Кызыктуу психология - кыргызча.
317 subscribers
36 photos
15 videos
18 links
Download Telegram
Дагы жакыныраак таанышалы🤗

Мен силерге типологияны үйрөнгөндөн кийин өзүм жөнүндө эмнелерди билгенимди айтып берем.
1-факт.
Мен Юнгдун типологиялык картасына ылайык интровертмин.
2-факт.
Менин психикамдын эң күчтүү функциясы-логика.
3-факт.
Күчтүү функциям логика болгондуктан менин жашоодогу миссиям бардык нерсени ирээтке келтирүү, структурага салып, классификацияга бөлүү.
4-факт.
Экинчи жардамчы функциям-интуиция. Мен ошо ирээтке келтиргенди жакшы көрөм, бирок мага кызык болгон нерселерди гана ирээттейм, анан эч ким мени контрольдобосо, баарын өзүм каалагандай жасасам, мага эч ким срок койбосо мага жагат.
5-факт.
Үчүнчү функциям-эмоция. Бул менин социалдык маскам. Мени башкалар аябай ачык, эмоционалдуу, жумшак, жылуу адам катары кабыл алса дейм.
6- факт.
Төртүнчү эң алсыз функциям-сенсорика, демек мен үчүн материалдуу нерселер, статус, бренд, лидерство деген маанилүү эмес. Мен андай боло да албайм, кааласам деле.
7-факт.
Анан ушу 4-функциям боюнча эгер мага бирөө сенин колуңан келбейт, аягына чыгарып жасабайсын дегендерди айтса мага аябай сокку урган болот, мен аябай ызаланам. Себеби чын эле менин алсыз жагымды айтып, жарама тийген болот…

Силер дагы өзүңөрдүн миссия, күчтүү жана алсыз жактарынарды билгинер келсе консультацияга жазылгыла🤗

#психология #психолог #типолог #отношения #түгөйлөр #рынокотношений #крисиз #измена #проблема #решениепроблем
Эң башкы ката сен өзүңдү эч нерсе болбогондой алып жүрүшүн.
Түгөйүң үчүн бул жакшы, бирок сен тозокто жашап жаткандай өмүр өткөрүп жүрө бересиң. Андан көрө сүйлөшүү керек.

Калп кечируун
Жөн эл сыртыңдан ооба кечирдим деп коёсуң, балким өзүңдү деле ушинтип алдайсын. А бирок ичиңден анын сүйлөгөнүн жактырбайсын, жүрүм турумуна, кыймылына кыжырын келет. Сыртка чыгарып айта албайсың, кечирдим дегенсиң да.

Пассивдүү агрессиян
Ачууң келип жатканын ачык эле бетине айтып билдирбестен, кыйытып башка нерсе, башка бирөө аркылуу айтканың. Мисалы, кызыңа "Күйөөгө тийгенге шашпай эле кой, күйөөдөн жыргаган эч ким жок" деп жолдошуңдун көзүнчө айтканын. Бул аябай энергияны алат, андан көрө ачык сүйлөшкөн оң.

Күйөөңдүн сөздөрүнө ишенгенин.
Измена учурунда күйөөң абдан карама-каршы сезимдерди сезет, өзү да билбейт. Ошо учурда сага аябай оор тийип, ызаланткан сөздөрдү айтышы мүмкүн: сен мени өзүнө тартпайсын, аял катары сен мени кызыктырбайсын деген сыяктуу.
Сен ал сөздөрдү унута албайсың, бирок аларга ишенбей эле койсоң болот. А сен аларга ишенип, ошолорго таянып аласың. Бул ката.

Флешбэктерге (эскерүү) ишенип, куйоонорго ызы-чуу салганынар. Мисалы, машинада кетип баратканда радиодо күйөөңдүн ойношунун атын айткан ыр чыгып калса, баягы укмуш ызалануу сезими кайтып келет, мына ушуну флешбэк дейт. Анан баштайсың күйөөңө тийишип, "Ммм эстеп кеттиңби"деп.

