ЖРТ | Грамматика
739 subscribers
7 photos
1 video
2 links
📌ЖРТ | ГРАММАТИКА

• Лексика
• Морфология
• Синтаксис
• Орфография
• Пунктуация
• Кеп маданияты
• Стилистика
Download Telegram
Ал азыр ашка аралашып калды.
*ашка аралашып калды*-деген туюнтма эмнени билдирип турат.
Anonymous Quiz
49%
чоңоюп калгандыкты
30%
казан-аякка аралашкандыкты
19%
оорудан айыккандыкты
2%
тамакты жактырбагандыкты
Кайсы варианттагы сөздөргө мүчө уланганда, уңгулары өзгөрүп кеткен?
Anonymous Quiz
24%
тазала, отургуз,текшерил
19%
жамын,камдан,кеңейт
43%
ойно,сүйлө,укта
13%
кескиле,тебеле,кыйрат
Кайсы катардагы сөздөрдүн экөө тең туура жазылган?
Anonymous Quiz
65%
эртеңки, таңкы
11%
бүгүңкү,түнкү
9%
коркунучтуу,жыгашчы
16%
маңдай, тезкей
Акча, үй, жумуш -...
Жогорудагы сүйлөм кандай толукталышы керек?
Anonymous Quiz
33%
баарыбызга абдан керек
15%
турмуштагы чоң сыноо
14%
анын көзүн көр кылды
38%
бирде бар, бирде жок
Кайсы катардагы сүйлөмдөрдө белгиленген сөздөр орунду билдирип турат?
I. Ал 2000-жылдан *бери* шаарда жашайт.
II. *Бери* жылсаң , баарыбыз батабыз. III. Ал *илгери* эле ошондой кыйын болчу. IV. Ал *илгери* кетип, биз жетпей калдык.
Anonymous Quiz
16%
(А) II, III
36%
( Б) I, II
36%
(В) II, IV
12%
(Г) I, IV
Алардын, студенттердин сабактары абдан оор
*Студенттердин" деген сөздөн кийин кайсы тыныш белгиси коюлат?
Anonymous Quiz
29%
Үтүр
11%
Кош чекит
27%
Сызыкча
33%
Тыныш белгиси коюлбайт
Байлык, бийлик, атак-...
Жогорудагы сүйлөм кандай толукталышы керек?
Anonymous Quiz
16%
баары бир келбейт
6%
өтө коркунучтуу
31%
анын көзүн көр кылды
47%
бирде бар, бирде жок
Кайсы варианттагы сөз тизмегинин соңуна чекит койсо, мааниси жагынан туура келип, өз алдынча сүйлөм боло алат?
Anonymous Quiz
47%
Жалкоолук жардылык
16%
Жалкоолук жарды
20%
Жалкоо жарды
17%
Жалкоо жардырылык
Күч тууралык эмес, тууралык күч.
Бул сүйлөмгө кайсы тыныш белгиси зарыл?
Anonymous Quiz
12%
Үтүр
7%
Кош чекит
55%
Сызыкча
25%
Коюлбайт
1917-жыл.Жер томсоруп гана турат.Жайкалган эгин,буралган чөп жок. Ызылдап жүргөн шамалга чыдай албай кайыккан жандык сыяктуу титиреп турган сейрек куурайлар.Алардын арасында ичке куйруктарын көтөрүп, сереңдеп чуркаган сур чычкандар гана жүрөт.
Кайсы кеп?
Anonymous Quiz
32%
Баяндоо
57%
Сүрөттөө
6%
Ой жүгүртүү
5%
Элестетүү
Заттардын сын-сыпатын , өңү-түсү, даамы, формасы, мүнөзү же сапаты сыяктуу өзгөчөлүктөрүн башка бир зат менен салыштырып көрсөткөн сын атооч эмне деп аталат?
Anonymous Quiz
8%
Катыштык
58%
Салыштырма
29%
Сапаттык
5%
Күчөтмө
Фонд..., танк..., митинг...
Жогорку сөздөрдөгү чекиттин ордуна кайсы мүчөлөрдү улап жазсак туура болот?
Anonymous Quiz
33%
-ду,-ты,-ди
22%
-ту,-ты,-ти
12%
-ду,-аны,-ини
33%
-уну,-аны,-ди
Сүйлө
Жогорудагы сөз кайсы мүчөнүн жардамы менен жасалган?
Anonymous Quiz
13%
-лө
63%
-ла
6%
-ло
18%
мүчөсү жок
-лар мүчөсүнүн жардамысыз көптүк маанини билдирген сөздөрдүн катары кайсы?
Anonymous Quiz
34%
Сүйүү, жашоо, жыргал
16%
Эгин, сүт,бала
18%
Кайчы, бак-дарак,чөп
31%
Туура вариант жок
XXI кылымда алты-жети баланы тарбиялаш бир аз кыйын.
Сүйлөмдө канча сан атооч бар?
Anonymous Quiz
10%
Бир
46%
Эки
34%
Үч
10%
Төрт