ЖРТ | Грамматика
741 subscribers
7 photos
1 video
2 links
📌ЖРТ | ГРАММАТИКА

• Лексика
• Морфология
• Синтаксис
• Орфография
• Пунктуация
• Кеп маданияты
• Стилистика
Download Telegram
6. …, талкууга катышкан ар бир адам өз оюн айтууга акылуу.
Айтылган ойду ырастоо үчүн көп чекиттин ордуна кайсы сөздү коюу керек?
Anonymous Quiz
10%
(А) Балким
4%
(Б) Болжолу
81%
(В) Албетте
6%
(Г) Мүмкүн
7. Кырк жылга чамалаш чыгармачылык өмүрүндө Алым Ашыров далай өнөр дабанын ашып, көптөгөн
жаш талант-тарды телчиктирип койду.
Берилген сүйлөм адабий тилдин кайсы стилине мүнөздүү?
Anonymous Quiz
38%
(А) Публицистикалык
22%
(Б) Илимий
36%
(В) Көркөм
4%
(Г) Иш кагаздар
8. ойно
Жогорудагы сөз кайсы мүчөнүн жардамы менен жасалган?
Anonymous Quiz
11%
(А) –ло
32%
(Б) –на
16%
(В) –о
41%
(Г) –ла
9. -лар мүчөсүнүн жардамысыз көптүк маанини билдирген сөздөрдүн катарын табыңыз.
(А) акча, эшик, ай
(Б) сан, мол, бал (В) чөп, эгин, мал (Г) жаан, ич, бала
Anonymous Quiz
14%
(А) акча, эшик, ай
27%
(Б) сан, мол, бал
51%
(В) чөп, эгин, мал
8%
(Г) жаан, ич, бала
10. Досум бул жерден ________ кеткен.
Сүйлөмдөгү бош орунга кайсы катардагы сөздөрдүн ар бирин койсок, сүйлөмдүн мааниси туура болот?
I. кечээ, эртең, мурдагүнү II. азыр, бүрсүгүнү, бүгүн III. эчак, жана, капкачан IV. түнү, быйыл, эртең менен
Anonymous Quiz
12%
(А) II, IV гана
22%
(Б) I, III гана
10%
(В) II, I гана
56%
(Г) III, IV гана
1-суроонун жообу:
Бул тапшырманын негизин энчилүү аттардын туура жазылышы түзөт. Бул тапшырманын (А) вариан-
ты туура эмес. Биринчиден, «Баатыр» деген сөз энчилүү ат эмес. Экинчиден кош сөздөрдүн ортосуна
гана дефис коюлат. (Б) варианты туура эмес, себеби кош сөз катары берилген. (В) варианты туура. «Баа-
тыр» деген сөз жалпы ат, кичинекей тамга менен жазылат. (Г) варианты туура эмес. Адамга тиешелүү
өзгөчөлүктү билдирген ылакап аттардын гана ар бири баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазы-
лышына да жол берилет (Мисалы: Кыз Сайкал, Тоголок Молдо ж.б.)
Туура жообу (В).

2-суроонун жообу:
Чет тилден кирген сөздөрдү кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин нормаларында жаза берүү бул тап-
шырманын негизи. Бул тапшырманын (Г) варианты туура. Себеби табыштык айкалышы, муун түзүлүшү
жагынан туура келбеген чет тилден кирген сөздөргө бир үндүү тыбыштын кошулушу эне тилдей көрк
берет. Жазууда да жол берилет. (А), (Б), (В) варианттары бул эрежеге толук жооп бербейт.
Туура жообу (Г).

3-суроонун жообу:
Бул тапшырма энчилүү аттарды туура жаза билүүнү текшерет. Бул тапшырманын (Г) варианты туура,
себеби мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме, ишкана, коом, фонд, уюмдардын аталышынын би-
ринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат.
(А) варианттагы I, II жооптор туура эмес, себеби мамлекет, мамлекеттик жогорку органдардын гана
бардык сөзү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат. Илимдер академиясы мамлекеттик жо-
горку орган эмес.
(Б), (В) варианттардын жооптору да бул эрежеге дал келбейт.
Туура жообу (Г).

