Кызыктуу психология - кыргызча.
317 subscribers
36 photos
15 videos
18 links
Download Telegram
Күйөөң менен мамилеңде көйгөйлөр бар:

🔸 Ортоңордо түшүнүү жок, конфликт көп, тынч отуруп баарлашуу дээрлик жокко эсе, сүйлөшсөңөр эле аягы чыр-чатак менен бүтөт;

🔸 Күйөөң сени баалабайт, сыйлабайт, сүйбөйт, тескерисинче кемсинтет, жаман сөздөр менен урушат, сөгөт, ал тургай кол көтөрөт;

🔸Сен күйөөңө оюндагынын баарын айткандан коркосуң, көп нерсе жаап-жашырасын, кээде калп айтасың, иши кылып эле уруш чыкпасын үйдө дейсиң;

🔸 Күйөөң балдарыңарга жетишерлик көңүл бурбайт, жакшы кам көрбөйт;

🔸 Үйдүн дагы, сырттын дагы жумуштарын моюнуна илип алгансың, үй-бүлөдөгү бардык кыймыл үчүн сен гана жоопкерчиликтүүсун, а сени менен күйөөңдүн да, балдарыңдын дагы иштери жок.

🔺Минтип санап кете берсе мамиледеги көйгөйлөр уланып кете берет.

Буларды чечип, жашоомду женилдетейин деп психологго кайрылгың келет, бирок психологдун кызматы кымбат. Анын үстүнө бир эле жолу психологго барып койгондо баары өзгөрүп кетпейт, көп жылдык көйгөй көп убакытта чечилет.

Көйгөйүндү чечүүнүн бир жолун мен сунуштап жатам. 31-июльда баштала турган "Нумерология өзүм үчүн"курсуна каттоо жүрүп жатат.

Нумерология мамилердеги көйгөйдү кантип чече алат?

🏷️ Күйөөң менен шайкештигинди текшересин:
-мүнөзүнөр боюнча
-энергиянар боюнча
-кунумдук жашоо, быт боюнча;

🏷️Силердин түгөйдүн максатын, миссиясын, милдеттеринерди аныктайсын, негизи эле кандай түгөйсүнөр билесиң.

🏷️Эмне үчүн силердин түгөйдө конфликт көп, күйөөң эмнени уккусу келет, сен эмнеге таарынасын, ал эмнеге түшүнбөйт билесиң.

Буларды окуп уйронгондон кийин сага башка психологдун, нумерологдун жардамынын кереги жок болот.
Өз көйгөйлөрүнду өзүң чечкенди үйрөнөсүң.

Курска катталуу үчүн жана ошондой эле 19- июльда болот турган Психотип аныктаганды үйрөтүүчү акысыз мастер класска катышуу үчүн комментарийде "+"белгисин калтырыңыз.

@gulzada_usupova
@gulzada_usupova
Мен күйөөмдү сүйөм, жакшы көрөм, бизде баары жакшы, сонун балдарыбыз бар, жакшы үй- бүлөбүз.
Жолдошум үй - бүлөгө жакшы карайт.

Биздин дос, жоро -жолдоштор, тааныгандар бизге суктанышат десем болот.
Баары жакшы бирок ....
Бир "бирок" бар.....
Жан дүйнөмдүн тереңинде, менин ичимде эч ким билбеген нерсени катып жүрөм. Күйөөмө болгон КЫЖЫРДАНУУ, АЧУУМДУН КЕЛГЕНИ жана ТААРЫНЫЧ!
Мен мындан ары бул сезимдерге макул болуп, чыдап жашагым келбейт!

Тааныш картинабы? Менин божомолумда абдан тааныш картина. Себеби көп айымдар мага ушул суроолорду беришет.
Кантип таарыныч менен кыжырдануудан кутулам?
Кантип жинимди келтирбей кое алам?

Мен айтам: Эч кантип? Эмоциялар менен курошпой эле коюш керек. Себеби бул биздин бир болугубуз, аны алып салуу, кесип салуу, жоготуп салууга эч мүмкүн эмес.
Бирок аларды туура сезип, туура көрсөтүп, туура жана коркунучсуз жашаганды үйрөнүшүбүз керек.

31 -октябрьда "Таарынычтын тузагында: кантип таарынычтан арылса болот?" деген мастер -класс болот.

