Бүгүн Университет тандоо боюнча Turat Alybaev ютюб каналында кечки саат 10до түз эфир болот!
Биздин Билимот каналында биз каалаган кесиптер жана ЖОЖдор ж-дө кантип маалымат табуу боюнча видео саат 16:00дө чыгат:
https://youtu.be/vUOqgeb-FBY
Ар бир кесип ардактуу.

Бул видео КРдагы заманбап эчки ферма тууралуу болуптур:
Умная ферма в Кыргызстане. Как это работает?
Жакшы жумушка өтүү үчүн студенттик кезде көп стажировкалардан өтүү керек.

Азамат байке менен 1 жылча бир квартирада чогуу жашаган элек. Ал убакта ал 4-курс мен 1-курс болчум. Өзүнүн тармагында мыкты окуп, студент кезинде көп эле тажрыйба топтогон.

Мен тааныган көпчүлүк адамдардан Азамат байкенин айырмасы - ал керектүү маалда “жок” дегенди билет. Көпчүлүк учурда бизден бирөө бир ишти аткарып берүүбүздү суранса, анчалык каалообуз жок болсо да, анын көңүлү үчүн макул деп, айласыздан кылып беребиз. Кээде “жок” дегенди да үйрөнө билүү керек. Антпесе өзүбүздүн убактыбыз, маанайыбыз кетиши мүмкүн жана көңүлсүздөн бирөөгө берген жардамыбыз да жемиштүү болбой калуусу толук ыктымал.

Негизи UNIST’те (мен окуган универ) өз кесиби боюнча студенттик кезде ар кандай стажировкалардан өткөнлөр көп. Азамат байке менин билишимче студенттик кезинде бир лабораторияда бир темада көпкө иштеди. А мен болсо 3-курска чейин 2 лабораторияда иштеп көрдүм. Экинчиме кайра барып улантам буюрса.

Стажировка демекчи, Бишкектеги көпчүлүк досторум, ЖРТдан жогорку балл алып жакшы универде окуп жаткандар деле, азыр окууну аяктап жатышса да стажировка көп кылышкан эмес. Бул абдан өкүнүчтүү. Анткени студенттик кездеги бааларың эле эмес сенин топтогон тажрыйбаң компанияга жумушка өтүүгө чоң жардам берет. Муну биздин көптөгөн универди бүтүргөн ага-эжелерибизден, профессорлордон жана интернет айдыңынан угуп, көрүп жүрөм.

Эгерде азыр студент болсоңор же келечекте студент боло тургандар буга абдан маани берүү керек. Стажировкада акча төлөбөсө да, каникулдарда үйгө кетпей же башка тармакта иштебей, өзүң окуп жаткан тармакта стажировка кылганы аракет кылуу зарыл.

Баса, Азамат байкеге Самсунгга өттүң деп почта келгенде үйдө экөөбүз отурат элек. Эшиктин коңгуроо үнү угулса, христиан миссионерлер (христиан дааватчылар) келди го деп ойлогонбуз. Көрсө ага бир чоң букет гүл жана Самсунгга жумушка өттүң деген куттуктоо келиптир. Негизи Кореяда христиандык даават өтө өнүккөн. Көчөлөрдө, автобуста, эшигиңдин оозуна да келишет даават айтып. Корей тилин билбейбиз десек, планшеттеринен англисче же орусча өздөрүнүн динин түшүндүргөн роликтерди көрсөтүшөт. Бир жолу бир досубузга христиан дааватчы өз планшетинен кыргызча да коюп бериптир, укканда оозубуз ачылып эле калган😅

https://youtu.be/Ckvc7pQxb6Y
Өткөнүн билбеген эл - келечегинен үмүтсүз эл.

Көчкөн Сактановдун “Маркумдар үнү” чыгармасынын кагаз китебин таппай жүрдүм эле. Жакында бир досум бул чыгарманын аудио версиясын сунуштады. Чынында Эрнис Кыязов мыкты деңгээлде окуп даярдап бериптир.

Китеп жалпы 6 бөлүмдөн турат экен. Азыр 2-бөлүмүнүн ортосуна келип калдым. Бул чыгарма жагып атат. Бирок, дүйнөлүк классикалардан башкачараак экени, аларга бир аз жетпегени байкалып тургансыйт.

Албетте, эми эле өнүгүп келе жаткан кыргыз адабиятынан “Анна Каренина” же “Граф Монте Кристону” күтө албайсың. Бирок биздин тарых, биздин маданият болгондуктан, кыргыз адабияты баари бир жанга жакын жана өзгөчө сезилет экен.

Ойлоп койдум, алгач “Сынган Кылыч”, “Кел-кел”, “Каныбек”, “Ормон Хан” жана “Маркумдар үнүн” катары менен окусак Кыргызстандын 19-20-кылымдардагы жашоосу жана тарыхы боюнча жакшы эле түшүнүк алып калат окшойбуз. Анан албетте, көркөм адабий чыгарма менен тарых илиминин айырмасын да билип жүргөн оң.

