Ислам дини🕊
275 subscribers
103 photos
131 videos
7 files
37 links
Аллахтын раазычылыгын табуу.
Download Telegram
ыгы улуктук ээси.
79- Аль Барр – Жакшылык кылуучу.
80- Ат Тавваб – Тообаларды кабыл кылуучу.
81- Аль Мунтаким – Жалаа жаап, зулумдук кылуучулардан өч алуучу.
82- Аль Афувв – Күнөөлөрдү толугу менен жоготуп салуучу.
83- Ар Рауф – Мээрим төгүүчү, Боорукер.
84- Маликуль Мульк – Ааламдын чыныгы кожоюну, падышасы.
85- Зулжалали вал икрам – Улуу урмат менен жакшылык ээси.
86- Аль Муксит – Акыретте адилеттик кылуучу.
87- Аль Жами – Топтоочу.
88- Аль Ганий – Өтө бай, эч нерсеге муктаж болбоочу.
89- Аль Мугни – Макулуктардын бардык муктаждыктарын камсыздоочу.
90- Аль Мани – Тоскоолдук жаратуучу, токтотуучу.
91- Аз Зарр – Кээ бир сырларга байланыштуу зыян берүүчү.
92- Ан Нафий – Пайда берүүчү.
93- Ан Нур – Ааламдарга, жан-дүйнөгө нур чачуучу.
94- Аль Хади – Туура жолго салуучу.
95- Аль Бадий – Теңдешсиз жаратуучу.
96- Аль Баки – Түбөлүктүү.
97- Аль Варис – Бардык мүлктүн чыныгы ээси жана мураскору.
98- Ар Рашид – Туура жол көрсөтүүчү.
99-Ас Сабур – Күнөөкөрлөрдү жазалоого шашылбастан сабыр кылуучу.

  Аллахтын ысымдары, Асмауль Хусна, Кудай ким, Кудайдын аты.
Кийгени Узун, аппак жоолук салынат,
Көңүлчөөк дос-курбулардан арылат.
Куран окуп, таза тутуп жүрөктү,
Ыйман менен, даагы үстүнөн жамынат.

Бир көз көрбөй, жерге карап басышат,
Бий-күлкүгө жакындабай качышат.
Билгин алар адеп-ахлак үлгүсү
Жакын досту жүз нурунан табышат.

Хиджап жалгыз жаппайт аны билип жүр,
Алар баарын ыйман менен жабышат!!!
Бүгүнкү майрамыңыздар менен аруузат айымдар!🧕🌹🌹
Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү ким тарабынан, кантип белгиленип калганын билесизби?
Назма Хан.
"Мен анда 11 жашта элем. Үй-бүлөм м-н Бангладештен Америкага көчүп бардык. Биз ал жактан жаңы жашоо, жетишкендик, эркиндикти табабыз деп ойлогонбуз. Бирок баары тетиринен болуп чыкты. Мен эч качан ойлогон эмес элем, менин башымдагы жөнөкөй жоолук, кысымдын себепчиси болот деп, жана эч ким ойлогон эмес. Мектептен мени кысымга алып, кордоп, таш ыргытып, бир канча жолу жолугумду чечип жерге таштап тебелеп, жана ага түкүрүп салышчу болду. Классташтарымдын бул мамилеси мен мектепти аяктаганга чейин уланды. Мугалимдер мага болушуп, менин укугумду коргогондун ордуна кайра мени окуучуларга кошулуп алып шылдыңдашчу...Мага ар дайым " сен өмүрүндө бир жолу жакшынакай кийинип көрдүң беле?"-деген суроону узатышчу.
Эсимде бир жолу мени 10-15 эркек балдар тегеректеп алып жоолугумду чечип алып, айрып салышкандары..(Назма бул сөздү айтып жатып тамагы буулуп ыйлап жиберди) .Менде бир гана жол бар эле, мектептен кетиш, бирок бул туура эмес болчу.Ошол себептүү мен мектепти эң жакшы аяктадым да универге тапшырдым. Бирок, сентябрдагы террордук жардыруудан соң, мусулмандарды кысымга алуу башталган, анан дагы, менин башымдагы хиджаб так айтып турган, бул мусулман деп! Андыктан менин ар бир күнүмдү коркунуч ээлеп алды. Ар баскан кадамымда качан мени америкалыктар өлтүрүп кетишет, качан милиция келип кармап кетет ж.б.у.с ойлор менин акылымды алып койду.
Арадан көп өтпөй мен 2011-жылдын 12-октябрында Ютуб аркылуу онлайн баракча ачтым.Анын максаты дүйнөдөгү хиджабдан улам кысымга кабылган кыздарга кеп кеңеш берип, конфликттен качууга көмөк көрсөтүү эле. Мага электрондук каттар өтө көп келе баштады. Кээ бирин окуганга жетишпей калчумун. Баары бирдей, окшош эле, баарында тең бийлик, коом жоолуктун айынан кандай кордук көрсөтүп жатканы тууралуу болчу. Арасынан эсимде сакталып калганы 14 жашаар Улуу Британиялык Алия аттуу кыздын каты болгон. Ал катында " менин жоолугума балдар сагыздарын чайнап туруп түкүрүп салышты"-деп жазган. (Назма сөзүнүн бул жерине келгенде оор үшкүрүнүп алды.)
Мына ошондо мен ойлоно баштадым, кантип жардам берем, канткенде дүйнө элине жоолук жаман нерсе эмес экенин айтып жеткирем деп. Акыры мага бир идея келди.Эгер ар бир аял заты бир күн болсо да бир жолу жоолук салынып биздин(жоолукчандардын) ордунда болуп калса бизди түшүнөт беле, бирок муну кантип ишке ашыруу керек?
2013-жылдын 21-январында бүткүл дүйнө элинин аял затына Фейсбук, Ютуб каналдары аркылуу "World hijab day.com" деген баракча ачып кайрылуу жасадым." Сиздерди болгону 2013-жылдын 1-февралында өмүрүңүздордо биринчи жолу жоолук салынып корушунуздорду суранам!"
Мына ошентип менин кайрылуум дүйнө элине жетти, дүйнөнүн булуң бурчунан мага каттар келе баштады, "Мен өзүм христианмын, бирок 1-февраль күнү хиджаб кийип көрөм." "Мен динге такыр ишенбейм, бирок мусулмандарды сыйлайм, ошол себептүү мен да жоолук салынып көрөм" ж.б.у.с. каттар жамгырдай жаап жатты.....
Сөзүмдүн аягында эмне деп айтам, Аллахым адилеттүү! Жана бизге кечиримдүү болушубузду буйруган!"-дейт Назма Хан.
Бул макалам м-н менин айткым келген нерсе, ыйык деп билген жоолукка татыктуу бололу эже- сиңдилерим! Себеби биз Ислам дининин күзгүсүбүз, биз бул таза диндин чагылдырылышыбыз!Биздин ар бир кадам, ар бир жүрүм-турум үлгү алаарлык деңгээлде болууга тийиш.Анткени Ислам дини өзү үлгүлүү дин.
Ар бир аял затын Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү м-н куттуктайм, Аллахым өмүрүңүздорго береке берип, арышыныздарды кенен, ийгиликтүү кылсын, оомииииийн!
Текстти которуп, даярдаган: Сезим Нургазы кызы.