Ислам дини🕊
285 subscribers
103 photos
131 videos
7 files
37 links
Аллахтын раазычылыгын табуу.
Download Telegram
10 минутаңыздарды бөлүп угуп коюңуздар .Абдан пайдалуу сабак.Азыр көбүбүз билбеген абалда рия кылып алат экенбиз.🙃
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ар бир мусулман кыздын кыялы ушундай болсун!🥰Билесизби эркек бузулса үй-бүлөө бузулат экен.Ал эми аял бузулса коом бузулат экен.Ошондуктан ар бир кыз таза,такыба,соолиха,эң башкысы Аллахтын буйругунан чыкпай жүрө турган болсок, Аллахтын ыраазычылыгын табабыз жана биздин мекенибиз да оңолот.❤️Такыба аялдан такыба балдар төрөлөт .🧕
АСМАУЛЬ ХУСНА

1-Аллах — Бүткүл ааламды жараткан жалгыз Жаратуучунун энчилүү аты.
2- Ар Рахман — Мээримдүү. Бу дүйнөдө баарына тегиз мээрим төгүүчү.
3- Ар Рахиим — Ырайымдуу, Боорукер. Акыретте момундарга гана ырайым кылуучу.
4- Ал Малик – Бардык нерселердин чыныгы Ээси жана Өкүмдары.
5- Ал Куддус – Кемчиликтерден таза, эң Ыйык, бардык жандыктарды тазалап туруучу.
6- Ас Салам – Ар кандай коркунучтардан пенделерин сак-саламат алып калуучу.
7- Ал Муъмин – Бардык нерселерге амандык, тынчтык жана бейпилдик берүүчү.
8- Ал Мухаймин – Бардык макулуктарды көзөмөлдөп, колдоп туруучу.
9- Ал Азиз – Бардык нерсеге үстөмдүк кылуучу. Кудуреттүү.
10- Ал Жаббар – Каалаган нерсесин мажбурлап кылдыруучу.
11- Аль Мутакаббир – Бардык нерседен улук.
12- Аль Халык – Бардык нерсени жаратуучу.
13- Аль Бариъ – Жоктон бар кылуучу.
14- Аль Мусаввир – Ар бир нерсенин өзүнө жарашыктуу келбет берүүчү.
15- Аль Гаффар – Кечирүүчү.
16- Аль Каххар – Бардык душмандарын жеңүүчү, Каардуу.
17- Аль Ваххаб – Белектерди, жакшылыктары тартуу кылуучу.
18- Ар Раззак – Ырыскы Берүүчү.
19- Аль Фаттах – Бардык жабык нерселерди ачуучу.
20- Аль Алиим – Бардык нерсени билүүчү.
21- Аль Кобиз – Каалаган макулугунун ырыскысын кемитүүчү, кысуучу, жанын сууруп алуучу.
22- Аль Басит – Жан салып ырыскы берүүчү.
23- Аль Хафид – Каалаган пендесинин мартабасын төмөндөтүүчү.
24- Ар Рофи – Каалаган пендесинин мартабасын көтөрүүчү.
25- Аль Муизз – Азиз, урматтуу, кудуреттүү кылуучу.
26- Аль Музилл – Кор кылуучу.
27- Ас Самиъ – Жашыруун жана ачык добуштардын баарын угуучу.
28- Аль Басир – Бардык нерсени көрүүчү.
29- Аль Хакам – Өкүм жүргүзүүчү, Өкүмдар.
30- Aль Адль – Адилеттүү.
31- Аль Латиф – Өтө жумшак мамиле кылуучу.
32- Аль Хабир – Бардык иштерден кабардар.
33- Аль Халим – Каталык-күнөөлөрдү жумшактык менен кечирүүчү.
34- Аль Азиим – Баарынан улуу жана бийик туруучу.
35- Ал Гафур – Күнөөлөрдү толугу менен кечирүүчү.
36- Аш Шакур – шүгүр кылуучу пенделерине көптөгөн соопторду берүүчү.
37- Аль Алий – Барынан жогору туруучу улуктук ээси
38- Аль Кабир – Улуулук ээси.
39- Аль Хафиз – Бардык нерсени сактоочу.
40- Аль Мукит – Ар түрдүү макулуктарга керектүү ырыскыларын берүүчү.
41- Ал Хасиб – Кулдарынын бардык кыймыл-аракетинин эсеп-кысабын алуучу.
42- Аль Жалил – Жаалдуу, Айбаттуу, бардык сыпаттары кемелдүү.
43- Аль Карим – Жоомарт, Берешен.