Катышууну каалагандар комментарийге + калтырып, же болбосо директке жазсаңар болот. Ошондой эле 0558271210 жазып кайрылсаныздар, баарыныздар менен өзүм байланышам!

@gulzada_usupova
@gulzada_usupova
"Кызыл алма" тасмасы. Кыргызчасын таппай койдум интернеттен.
Үй - бүлөлүк мамилелерди чагылдырган үзүндүлөрдү чогултуп койдум.

Бул түгөйлөрдүн мамилелери тууралуу оюңар кандай?
Эң эле көңүлүңордү бурган нерсе эмне болду?
Дегеле бул мамилелер боюнча оюнарга биринчи эле эмне келди баарын комментарийде жазсаңар болот.

Ал эми боло турган мастер-класста биз бул түгөйлөрдүн негативдүү сценарийи кандай, жубайынын терең таарынычын себеби эмнеде, ал таарынычтан кантип арылса болот жолдорун карайбыз.

Мастер-класска катталуу жүрүп жатат, алдыңкы 10 айымдын катарында арзандатуу менен катталып үлгүрүп калыңыз.
МАМИЛЕЛЕРДЕГИ АКЫРКЫ ЧЕКИТ.

Ооба, түгөйлөр ортосунда кээде такыр эле кечиргенге болбой тургандай таарынычтар орун алат.
Мисалы, жубайынын көзүнө чөп салуу сыяктуу бир учурда абдан күчтүү шок абалга алып келчү көрүнүш болот.
Же болбосо жубайынын көңүлүн калтыра турган нерселер узак убакытка, көп жолу кайталанганда кечиргенге болбой тургандай сезилет.

Мындай учурда же ажырашуу, же мамилени убактылуу токтото туруу туура чечим.

Бирок башталган мамилелердин аягы болбойт.

Баары бир кандайдыр турмуштук кырдаалдар мамилелерди улантууга мажбур кылышы мумкун.

Айрыкча жолдошуна болгон таарыныч ичтен жеп, оюнан кетпей, эстеген сайын оор сезимдерге кабылып, канчалык таарынычты кое бере албаган сайын, ошончолук оор жолугушуулар болуп турат.

Бирок таарынычтан арылып, бүткүл ой, бүт энергияны өзүңүзгө буруп, ар бир күндү кубануу менен тосуп, жеңил жана бактылуу жашоо жашай баштасаңыз өзүңүз каалаган мамилени өзүңүз каалаган убакта кайра жандандырып алганга жөндөмдүү болуп каласыз.

"Кантип таарынычтан арылса болот?" мастер -классына катталуу жүрүп жатат.

Комментарийге + белгисин калтырсаныз сиз менен байланышам!

@gulzada_usupova
@gulzada_usupova
Таарыныч-талкалоочу эмоция.
Таарыныч бул токтоп калган, таңгакталган ачуулануу.
Мындай болгон соң денеде жана бетте, жүздө баары чыңалган болот.
Эгерде силер таарынып жаткан моментте өзүңөрдү күзгүдөн карасаңар: жүзүнөр таштай каткан, эриндеринер бекем кымтылган, ээгинер көтөрүлгөн, көзүңөрдо жаш туруп калган.

Таарыныч тамактан алып муунтат, тамакка таш кептелип, дем алдырбай көкүрөкту кысат.

Жүрөккө бычак менен сайгандай көкүрөк ачышат.

Жанга баткан өкүнүү, терең ызалануу сезимдери болот.

Анан ыза кылган адамга карата дароо текебердуу мамиле жасоо чечими келет.
Жүзүнөр эчтеке болбогондой катыган масканы киет, көңүл калат, жүрөк жабылат ошо менен болду..... Таарыныч ичте, сыртта текеберчилик (гордость).

Минтип жашоо кандай гана оор.

"Таарынычтын тузагында: таарынычтан кантип арылса болот?" деген мастер класска чакырам.

Бошоп, жеңилдеп, эркин жашагың келсе 0558271210 номерине жаз.

Мастер-класска катышуу акысы азыр болгону 1000 сом.

Кымбаттайт. Жетишип кал!
"Сиз мага кантип жардам бере алмак элеңиз, башыңыздан өтпөгөндөн кийин?"
Айрыкча жаш психологдорго көп беришет бул суроону.

Эффективдүү жардам бериш үчүн психолог сөзсүз түрдө кардардын проблемасын башынан өткөрүүсү керек эмес.