4-суроонун жообу:
Бул тапшырмада сүйлөмгө коюлуучу тыныш белгилер, ошону менен бирге сүйлөмгө мүчө боло алба-
ган сөздөрдүн тыныш белгилерин коюну ажырата билүүнү текшерет.
(А) варианты туура. «Кап» деген сырдык сөз болгондуктан, сүйлөмгө мүчө боло албайт да үтүр менен
ажыратылат. Экинчи сүйлөмдө ойдун аягы айтылбай калгандыктан көп чекит коюлду. Бүткөн бир ойду
билдирген сүйлөмдүн аягына гана чекит коюлат.
(Б) вариантында «Кап» деген сырдык сөз, бүткөн бир ойду билдире албайт.
(В) - бүткөн бир ойду билдиргендиктен көп чекит эмес, чекит белгиси коюлат.
(Г) – бул сүйлөм күчтүү сезим менен айтылган жок, ошондуктан илеп белгиси эмес, чекит коюлат.

5-суроонун жообу:
Бул суроо көп маанилүү жана айтылышы бирдей, бирок маанилери ар башка сөздөрдүн маанилерин
бири-биринен так ажыратып, аларды турмушта туура, орундуу пайдалана билүү жөндөмүн текшерет.
Суроону кунт коюп окуп чыгабыз. Жооптордогу баш сөзү контексттин ичинде кандай мааниде колдо-
нулганын аныктайбыз. Эгерде Сиз (А), (Г) варианттарын тандап алсаңыз, баш сөзү «жетекчи», «башчы»
маанисин туюндуруп калат.
Ал эми (Б) вариантында ал өзүнөн кийинки сөз менен айкаша келип, «тил албоо» деген маанини бил-
дирет. Демек, туура жообу (В) болуп саналат.

6-суроонун жообу:
Тесттеги мындай түрдөгү суроолор кызматчы сөздөрдүн маанилерин жана кызматын түшүнө билүү
жөндөмүн текшерет. Айрым сөздөрү калтырылып кеткен мындай сүйлөмдөр суроолордон мурда бери-
лет.
Берилген сүйлөмдү окуңуз, андан соң берилген суроого көңүл буруңуз. Бош орунга туура келчү сөздү
эмес, ырастоо маанисинде келген сөздү коюш керектиги талап кылынууда.
(А) жана (Б) вариантындагы сөздөр божомолдоо маанисин берсе, (Г) вариантындагы сөз
мүмкүнчүлүктү билдирет. Ал эми бизге ырастоо маанисин туюнткан сөз керек. Демек, туура жообу (В)
варианты болуп саналат.

7-суроонун жообу:
Эгерде (Б) жана (Г) варианттарын туура деп эсептесеңиз, анда бул мисалда илимий жана иш кагазда-
рынын стилине таандык тил каражаттарын учурата албайсыз. Илимий стилде көбүнчө терминдер пайда-
ланылса, иш кагаздарындагы сүйлөмдөр бир калыпка салынган, ашыкча түшүндүрмөлөрсүз болот.
(В) варианты болгон көркөм стилдин өзгөчөлүктөрү бул контексттен байкалбайт. Көркөм стилде өтмө
маанидеги сөздөр, экспрессивдүү, эмоционалдуу лексика колдонулат. Демек, бул сүйлөм өзүнүн мазму-
ну жана тил каражаттары боюнча публицистикалык стилге жатат.
Туура жообу (А).

8-суроонун жообу:
Мында сөздөрдү муунга ажыратуу (ой-но) менен уңгу, мүчөгө ажыратуу (оюн+ла) бири-бир
ине дал
келбей турганын эске алуу зарыл. Эгерде биз (Б) вариантын тандасак (-на мүчөсү) анда сөздүн биринчи
мууну таптакыр бөлөк маанини туюндуруп калат да, андан куралган сөз эч кандай маанини билдире ал-
бай калат. Ошондуктан, суроого туура жооп берүү үчүн берилген сөздү уңгу, мүчөгө туура ажырата
билүү керек. Ойно – оюн+ла.
Туура жообу (Г).