44- Ар Ракиб – Бардык нерселерди көрүп-билип туруучу
45- Аль Мужиб – Пенделеринин дубаларына жооп берүүчү.
46- Аль Васи – Илими менен ырайымы кең.
47- Аль Хакиим – Даанышман, Бардык нерсени даанышмандык менен жасоочу.
48- Аль Вадуд – Сүйүү, Жараткан макулуктарын сүйүүчү.
49- Аль Мажид – Даңктуу, улуктугу менен өкүмдарлыгы чексиз.
50-Аль Баис – Пайгамбарларды жөнөтүүчү жана өлүктөрдү тирилтүүчү.
51- Аш Шахид – Ар бир нерсеге күбө.
52- Аль Хакк – Акыйкат, дайыма туруктуу жана эч өзгөрбөй туруучу.
53- Аль Вакил – Бардык иштерди өз кепилдигине алуучу.
54- Аль Кавий – Чыныгы күч менен кудурет ээси.
55- Аль Матин – Өкүмдөрү бекем, эч нерсе Анын өкүмдөрүн буза албайт.
56- Аль Валий – Момундардын досу жана жардамчысы.
57- Аль Хамид – Мактоого татыктуу.
58- Аль Мухсий – Бардык нерсенин санын, эсебин билүүчү.
59- Аль Мубдий – Алгачкы жолу жоктон бар кылып жаратуучу.
60- Аль Муид – Өлгөн макулуктарга кайрадан өмүр берүүчү.
61- Аль Мухий – Жашоо берүүчү, тирилтүүчү.
62- Аль Мумит – Жашоону алуучу, өлтүрүүчү.
63- Аль Хайй – Түбөлүк тирүү.
64- Аль Каййум – Бардык макулуктарды тикелеп кармап туруучу.
65- Аль Важид – Каалаган нерсесин табуучу.
66- Аль Маажид – Чексиз даржалуу, Эң улуу даражанын ээси.
67- Аль Вахид – Жападан-жалгыз, эч кандай шериги жок.
68- Ас Самад – Беймуктаж, эч нерсеге муктаж болбоочу.
69- Аль Кадир – Чексиз кудуреттүү.
70- Аль Муктадир – Бардык нерсеге күчү жетүүчү.
71- Аль Мукаддим – Каалаганын алдыга өткөрүүчү, Өзүнө жакындатуучу.
72- Аль Муаххир – Каалаганын артта калтыруучу, Өзүнөн алыстатуучу.
73- Аль Аввал – Эң биринчи, баарынан мурунку, эң оболку.
74- Аль Ахир – Түбөлүктүү, эң акыркы.
75- Аз Захир – Бар экендиги даана, ачык-айкын көрүнүүчү.
76- Аль Батин – Жашыруун.
77- Аль Вали – Бардык макулуктарды башкаруучу.
78- Аль Мутаъали – Чын
ыгы улуктук ээси.
79- Аль Барр – Жакшылык кылуучу.
80- Ат Тавваб – Тообаларды кабыл кылуучу.
81- Аль Мунтаким – Жалаа жаап, зулумдук кылуучулардан өч алуучу.
82- Аль Афувв – Күнөөлөрдү толугу менен жоготуп салуучу.
83- Ар Рауф – Мээрим төгүүчү, Боорукер.
84- Маликуль Мульк – Ааламдын чыныгы кожоюну, падышасы.
85- Зулжалали вал икрам – Улуу урмат менен жакшылык ээси.
86- Аль Муксит – Акыретте адилеттик кылуучу.
87- Аль Жами – Топтоочу.
88- Аль Ганий – Өтө бай, эч нерсеге муктаж болбоочу.
89- Аль Мугни – Макулуктардын бардык муктаждыктарын камсыздоочу.
90- Аль Мани – Тоскоолдук жаратуучу, токтотуучу.
91- Аз Зарр – Кээ бир сырларга байланыштуу зыян берүүчү.
92- Ан Нафий – Пайда берүүчү.
93- Ан Нур – Ааламдарга, жан-дүйнөгө нур чачуучу.
94- Аль Хади – Туура жолго салуучу.
95- Аль Бадий – Теңдешсиз жаратуучу.
96- Аль Баки – Түбөлүктүү.
97- Аль Варис – Бардык мүлктүн чыныгы ээси жана мураскору.
98- Ар Рашид – Туура жол көрсөтүүчү.
99-Ас Сабур – Күнөөкөрлөрдү жазалоого шашылбастан сабыр кылуучу.

  Аллахтын ысымдары, Асмауль Хусна, Кудай ким, Кудайдын аты.