экенин ошол шаарда жашаган досум жана ал байкенин тааныштарынан сураштырып тактап атабыз. Анын үстүнө карантин болуп, таксилерге да иш азайып кетпейби деген кооптонуу бар.

3) Дагы бир жумушка интервьюга барып келдим. Америкада иштеп келген бир байке диспетчерлик кызмат ачып атыптыр. Жумушка англис тилин билген жана компьютерди бир аз түшүнгөн адамдар керек экен. Барып жумуш кандай болоору ж.б. менен таанышып келдик. Жумуштун детальдарын айтпай эле коёюн. Кыскасы, Баткенде туруп эле АКШдагы жумуштарды интернеттен аткарасың. Айлык маянасы Баткен үчүн жакшы, Бишкектеги жакшы IT компаниялардын баштапкы айлыктары менен барабар. Бул иш да жакшы эле сезилип жатат, азырынча толук келишим түзүлө элек.

Жогорку үч нерсе ошол мага "пайдасыз" өткөндөй сезилген 10-15 күн аралыгында болду. Ага карабастан баари бир анча эффективдүү өтпөгөндөй сезилип атат. Анткени планымда бул иштерден сырткары учурда ютюбдан окуп жаткан бир онлайн курсумду бүтүрүү, Билимот 3.0 (үчүнчү стадиясынын планын команда менен чечүү) жана башка 2-3 иштер бар болчу.

Балким акыркы жумаларда кээде күнүнө 10-13 саат уктап атканым үчүн күндөрүм эффективдүү өтпөй жаткандай сезилип жатса керек. Апрель-Май айларында өзгөчө катуу иштеген элем, ошолорду организм азыр чыгарып атат...

Тыянактар:

а. Англис тилин билсең Баткенде туруп деле жумуш табылат экен, карантин ж.б. кырдаалдарга карабай.

б. "Жакшы" программист болсоң Баткенде да жумуштар көп эле экен. Бирок албетте аракет кылып табуу керек жана андай мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сага кабар берген тааныштарың болуш керек. Мага жездем менен бир акам ошол жумуштарды таап берди. Акам тааныштарыга айтыптыр: "Программист укам бар, иштериңер болсо ж.б. кайрылгыла,"- деп. Жездем дагы ар кандай фирмалар менен иштешет. Бирок мага көбүнчө айтат: "Өзүң барып өзүңдү тааныштырып, аларга кандай компьютердик программалар керек экенин сурап такта, өзүң да аларга ар кандай сунуштарды айт," - деп. Бирок азырынча өзүм барып анчалык аракет кыла элекмин. Дагы бир эжем да Баткенде химиялык билимимди колдонуп ар кандай иштерди баштай алаарымды айтып, идеяларды сунуштап, жакшылап изден, аракет кыл деп атат. Негизи жумуш табууда тааныштарыңдын ролу чоң. Мен тааныган жана угуп жүргөн көптөгөн байкелер да Кореяда тааныштарынын сунуштары менен ар кандай компанияларга тапшырышып, иштеп атышат. Албетте, таанышышың сени орноштуруп койгон жок, бирок сага ошол мүмкүнчүлүктөр ж-дө маалымат берет, а сенде керектүү жөндөмдөр бар болсо, жумушка өтөсүң.
в. Кореяда окуп атканым да жакшы плюс болуп атат. Адамдын бир тармакта канчалык күчтүү экенин аныктоо кыйын. Ошондуктан Кореяда окуйт деп айтышса эле, башкалар дароо эле "аа күчтүү окшойт, жакшы билсе керек" дегендей ойдо калып жатышат. Бул сыяктуу учурлар Кореяда да көп болгон. Менин UNIST'те окуйт экенимди билбеген корейлер мага кадимкидей эле мамиле кылып жүрүшчү. Кийин эле UNIST'те окуйт экенимди билгендо "охоо сен акылдуу турбайсыңбы, андай мындай турбайсыңбы" деп мактап, жакшы оку деп колдоп калышат болчу. Ошондуктан кээде престиж да маанилүү. Кыргызстанда да алдынкы ЖОЖдордон бүтсөң жумуш табууда артыкчылык болоору анык эле го дейм. Бирок керектүү билимиң же жөндөмүң болбосо баари бир бир күн ачыкка чыгаары анык.

