Кызыктуу психология - кыргызча.
320 subscribers
36 photos
15 videos
18 links
Download Telegram
АДАМДАРДЫН ТӨРТ ПСИХОЛОГИЯЛЫК ТИБИ болот. Алардын бири ИНТУИТ.

Психиканын интуиция функциясы жакшы өнүккөн.

☝️Мен азыр сүрөттөп жазам, силер өзүңөргө тууралап көргүлө.

🔸Бул адамдардын миссиясы биздин дүйнөдө жаңы дуйнолорду ойлоп табуу (Стив Джобс, Цукерберг сыяктуу)
🔸Абдан креативдүү адамдар, башында толтура идеялар бар. Реалдуу жашоодо жок нерселер жөнүндө ойлоно алышат.
🔸 Маанилүү нерселерди унутушат, бирок нюанстарды эстеп калышат. Мисалы таанышкан кишинин атын унутуп калып, бирок аны менен баарлашып жаткан теманы, ошондогу атмосфераны эстеп калышат.
🔸Булар эч нерсе менен макул болбогон өспүрүмдөр сыяктуу, эрежелерди, нормаларды бузуп, өзүнүкүн айтып эле бунт чыгарып турушат.
🔸Булар өзүлөрү менен өзүлөрү көп баарлашат, ички дүйнөнү сырткы дүйнөгө караганда маанилүү деп эсептешет.
🔸 Күлкүлүү окуялар булар менен көп болот, булар буюмдарын көп жоготушат, каякка койгондорун унутушат, кечигишет, туура эмес транспортко түшүп кете беришет ж.б.у.с.🤦
🔸Тамак жегенди унутуп калып жүрө беришет, аябай ачка болгондо эстешет. Кандай кийим кийип жүргөндөрү деле көп мааниге ээ эмес.
🔸Эркиндикти, ачык мейкиндикти, боштукту (мебель толтура коюшпайт үйлөрүнө) жактырышат.
🔸Хаос, ирээтсиздик алар үчүн коркунучтуу эмес.
🔸Пландап иш кылышпайт, көп учурда чечимди кокус эле кабыл ала беришет.

Интуит жөнүндө суроолор болсо бергиле?
А эгер өзүңүз интуит болсоңуз кызыктуу окуя менен бөлүшүңүз ⬇️

Баракчама катталып, бөлүшкүлө, калган 3тип жөнүндө кийинки посттордо.

Ал эми тааныштарымдан сураныч, лайк басып, өзүңөрдүн тааныштарынар менен бөлүшүп коюңуздар 🙏 Алдын ала рахмат ❤️
ТАШИЕВДИН СҮРӨТҮН эмне коюп койду деп жатасызбы?🤔
Себеби ал сенсорик, орусча ощущатель, кыргызча туйгуч, психикасынын күчтүү функциясы аңдап-туйуу.

🏷️А мен силерге 4 психологиялык тип жөнүндө айтып беришим керек болчу туурабы? Бул экинчиси.

Анда төмөнкү сүрөттөөлөрдон өзүңөрдү же тааныштарынарды тапсаңар комментарийде болушсонор болот🙂

🔸Сенсориктердин миссиясы аткаруу, башкаруу, ишке ашыруу, кеңейтүү иши кылып кыймыл-аракет менен байланыштуу. Эсиңердеби интуиттер жаңы идеяларды жаратышат, ал эми сенсориктер ошол идеяларды ишке ашырат.

🔸Сенсориктердин сезүү органдары абдан жакшы өнүккөн, көрүүсү, угуусу, жыт сезүүсү дегендей.

🔸Ошондуктан алар үчүн материалдуу, сырткы дүйнө ички дүйнөгө караганда маанилүү.

🔸Сенсориктер үчүн лидерлик, авторитет, статус, материалдык байлык, кымбат баалуу буюмдар, брэнд кийимдер өтө маанилүү.

🔸"Ойлоно бербей, ишке ашыр" деген булардын девизи. Бир нерсени жасаш керек болсо эч нерсени ойлонбой жасап башташат.

🔸Булар башкарганды, буйрук бергенди, котрольдоп текшергенди жакшы көрүшөт.

🔸Булар жакшы тактиктер, бирок стратегдер эмес. Булар токойду жалпылап көрө алышпайт, бирок ошол токойдогу ар бир теректи өзүнчө көрүшөт.

🔸Тамак ичкенди эч качан унутушпайт, гурман болушат. Негизи эле дене, физиология менен байланышкан нерсенин баары аларга маанилүү. Мисалы массажды жакшы көрүшөт.

🔸Буларда интуиция эмес, инстинкт жакшы өнүккөн. Айбандык инстинкт, коркунучту, кубанычты алдын ала сезе алышат.

🔸Булардын дене түзүлүшү боюнча абдан кең далылуу, карылуу, моюндары кыска, баштары ийиндерине бекем буралып тагылган сыяктуу. Бурулганда бүткүл корпусу менен бурулуп карашат. Көбүнчө алакандары төрт чарчы болуп, манжалары кыска болот.
Булардын денесинен бир айбат, күч сезилип турат.