Врачтын практикасы менен салыштырсак болобу?
Өзү ооруп көрбөсө да врач өзүнүн адистиги боюнча ооруну ийгиликтүү айыктыра алат.

Ошондой эле психиатрга деле эч ким айтпайт го, сен галлюцинация болбогондон кийин мени кантип айыктырасын депчи.

Психологдун дагы врачтыкы, психиатрдыкы сыяктуу эле өзүнүн ыкмалары, инстументтери болот.

Психологиялык билим менен тажрыйба ар бир кардардын уникалдуу ситуациясын түшүнүп, сезим менен эмоциялары талдай алганга мүмкүнчүлүк берет, ал үчүн сөзсүз кардардын проблемасын башынан өткөрүүсү шарт эмес.

Ошентип кардардын проблемасы психологдун түздөн түз тажрыйбасы болбосо дагы эффективдүү жардам берип, жакшы жыйынтыкка чыгара алат.

Силердин оюңар кандай буга?
Жаш адиске эмес, башынан көп нерсе өткөн, турмушту түшүнгөн психологдорго барган туурабы же?
ДЕКАБРЬ ЖӨНҮНДӨ ЖАЗБАЙ эле коёюн, башталат: элдин баары жылдын жыйынтыгын чыгарып анан жаңы жылга пландарды коюп, менсиз деле ажиотаж деп ойлогом😁
Бирок декабрда баардык адамдардын (Жаңы жылды майрамдагандар) психологиялык абалы бир типтүү болот.

Декабрда аябай көп жумуш бүтүрүү керек деген сезим салтка айланып калган.
31-декабрда шашпай жай баракат, тынч Жаңы жыл тосуу үчүн, ага чейин бүтпөгөн жумуштарды бүтүрүп, белектердин баарын камдап, Жаңы жылды тосууну пландап коюу милдети турат.

Бирок баары бир 31-декабрь келгенде эч нерсеге жетишпей, ары чуркап, бери чуркап, жумуштарды бүтүргөнгө ал-куч жетишпей, батыраак эле майрам бүтүп, көнүмүш жашоого тез эле аралашып кеткиң келет.

Бул эмнеден?
Жообу жөнөкөй. Адамдар декабрда кай гана жерде болушпайт, бирок бул жерде жана азыр эмес (только не здесь и сейчас).
Алардын ойлору же келечекке карай учат-Жаңы жыл кандай жыл болот деп, же өткөн учурда жүрөт -жылдын жыйынтыгы, бүтпөгөн иштер деп.

Ошондуктан декабрь же өтө тез өткөндөй болот, же убакыт өтпөй эле бир жерде туруп, декабрь деле бутпочудой сезилет.
Же "эч нерсеге жетишпей жатам", же "качан мунун баары бүтөт" дегендерди угасың, анан кошумча болуп дайым тынчыздануу фону турат.

Эмне жардам берет?
Ресурс өткөн убакта эмес, ресурс келечекте эмес, ресурс азыр жана ушул жерде экенин түшүнүү жардам берет.
Мына азыр иштерди приоритеттерине жараша бөлүштүрүп , азыртадан кезек кезеги менен бүтүрө бериш керек.

Ар күнү бош боло калганда өзүңөргө азыр менин денем эмнени сезип жатат, башымда кандай ойлор бар, абалым кандай деп өзүңөргө суроо берип, жооп айтып тургула деп сунуштайм.

А силерде бул боюнча кандай ойлор бар?
КАНДАЙ ОЙЛОЙСУҢ адамдар менен мамиле түзүү үчүн кандай сапат керек?

Сенин эл менен бат тил табышканынбы же элди өзүңө тартып турганыңбы?
Же сенин социалдык статусунбу? Балким сенин сулуулугуң же фигураң болуп жүрбөсүн?

Азыр сен жактырган адамдарды эстеп көрсөң. Ишенип эле кой, алар сенден күчтүүрөөк, сага караганда эркинирээк, акылдуураак. Сен ошон үчүн аларды жактырасың.

Бул джунгли мыйзамы. Биз дайыма өзүбүздөн күчтүүрөөк, акылдуураак, ресурсу көбүрөөк адамдарды ээрчийбиз.

Күчтүү адам мамиле курууга азыраак энергия жумшайт, себеби башкалар өзүлөрү алар менен болууга умтулушат.
Ооба ошондой, күчтүү адамдар өзгөчө.
Ал эми өзгөчөлүктүн күчү эмнеде?
Өзгөчөлүктүн күчү ички эркиндиктин, интеллигенттуүлүктүн, профессионалдуулуктун деңгээлинде.