г. Жогорку тажрыйбаларымдан албетте силер да өзүңөргө ар кандай тыянак чыгарып алаарсыңар.

Азыр окуганы такыр каалоом жок, бирок бир жеримди кысып онлайн окуп аткан курсумду бүтүрөйүн эми...
Бүгүн Университет тандоо боюнча Turat Alybaev ютюб каналында кечки саат 10до түз эфир болот!
Биздин Билимот каналында биз каалаган кесиптер жана ЖОЖдор ж-дө кантип маалымат табуу боюнча видео саат 16:00дө чыгат:
https://youtu.be/vUOqgeb-FBY
Ар бир кесип ардактуу.

Бул видео КРдагы заманбап эчки ферма тууралуу болуптур:
Умная ферма в Кыргызстане. Как это работает?
Жакшы жумушка өтүү үчүн студенттик кезде көп стажировкалардан өтүү керек.

Азамат байке менен 1 жылча бир квартирада чогуу жашаган элек. Ал убакта ал 4-курс мен 1-курс болчум. Өзүнүн тармагында мыкты окуп, студент кезинде көп эле тажрыйба топтогон.

Мен тааныган көпчүлүк адамдардан Азамат байкенин айырмасы - ал керектүү маалда “жок” дегенди билет. Көпчүлүк учурда бизден бирөө бир ишти аткарып берүүбүздү суранса, анчалык каалообуз жок болсо да, анын көңүлү үчүн макул деп, айласыздан кылып беребиз. Кээде “жок” дегенди да үйрөнө билүү керек. Антпесе өзүбүздүн убактыбыз, маанайыбыз кетиши мүмкүн жана көңүлсүздөн бирөөгө берген жардамыбыз да жемиштүү болбой калуусу толук ыктымал.

Негизи UNIST’те (мен окуган универ) өз кесиби боюнча студенттик кезде ар кандай стажировкалардан өткөнлөр көп. Азамат байке менин билишимче студенттик кезинде бир лабораторияда бир темада көпкө иштеди. А мен болсо 3-курска чейин 2 лабораторияда иштеп көрдүм. Экинчиме кайра барып улантам буюрса.

Стажировка демекчи, Бишкектеги көпчүлүк досторум, ЖРТдан жогорку балл алып жакшы универде окуп жаткандар деле, азыр окууну аяктап жатышса да стажировка көп кылышкан эмес. Бул абдан өкүнүчтүү. Анткени студенттик кездеги бааларың эле эмес сенин топтогон тажрыйбаң компанияга жумушка өтүүгө чоң жардам берет. Муну биздин көптөгөн универди бүтүргөн ага-эжелерибизден, профессорлордон жана интернет айдыңынан угуп, көрүп жүрөм.

Эгерде азыр студент болсоңор же келечекте студент боло тургандар буга абдан маани берүү керек. Стажировкада акча төлөбөсө да, каникулдарда үйгө кетпей же башка тармакта иштебей, өзүң окуп жаткан тармакта стажировка кылганы аракет кылуу зарыл.

Баса, Азамат байкеге Самсунгга өттүң деп почта келгенде үйдө экөөбүз отурат элек. Эшиктин коңгуроо үнү угулса, христиан миссионерлер (христиан дааватчылар) келди го деп ойлогонбуз. Көрсө ага бир чоң букет гүл жана Самсунгга жумушка өттүң деген куттуктоо келиптир. Негизи Кореяда христиандык даават өтө өнүккөн. Көчөлөрдө, автобуста, эшигиңдин оозуна да келишет даават айтып. Корей тилин билбейбиз десек, планшеттеринен англисче же орусча өздөрүнүн динин түшүндүргөн роликтерди көрсөтүшөт. Бир жолу бир досубузга христиан дааватчы өз планшетинен кыргызча да коюп бериптир, укканда оозубуз ачылып эле калган😅

https://youtu.be/Ckvc7pQxb6Y
Өткөнүн билбеген эл - келечегинен үмүтсүз эл.