🔸Булар баш менен иштегенге караганда, кол менен иштегенге жөндөмдүү. Кол менен жасаганга мастер болушат. Уста, уздар, поварлар, массажисттер ж.б. сыяктуу.

🔸Эгер интуиттер көбүнчө асманда, кыялдарын да учуп, өзүлөрүн жерде конок сезишсе, булар өзүлөрүн жерде кожоюн сезишет. Негизи өзүлөрүн баардык жерде кожоюндай алып жүрүшөт.

Жаза берсем сөз түгөнбөйт, негизгилери ушулар.

Өзүн тааныгандар барбы, же тааныштарынарды тааныдынарбы?
Негизи күйөөң менен мамиле бара-бара өчөт: биринчи эмоция менен алмашуу жоголот, андан кийин интимдик жашоо, анын артынан коомдук, анан дүйнөгө көз караштар такыр эле эки башка болуп чыгат.

Демек мамилеге кайра жан киргизүү үчүн да ушул жол менен өтүп, айтылган деңгээлдерде энергия алмашууну кайра жандандырыш керек.

🏷️Башында жөн гана сүйлөшо баштагыла, түгөйүнөрго чыныгы кызыгуу менен, жасалма эптеп эмес. ☝️ Чыныгы кызыгуу менен иштери кандай, ден соолугу кандай, эмне жаңылыктар бар деп сурап сүйлөшкөндөн тартынбагыла. Кайра өзүңөрдүн иштер жөнүндө бөлүшкүлө. Көрөсүңөр тугойунордун жакшы реакциясы силерди күттүрбөйт.
🏷️ Экинчиден интимдик жашоону калыбына келтирүү керек. Бул жөнүндө индивидуалдуу консультацияда кенен сүйлөшсөк болот😉
🏷️ Үчүнчүдөн кандайдыр бир чогуу аткаруучу ишмердүүлүк ойлоп тапкыла. Мисалы, жума сайын үй иштерин чогуу жасасанар болот. Эшиктин дагы, сырттын дагы жумуштарын макулдашып алып, чогуу аткарсаңар болот.
🏷️Бул үч деңгээл калыбына келсе, дүйнөгө болгон көз карашынар өзүнөн өзү оңолот.

Ошондуктан түгөй менен мамилени жандантыш үчүн биринчи эмоционалдык, сексуалдык жана социалдык энергия алмашууну оңдош керек.

👉А эгер ушунун баарын жасасанар деле мамилеңер онолмок түгүл ого бетер бузулуп, алыстап жатса ажырашуу жөнүндө ойлонгонунар түзүк.

Эсиңерде болсун измена менен же алыс жакка кетип калуу менен үй бүлө сакталбайт. Булар ого бетер мамилени өлтүрөт, бирок жан киргизбейт.

Мамилемди кантип жандуу кылам деп ойлонбос үчүн мамиленин үстүндө ар дайым иштеш керек, колду пульста кармап, кое бербеш керек.

Күйөөгө тийсем эле болду анан калганы өзү эле болот деген туура эмес. Мамиле дагы аракетти талап кылат, бир эле жактан эмес, эки жактан тең.

Консультацияман күтөм!
Бул белгилерди байкап жатсаңар, дароо эле урушуу-талашуудан алыс болуңуздар.

Мындай аракет эч кандай пайда бербейт.

Консультацияма катталыныздар!

Комментарийге + белгисин калтырсаныз жетиштүү, сиз мене өзүм байланышам!
Мен жөнүндө кыскача маалымат⬇️

Келгиле сиздер менен дагы таанышайын.

Атыңыз ким?
Канча жаштасыз?
Мени кайсы жерден көрүп жатасыз, каяктасыз?
Эмне менен алексиз?
Баракчамда кандай маалыматтар көбүрөөк болгонун каалайсыз?

Комментарийге жазыңыз.
Ашып-ташкан энергиян бар экенин, башкача айтканда ресурстасынбы же жокпу билгиң келеби?

Өзүңдөн бир суроо сура.
Мени тааныбагандар мени көргөндө кандай деп ойлошот?

Биз лампочка сыяктуубуз!

Кимдир бироо жаркырап жанып, башкаларды өзүнө тартат!

Экинчиси жарыгыраак, эч ким деле көрбөшу мүмкүн!

Үчүнчүсүн проблемалардын чаңы басып, бар экени билинбейт.

Биздин жаркыраган жарыгыбыз - бул биздин башкаларга бере турган ашыкча энергиябыз, бул биздин ресурс.

Проблемалардан арыл, тазалан, жаркыра, ресурста бол!

Кантип десең, мен көргөзүп берем…

Консультацияга арзандатуу менен каттал 🤗

#психология #психолог #типолог #отношения #түгөйлөр #рынокотношений #крисиз #измена #проблема #решениепроблем