Ооба, мен түшүнөм, аялга өтө оор, жалгыз мунун баарынан өтүү.

Эң жакшысы адис менен иштешүү.

Консультацияма чакырам!
Төмөнкү эки суроону бир күндө 3 жолу: эртең менен, түштө, кечинде өзүнө бергенди уйронсон, эң жакшы жыйынтык аласың:

🔹Мен азыр эмне каалап жатам?

🔹Мен азыр эмне сезип жатам?

Сактап ал🤗

#психология #психолог #типолог #отношения #түгөйлөр #рынокотношений #крисиз #измена #проблема #решениепроблем
Вебинар «Изменадан кийин»

Измена оор психологиялык травма.

Айрыкча ыза менен таарынычтын приступтары абдан оор өтөт. Аларды адам өз эрки менен жеңип коё албайт.
Измена травмасы биринчи жылы абдан курч болот, экинчи жылы деле сезилет.

🔸Ушундай адамды талкалоочу оор эмоциялар менен иштөөдө өзүңөргө кантип жардам бере аласыңар?

🔸 Түгөйдон эмнени сураныш керек?

🔸 Түгөй менен бул жөнүндө кантип сүйлөшүү керек?

жөнүндө практикалык вебинар.

Вебинар кимдер үчүн:

-Түгөйүнун изменасына кабылып, измена жөнүндө билгенине 2 жумадан 2 жылга чейин убакыт болгондорго

- Изменадан кийин түгөйү менен бирге калууну чечип, бирок бул чечим алар үчүн абдан оор болуп жаткандарга

- Измена кылып, бирок ал кылганына чындап өкүнүп, түгөйүнүн абалын түшүнүп, жардам бергиси келгендерге.

Практикалык вебинардан силер:

🏷️ Өзүңөр менен эмне болуп жатканын жакшы түшүнөсүңор

🏷️Ыза менен таарынычтын приступу кармаган учурда өзүңөргө кантип жардам берүүнүн инструменттерин аласыздар

🏷️Таарыныч менен ызанызды такыр жок кылып сала албайсыңар, бирок аларды жеңилдетүүнун силерге туура келген ыкмасын тандайсынар

🏷️ Түгөйүңүзго сиз менен эмне болуп жатканын, ал сизге кандай жардам бере алат түшүндүргонду үйрөнөсүнор

🏷️Жакындарынызга да айта албаганды айтып, бергиниз келген суроону берип, менден жооп ала аласыз

Практикалык вебинар онлайн, жабык Инстаграмда өтөт

2 саатка созулат

Доступ 6 айга берилет

Суроолор боюнча 0558271210 вотсап номерине жазыңыз.
Адамдардын 90% эгер жашоомдо мага түгөйүм измена кылса, мен аны эч качан кечирип чогуу жашай албайм деп эсептешет.

А бирок жашоосунда чындап изменага кабылгандардын 80% түгөйү менен эле калышат.

Түгөйү менен бирге калышканы менен ар башкача бирге калышат.

Кээ бири ачуусу менен ызасын сактаган бойдон калышат, анан жашоосунун ар кандай учурунда бул ачуу менен ыза ар кандайча сыртка чыгып турат.

Кээ бири мамилесин эл көзүнө эле сактап, бирок түгөйүнө мурункудай ишенбеген, ачылбаган бойдон калышат. Себеби мурункудай ишенсе кайра измена кылып, кайра жаралайт деп коркот.

Ал эми кээ бири изменадан кийин мамилесин жаңы деңгээлге көтөрөт. Баарын сапаттуу кылып кайра баштайт.
Бири бирине мурункудан жакын, чынчыл, ачык болуп калышат!

Силер дагы изменадан кийин тугойунор менен мамиленерди жаңы деңгээлге которгунор келеби, анда «Изменадан кийин» аттуу жабык вебинарга катталыңыз.

Вебинар 26-декабрда өтөт.

Катталуууну кааласаңыз комментарийге + белгисин калтырыңыз.
Жаңы жылдык майрам жашоонун кыйын кезеңине туш келсе эмне болот?