Жогорку беш чыгарманын бирөөсүн окуй элек экем. Булардан башка дагы кыргыздын кандай тарыхый көркөм чыгармаларын билесиңер? Сунуштарды күтөм)

Ютюбдагы “Маркумдар үнү” аудио китебин бул шилтемени басып угууга болот.

Ps. “Көчмөндөр кагылышы”, “узак жол” жана үркүндө Кытайга барып келген бир кыздын жашоосун ж-дө дагы бир китеп бар эле.
Азис Абакиров жана алар негиздеген “Жогорку Технологиялар Паркы” жана IT Академиялары тууралуу бул шилтемеден окуй аласыз.

Кыскасын айтканда, Азис Абакиров КРнын IT тармагында таанымал жана ийгиликтүү специалист.

Жаңы ачылып жаткан IT лицейлеринин инстаграм баракчасы: @it_licey_kg
Ps. Бул IT лицейлери быйыл КРнын бардык облустарында ачылып жатат.
Акыркы бир жумам кайра Кореядагы абалына келе баштады))

Мурда айтып өткөн программалоо боюнча онлайн сабактарды окуп атам, үйдөгү жумуштарды кылганча, кечинде чуркап да атам (өткөн жума жалпы 36.5 км чуркапмын). Китеп окуу (угуу), подкаст угуу да жакшы уланып жатат.

Билимот боюнча да кайра активдүү иштеп баштадык. Жакынкы жылдар үчүн пландарды тактап, платформаны дагы да көбүрөөк функцияларды кошуп жаңылаганы атабыз. Баса, жаңы "күчтүү" мугалимдерди да активдүү издөөдөбүз.

Андан сырткары Баткен шаарында IT клуб ачуу аракетиндебиз. Азыр көпчүлүгүбүз COVID-19 га байланыштуу өз айылдарыбыз жана шаарларыбызда " калып кеттик"😅. Ошого Баткен шаарында убактылуу IT клуб болсо сонун болмок деген ой.

Силер да өз аймагыңарда англис тили, китеп окуу же дагы башка клубдарды ачсаңар жакшы идея болчудай.

Түркчө "durmak yok, yikmak var" дегендей 😅, "турмак жок, жылмай бар" кылалы. Ар бир күнүңөр продуктивдүү өтсүн!
Жалкоолукту кантип жеңсе болот?

Орус туугандарда жакшы сөз бар: "Зачем тебе мотивация, оставайся в жо*е"😬

10-11-класста эмоцияналдуу мотивациялык видеолор жакшы эле таасир берчү, азыр теппей калган) Балким аларды көп көргөндүктөн же дагы башка себептерден. Учурда жай жана реалдуу сүйлөгөндөрдү угуп коём кээде.

Эмоцияналдуу мотивациялык видеолорго мисал:
1. Мотивация на Успех от Джека Ма!
2. МОТИВАЦИЯ НА УСПЕХ | Жизнь слишком коротка, чтобы не обращать на нее внимания
3. 12 МИНУТ СИЛЬНЕЙШЕЙ МОТИВАЦИИ ДЛЯ ЖИЗНИ И УСПЕХА

Жай сүйлөгөн видеолорго мисал:
1. Как заставить себя сделать что-то?
2. Mark Zuckerberg & Yuval Noah Harari in Conversation
Кыргызстан өнүгүп жатат окшойт...

Билимот проектинде иштеп жатканымдын негизги себептеринин бири - КРнын мектеп программасы эски жана китептеринин тема түшүндүрүүсү, суроолору, дизайны жакпайт болчу.

Жакпайт дегенде, англис тилиндеги китептерден кыйла артта. Күнүнө миңдеген окуучу мектепке эптеп, жылуу төшөктөн туруп барып, анан ушул “сапатсыз” китептерди окуп атканы өкүндүрөт.

Бирок, азыркы жаңы чыгып аткан программа абдан жакты. Математика боюнча эле чыккан окшойт азырынча. Ичиндеги темалары жана суроолору, чыгарылыштары да, баары сонун эле жасалып чыгыптыр. Азырынча 5-6-класстыкын эле таба алдым.

Эми ушундай форматта химия, биология, физика ж.б. предметтерди да чыгарышса мазза эле болмок.
Жогоруда айтылган эки китеп. (2018-ж. басылган)
Уктаардан алдың кызыктуу подкасттарды угуп жүрчүмүн. Кээде кызыктуу болуп кетсе,уйкуң да качып кетет.

Төшөкө жаткандан дароо телефонго алаксыбай уйкуга кетүүгө бул подкаст жакшы жардам берип жатат.

Аталышы: “send me to sleep”
(Apple Podcasts’та та бар, башка android подкаст тиркемелеринде да болсо керек)