Ички күчүбүз менен башкаларды өзүбүзгө тартабыз, бизди сулуу, харизмалуу,сексуалдуу кылып турган ички күчүбүз. Фигурабыз же жылмаюбуз эмес

Эгерде алсыз болсоң, энергиян жок болсо, эмгиче өзүңдү таба элек болсоң анда сен өзүндөй болгон бирөө менен эле мамиле түзө аласың.

Ар бир адам күчтүү партнёр, күчтүү түгөй тапкысы келет. Бирок өзүлөрү алсыз адамдар өзүнө окшош алсыздарды гана табат.

Эгер күчтүү мамиле кургун келсе өзүңдүн өздүгүндү, инсандыгынды күчтөндүр.

Кантип күчтөндүрүү керек экенин билгиң келсе Психотиптер деген актуальныйга өтсөн болот.

Андан сырткары онлайн, офлайн консультацияма жазылсан болот.

Номер профильдин шапкасында.
Үй - бүлөдө түгөйлөр ортосундагы мамилелердеги проблемалардын 67% чечилбей турган проблемалар.

Муну психолог Джон Готтман изилдөө өткөрүп анан далилдеген.

Эмнеге чечилбей турган проблемалар келип чыгат?
Себеби түгөйлөр бири-бирин өзгөрткүлөрү келишет.

Бирок башка бирөөнү биз өзгөртө алабызбы?
ЖОК☝️

Бирок жакшы жаңылык, ошол чечилбей турган проблемалардын 70-80% такыр эле болтурбай койсо болот

Кантип?
Психологиялык типтерди билүү менен. Өзүңөрдүн жана түгөйүңордүн психологиялык тибин билсеңер анда силер түгөйүңордү өзгөрткүнөр келбей калат.

Себеби жаратылыш берген сапат, касиет, өзгөчөлүк, күчтүү, алсыз жактарын түшүнүп, кабыл алып каласыз.

Психологиялык типтер жөнүндө кененирээк билгиңиз келсе аккаунтка катталыңыз.

Мындан ары мындан да кызык болот.

Эгер катталган болсоңуз типтерди билүүсү керек деген тааныштарыныз менен бөлүшүңүз.

Аларда да чечилбей турган проблемалар болбосун.
АДАМДАРДЫН ТИПТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

Биз адамдар территориябыз бир болгон менен, ааламдарыбыз ар башка.

Кээ бир адамдар жөнүндө айтканда "Оо ал өзүнчө бир аалам да" дегендерди уктунар беле?

Биз башкалар менен мамиле курганда, муну эстен чыгарбаш керекбиз. Ар бир адамдын өзүнчө ааламы бар экенин.

Биздин аалам ар дайым башка ааламдар менен кесилишип турат.

Бул ааламдардын өзүнүн тили, өз мыйзам, өз эрежелери бар. Бул "жакшы", бул "жаман", бул "сүйүү", бул "жек көрүү" дегендей.

Эгерде силер айлананардагылардын баары өзүңөргө окшош деп ойлосоңор, анда силер эч качан мамилелердин борборунда болбойсунар, дайыма четинде эле болосуңар.

Мисалы, сиз спонтандуу, башкача айтканда эч нерсени пландабаган, кокус эле чечим чыгарган адамсыз.

Сиз бирөө үчүн суперсиз, баатырсыз, укмуш кыйынсыз, ал эми экинчи бирөө үчүн тартибиниз жок, дисциплина дегенди билбеген жаман эле адамсыз.

Тип деген биздин үлгүбүз, лекало сыяктуу, биз ошол лекалону башкаларга ылайыктап көрөбүз, канчалык туура келет экенин аныктоо үчүн.

Биздин аалам биздин тип аркылуу түзүлөт. Тип деген биздин оздугубуздун, инсандыгыбыздын кол тамгасы. Тип сизге керек адамды табуу үчүн керек болгон маалыматтын баарын өзүнө камтыйт.

Инсандын 4 тиби болот: логик, сезимтал, интуит жана сенсорик.

Буларга ылайык дүйнө менен, адамдар менен мамиле түзүүнүн дагы 4 жолу болот.

Типтерди үйрөнүү башка адамдын ааламына ачкыч болуп эсептелет.

Өзүңөрдүн тибинерди билгинер келеби?