Баары белек сатып алышып, кийим тандашып жүрүшөт, сизде кайгы, ыза, таарыныч, ажырашуу, ал эми майрамдык атмосфера сиздин жаранызды ого бетер чукуп, күчөтүп ооруткандай болуп атсачы...

Кантип майрамды жакшы өткөрүүгө өзүңүзгө жардам бере аласыз?

Сиз жалгыз эмес экениңизди билиңиз. Миллиондогон адамдар ушул учурда ыза, таарыныч, кайгы, ачуулануу, көңүл калуу, жалгыздыкты сезип жатышат. Алардын баары жөнүндө ойлонуп, оюңузда:"мен силерди түшүнөм, мен силер мененмин" деп айтсаңыз болот.

Алыңызга караңыз
Салат жасап, балаты кооздогонго алыңыз барбы, анда жасаңыз. Алыңыз жокпу, жасабаныз. Өзүңүздү кыйнап, башкаларга жакшы кылып, аларды кубантуу үчүн аракет кылбаңыз. Эмнени каалап жатсаңыз анан ошону жасаганга алыңыз болсо жасаңыз.

Бир жылдан кийин такыр башкача Жаңы жыл болот, билиңиз!
Визуализация кылсаңыз болот: "Бир жылдан кийинки өзүңүздү элестетиңиз. Ошол бир жылдан кийинки СИЗ азыркы сизге айтып атат: мен бул жердемин, баары жакшы болот, алдыга карай жыл!"

Өзүңүздү мактаңыз.
Сиз азыр ушул абалыңызды жеңип жатасыз, тынч болуп, өзүңүздү кармаганга, баарын көтөргөнгө өтө көп күч жумшап жатасыз. Сиз азаматсыз!

Азыр сиз менен болуп жаткан нерседен маңыз табыныз.
Ушул окуядан кийин сиз күчтүү, жоопкерчиликтүү, өзүңүздү сүйгөн, тажрыйбалуу айымга айланасыз.
Жашооңуздун ушул караңгы учуру бере турган белектердин баарын алыңыз.

Адамдарга жакынданыз. Идите к людям.
Изоляцияда, жалгыз калгандай сезилет, бирок байкасаңыз сизге жардамга келип, жылуулук тартуулоочу кишилер болот. Аларга баргыла. Адамга адам керек.

А эгер сиз ушул постту окуп жатсаңыз, сизде жок эле дегенде мен жана ушул блогдун окурмандары бар.

Келгиле комментарийде колдоо сөздөрүн жазабыз, башынардан өткөн тажрыйба болсо бөлүшөбүз.
Бул метод Трансформация ментальных состояний деп аталат.
Кыргызчасы менталдык абалды трансформациялоо методу.

Автору менин окутуучум Кристина Кудрявцева.
Европалык психология мектебинин негиздөөчүсү.

Бул метод К.Г. Юнгдун аналитикалык психологиясына негизделген терең метод болуп эсептелет.

1. Осознание ( титрда сознание деп берилип калыптыр)
2. Выход из сценария
3. Моделирование
4. Новый опыт

Ушул төрт этапта терапия өтөт.
@gulzada_usupova
ДЕМ АЛУУ техникасы.

Дем алганда мурдунар менен дем алып, демди чыгарганда ооз менен чыгаруу керек.

Кандай учурда жардам берет:

Сезим менен эмоциянар ашып ташып, өзүңөрдү кармоо кыйын болгон стресстин абалдарда абдан жакшы жардам берет.

Позитивдүү дагы, негативдүү дагы эмоциялар жөнүндө сөз болуп жатат.

Бул бир жөпжөнөкөй, оңой эле көрүнүп, жардам бербечудой сезилгени менен чындыгында абдан эффективдүү көнүгүү.

Муну көптөгөн изилдөөлөр далилдеген.

Опоңой бепбекер көнүгүү менен колдонгонду үйрөнүп алыңыздар!

Башкалар менен болушконду унутпаңыз!
@gulzada_usupova