9-суроонун жообу:
Берилген сөздөрдү кунт коюп окуп чыгыңыз. Бир вариантта үч сөз берилди, булардын экөө көптүк
маанини билдирип, бири гана көптүк маанини билдирбеген сөз болсо, демек, бул вариант туура жооп
боло албайт. Ошондуктан ар бир сөздүн маанисин түшүнө билүүгө аракеттениңиз.
(А) вариантындагы ай сөзүндө көптүк маани жок, ага –лар мүчөсүн улоо аркылуу (ай+лар=айлар)
көптүктү билдирүүчү сөздү жасай алабыз. Демек, бул вариант туура эмес.
(Б) вариантындагы сан деген сөз көптүк түрдө сандар болуп колдонулат. –лар мүчөсү уланбаганда
көптүк маанини билдире албайт. Демек, бул вариант да туура эмес.
(Г) вариантында бала деген сөз –лар мүчөсү уланбаса, көптүк маанини билдирбейт. Демек, бул жооп
да туура эмес.
(В) вариантындагы сөздөргө –лар мүчөсү уланбаса да, көптүк маанини билдирерин баамдасак болот.
Анткени, биз «бир чөп чаптым», «эки эгин алдым», «үч мал кайтардым» деп эч убакта айтпайбыз. Демек,
туура жообу (В).

10-суроонун жообу:
Бул тапшырма мезгил тактоочтордун маанисин ажырата билүү жөндөмүн текшерет. Сүйлөмдөгү бош
орунга эки катардагы сөздөр туура келе турган болсо, суроо жогоркудай формада түзүлүшү мүмкүн.
(А) вариантындагы сөздөрдүн ичинде эртең деген сөз бар. Тапшырмада берилген сүйлөмүбүз өткөн
чакта берилгендиктен, бул вариант туура эмес жооп болуп эсептелет.
(Б) вариантындагы сөздөрдү карап көрсөк, бүрсүгүнү деген сөз сүйлөмдүн маанисине туура келбейт.
(В) вариантында да эртең деген сөз кайрадан кайталанып берилген. Ошондуктан туура жооп (Г) вари-
анты болот. III, IV катардагы сөздөрдүн ар бирин тапшырмада берилген сүйлөмдөгү бош орунга койсок,
сүйлөм туура түзүлгөн болот.
Ал куруучу.
Асты сызылган сөздөн кийин кандай тыныш белгиси коюлат?
Anonymous Quiz
13%
Үтүр коюлат
10%
Көп чекит коюлат
46%
Сызыкча коюлат
31%
Тыныш белгиси коюлбайт
Мимика, жамдоо, сырдык сөздөр өзгөчө каражаты болуп саналган стиль.
Anonymous Quiz
70%
Сүйлөшүү стили
10%
Жазуу стили
9%
Стилдердин баары
11%
Илимий чыгармалар
"Арпа жеген тишиңден,
Агама берген күчүңдөн..."
Ырдын стили.
Anonymous Quiz
4%
Репортаж
9%
Публицистикалык
47%
Лирикалык чыгарма
40%
Көркөм
Биз дем алыш күнү Жети-Өгүз жайлоосуна бардык. Сүйлөм кайсы стилде түзүлгөн?
Anonymous Quiz
6%
Сүрөттөө
74%
Баяндоо
14%
Баяндоо жана сүрөттөө
6%
Ой жүгүртүү стилинде
Шыбышка караганда үн көп катыша турган тыбыштар.
Anonymous Quiz
20%
а,ы,и,о.
22%
б,в,г,д,ж,з.
19%
м,н,ң,р,й,л.
40%
аа,оо,өө,уу,үү,ээ.
Күмөн+ла, көргөз+ма,ишмер+лык.
Үндөштүктүн түрлөрү
Anonymous Quiz
37%
Эрин күүсүнө карай
33%
Тилге карай
21%
Жаакка карай
9%
Үн узундугуна карай