Motivation📚 Мотивация💡
68 subscribers
505 photos
66 videos
✔️Китептер тууралуу фактылар
✔️Мотивациялар
✔️Пайдалуу маалыматтар
✔️Картинкалар
✔️Жаратылыш
✔️Ислам дини
✔️Цитаталар
✔️ Аралаш
Download Telegram
Алыстарга сапар тартып кетсен гана..🛫
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
-Адам болуу деген эмне? Адам канткенде адам болот?
-Бул -өтө оор суроо.Адам болуунун да түрлөрү бар.Элде начар адам,орто адам ,ортозаар адам, жакшы адам, мыкты адам деген түшүнүктөр бар.Мунуно баарын жалпысынан адам деп айтканыбыз менен ,адамдын да адамы бар.Кызык, адамдын бары өзүн адамбыз деп эсептейт.Ооба ,бары адам деген атты алып жүрөт.Бирок кандай адам экендигин өзү да толук баамдабайт.
Адам болуу үчүн адамга тиешелүү көптөгөн жакшы сапаттарга жетүү керек: адам өзүнүн кандай адам экендигин талдап билип, жагымсыз жоорук-жосундан арылып ,жашоонун туура жолуна түшкөндө ,жана да тиричилик өзүнүн түз,жагымдуу ордун тапканда ,өз баркын билгенде,айрыкча башкаларды да адам деп урматтай билгенде жашоонун көркүнө чыгарган мээнеткечтиктен , адамгерчиликтин,сезимталдыктан,ар кандай нерсени туя билген билимдүүлүктүн баркын билгенде ойдогудай адам болот.Мындай даражага жетүү абдан кыйын.Жакшы адам деген-эңсеген ,самаган даража ,улуу даража.Бул даража өмүрдүн аягына чейин сактап жүрүү баарынан кыйын...
БИЛИМ ТУУРАЛУУ📚

Азыркы учур #билимдүүлөрдүн заманы. Билим алуунун эрте-кечи жок. Эгер бир нерсеге кызыгып ага каалоо болсо, аны ишке ашырууга ашыгыныз.

Билим сөзсүз керек. Жөн гана адам болуу үчүн да билим талап кылынат.

Билим– философиялык көз карашта объективдүү чындыктын адамдын сезиминде чагылдырылышы.

Педагогикада Билимди биз эки мааниде түшүнөбүз:

1) Билим – адам тарабынан кабыл алынуучу, сезилүүчү, түшүнүлүүчү жана анын оюнда сакталып калуучу информация (маалымат);
2) Билим – улам жаңы информацияны кабылдап, аны өздөштүрүү үчүн адам тарабынан пайдаланылуучу каражат, курал.
Китеп окуган ар бир адам лидер эмес, бирок ар бир лидер китеп окуусу керек.

“Эмне үчүн китеп окушубуз керек?” китебинен..
Илим бакчасына баш бак

Китеп окууга, Куран окууга жана жаттоого тамакка жана уйкуга убакыт бөлгөндөй эле убакыт бөл. Оку, түшүн, окуганыңды иш жүзүндө пайдалан. Диндеги илимсиздик - караңгыда чыраксыз калгандай. Бул караңгыда сага китеп шам болот. Үйүңдүн бир бурчунда кичине болсо да китепкана болсун. Кийим, буюм, техника, гаджет сатып алгандай эле китепти да сатып ала бер. Тигилер түгөнөт, сынат, китеп калат. Китептен окуганың жүрөгүңдө түбөлүк калат.

Үйүңдүн бир бурчунда кичине китепканаң болсун. Бош убактыңды ошол жерде өткөр.

"Аял сен асылсың" китебинен
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Күчтүү адамдын 10 принциби

1. Күн сайын алсыздыгыңызды жеңиңиз.
2. Эң биринчи өзүңүзгө керектүү болуңуз.
3. Ачууланбаңыз, бирок пайда болгон маселелердин чечимдерин издеңиз.
4. Баары аягына чейин.
5. Оңой жолдорду издебеңиз, бирок рационалдуу чечимдерди издеңиз.
6. Ийгилик сиздин алсыздыктарыңыздын үстүнөн күнүмдүк кичинекей жеңиштердин натыйжасы экенин унутпаңыз.
7. Эркиңизди жана мүнөзүңүздү күн сайын азыктандырыңыз.8. Башка адамдарды кароону токтотуңуз.
9. Башка адамдардын нааразычылыгы сиздин көйгөйлөрүңүздүн себеби экенин унутпаңыз.
10. Баары жаман болгондо да - колуңду кое бербе!!!
Я готова…

— к большему
— к приключениям
— к переменам
— к новым впечатлениям
— к самосовершенствованию
— к росту
#мотивация
ОЙДУ БАШКАРУУ

♦️Ой адамды эбегейсиз зор бийиктерге жеткирчу курал. Бүгүнкү реалдуулук - адамдын кечеги ою. Бүгүнкү ойду башкаруу - эртеңки жашоону башкаруу.

♦️Адамдын өз оюн башкара алганы - анын эң зор жетишкендиги. Анткени, ой бардык аракеттин башаты.

♦️Адам оюн кантип башкарат? Келген ойлорду тандоо менен гана. Б.а. ал келген ойдун ордуна зарыл ойду ойлонууга өтүү, б.а. зарыл ойду тандоо менен гана башкара алат. Мисалы, оору тууралуу ой келсе, анын ордуна соолук, наалуу ордуна шүгүр ж.б. ойлорду табуу керек.

♦️Эгер андай ой жок болсо демек, маалымат жок, аны табуу жана алуу, окуу зарыл болот. Ошондо да ой өзгөрбөсө - демек адам өзү негативге көнүп алган жана ага утулуучу, өксүк жана бактысыз жашоо алда канча ыңгайлуу.

♦️Ошентип, ойду тескөө - өнүгүү үчүн эң зарыл болгон эп жана аны өздөштүрүү менен жашоонун алда канча жогорулатса болот.

ОЙДУ БАШКАРУУ ӨЗГӨРҮҮДӨН БАШТАЛАТ💡
Көзү тирүүсүндө эле бейиш менен кубандырылган 10 сахабанын бири, Пайгамбарыбыздын досу, момундардын 2-адилеттүү падышасы Умар ибн аль-Хаттабдын насааттарын окуп, жашооңузда пайдаланыңыз.
Азирети Умар бир кишиге мындай деп насаат айтты:

1️⃣ «Элге аралашып жүрүп, өзүңдүн милдеттериңди таштап салба. Анткени мойнуңдагы милдеттерге алар эмес, сен жооптуусуң.

2️⃣ Күнүңдү бош өткөрбө, кылган иштериңдин баары жазылууда.

3️⃣ Бир күнөө иш кылып койсон, дароо анын артынан жакшы иш кыл. Себеби мурда кылынган бир күнөөнүн кечирилишинин эң кыска жолу - жаңыдан бир жакшы иш кылуу»

4️⃣ Мухаммад бин Шихабдын (радиаллаху анху) айтуусунда, азирети Умар мындай деген: «Сага тиешеси жок иштер менен алек болбо".

5️⃣ Душманыңдан оолак бол. Коопсуз досторуңа гана ишен. Анткени коопсуз жана ишенимдүү адамдын орду теңдешсиз.

6️⃣ Бузуку адамдар менен дос болбо, себеби алардын жаман адаттары сага да жугат. Аларга сыр айтпа. Иштериң тууралуу Алладан корккон, такыба адамдар менен кеңеш»