Көчкөн Сактановдун “Маркумдар үнү” чыгармасынын кагаз китебин таппай жүрдүм эле. Жакында бир досум бул чыгарманын аудио версиясын сунуштады. Чынында Эрнис Кыязов мыкты деңгээлде окуп даярдап бериптир.

Китеп жалпы 6 бөлүмдөн турат экен. Азыр 2-бөлүмүнүн ортосуна келип калдым. Бул чыгарма жагып атат. Бирок, дүйнөлүк классикалардан башкачараак экени, аларга бир аз жетпегени байкалып тургансыйт.

Албетте, эми эле өнүгүп келе жаткан кыргыз адабиятынан “Анна Каренина” же “Граф Монте Кристону” күтө албайсың. Бирок биздин тарых, биздин маданият болгондуктан, кыргыз адабияты баари бир жанга жакын жана өзгөчө сезилет экен.

Ойлоп койдум, алгач “Сынган Кылыч”, “Кел-кел”, “Каныбек”, “Ормон Хан” жана “Маркумдар үнүн” катары менен окусак Кыргызстандын 19-20-кылымдардагы жашоосу жана тарыхы боюнча жакшы эле түшүнүк алып калат окшойбуз. Анан албетте, көркөм адабий чыгарма менен тарых илиминин айырмасын да билип жүргөн оң.

Жогорку беш чыгарманын бирөөсүн окуй элек экем. Булардан башка дагы кыргыздын кандай тарыхый көркөм чыгармаларын билесиңер? Сунуштарды күтөм)

Ютюбдагы “Маркумдар үнү” аудио китебин бул шилтемени басып угууга болот.

Ps. “Көчмөндөр кагылышы”, “узак жол” жана үркүндө Кытайга барып келген бир кыздын жашоосун ж-дө дагы бир китеп бар эле.
Азис Абакиров жана алар негиздеген “Жогорку Технологиялар Паркы” жана IT Академиялары тууралуу бул шилтемеден окуй аласыз.

Кыскасын айтканда, Азис Абакиров КРнын IT тармагында таанымал жана ийгиликтүү специалист.

Жаңы ачылып жаткан IT лицейлеринин инстаграм баракчасы: @it_licey_kg
Ps. Бул IT лицейлери быйыл КРнын бардык облустарында ачылып жатат.
Акыркы бир жумам кайра Кореядагы абалына келе баштады))

Мурда айтып өткөн программалоо боюнча онлайн сабактарды окуп атам, үйдөгү жумуштарды кылганча, кечинде чуркап да атам (өткөн жума жалпы 36.5 км чуркапмын). Китеп окуу (угуу), подкаст угуу да жакшы уланып жатат.

Билимот боюнча да кайра активдүү иштеп баштадык. Жакынкы жылдар үчүн пландарды тактап, платформаны дагы да көбүрөөк функцияларды кошуп жаңылаганы атабыз. Баса, жаңы "күчтүү" мугалимдерди да активдүү издөөдөбүз.

Андан сырткары Баткен шаарында IT клуб ачуу аракетиндебиз. Азыр көпчүлүгүбүз COVID-19 га байланыштуу өз айылдарыбыз жана шаарларыбызда " калып кеттик"😅. Ошого Баткен шаарында убактылуу IT клуб болсо сонун болмок деген ой.

Силер да өз аймагыңарда англис тили, китеп окуу же дагы башка клубдарды ачсаңар жакшы идея болчудай.

Түркчө "durmak yok, yikmak var" дегендей 😅, "турмак жок, жылмай бар" кылалы. Ар бир күнүңөр продуктивдүү өтсүн!