Жашоо сабактары 🕊️
78 subscribers
34 photos
70 videos
5 files
5 links
Welcome 🕊️
Download Telegram
📝

Окурманга кат!
Бул кат айрыкча жаш өспүрүмдөргө.....
Сүйүүнү эмне кыласың! Сүй бирок ата-энени, өзүңдү,досторуңду, мектепти,китепти сүй! Сүйүү эмне экенин билбейсиң, анан мен бул баланы сүйүп калдым,ансыз жашай албайм жана ушундай сыяктуу нерселер... Айланайын, сүйүү эмне экенин өзүң билбейсиң! Анан сүйүү эмне десем интернеттен алынган сөздөрдү айтасыңар. Айрыкча статус, историясына түшүнүксуз бир нерселерди жазасыңар:) Жаш кыздарга айтат элем айрыкча 5-класстан,11-класстарга чейинкилерди. Балдар өзүлөрү айтмакчы 5 күндүксүңөр! Силерди жылуу жумшак сөздөрү менен алдап анан кызыгы кеткенде таштап кетет. Артыңарда менден калган кыз деген өчпөс - өлбөс сөз калат.
Мырзалар кандай кыздарды жактырат....
Убактылуу ачык кийинген, боёнгон,кыска айтор ушундай кыздар менен беш күндүк мамиледе болушат! Ал эми үйлөнгөнгө же туруктуу мамилеге аркасынан сөз ээрчитпеген , таза, ыймандуу,калайык журтка жаман жагы менен даңкы чыкпаган жана тынч кыздарды издешет. Албетте сулуулукту 1-орунга коюшат. Албетте, өзүңөрдү өзүңөр үчүн карагыла. Таза,тыкан кийинип, өзүңөрдү карасаңар өзүңөргө дагы жакшы. Анан мырзалар биринчи жазган кызды такыр эле жаман көрүшөт. Эч качан биринчи кадам таштабагыла! Айрыкча азыркы жаш өспүрүмдөр. Өзүңөрдүн уятыңар менен кошо намысаңарды да жоготуп аласыңар!!!
Депрессия  - бул психиканын бузулушу, анын негизги белгилери: көӊүлдүн чөккөнү жана ырахат алуу жөндөмүнүн начарлашы же жоголушу
1. Пессимизм

2. Өзүн күнөөлөө, пайдасыз деп сезүү, тынчсыздануу жана / же коркуу;

3. Өзүн төмөн баалоо;

4. Көңүл топтой албоо жана чечим кабыл алуудан кыйналуу;

5. Өлүм жана (же) суицид жөнүндө ойлор;

6. Туруксуз табит, салмактын жеӊилдеп же оорлоп кетиши;

7. Уйкунун бузулушу, уйкусуздук же ашыкча уйку.
Ошондуктан депрессиядамын деп отура бербей, бир нерсе менен алаксыңыз же болбосо деңиздин жээгинде барыңыз,китеп окуңуз,кино көрүңүз (комедия), өзүңүзго жаккан иш менен алек болуңуз (уй жыйноо, өзүңүз жалгыз тамак жасоо) .
Мага окшоп кечке депрессия болгондор үчүн!:))
Менин бир курбум бар. Аты сыр бойдон калсын....
Шамга чейин, кеч курун сейилдегенди жакшы көрөбүз. Сырдашабыз..... Өтө сонун адам. Көз тийбесин😁 Бир күнү суроо бердим:
-Сенин бул дүйнөдөгү негизги максатың эмне?
- Өлүмгө даярдануу, Ибадат кылуу..)))
Билесиңби?! Жашоо кыска,ал эми биз түбөлүктүүдой жашайбыз. Мен акыртке барганда кантип жооп берем.Намаз окубасам айтор.....
Азыркы адамдар сырткы келбетке карап калышты. Мен аны кечээ бүтүрүү кечесинде көрдүм. Адамдардын кандай экенин. Ичим ачышты. Мен мурун. ойлочумун. Шаарга барганда мындай кийинем,бул нерсени сатып алам ж.б. Азыр болсо Куран окуп, курстарга барып жакшы билим алгым келет.
Айтор мага дайыма руханий азык берет. Жакшы көрөм сени❤️
#Сырткы келбет эмес,ички жан дүйнөсү🌸
Эртең экзамен!😢
Иногда хочется послушать..

ɴ ᴇ ᴠ ᴇ ʀ
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Балет!
Кыялдар(детская мечта). Мен дагы конкуренциям менен «Одетта» «жизельди» талашып бийлесем деген аруу кыялдарым бар эле. Тилекке каршы айылдын шартына байланыштуу кыялдар орундалган жок!)))
Айылда бир эжеке бар,анан ал бир күнү минтип айтты:- Үй-бүлөм жагат, бирок айылдын шарты жакпайт.
-Неге?
-Бул жакта:бий ,комуз, музыка, спорт ийримдери жок да. А мен балдарымды кантип тарбиялайм. Элементтарный Англис менен орус тилдеринде курс жок! Менин балам менен шаардагы тууганымдын баласын кара!
-Туура! Өлкө өнүксө буюрса айыл дагы өнүгөт! Айылдын бир кемчилиги ушунда....
Жакында эле бир Азербайжандан конок келди.Борборду (Бишкек) айланып чыкты.
-Силерди борборуңар ушулбу?!
-Ооба,неге?
-Бул кыштак,туугандар. Жаратылышыңар бейиш,ал эми борборуңар айыл экен.

Ооба Дубай менен Кыргызстанды же Түркия, Азербайжан менен салыштырып болбойт)))
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн


•Б.Сарногоев
Live stream finished (34 days)
Кандайсыңар? Бул мен жөнөкөй эле адаммын. Адам кайсы убакта бактылуу болот? Жоок,адам өзү бул дүйнөдө жашап жатканы эле бактылуу болуш керек. Бактылуу болуш үчүн убакыт кереги жок. Ар бир мүнөт,ар бир секунд сен бактылуулуктун даамын сезишиң керек. Бир күн келет,өлүм ханзаадасы келип эшигиңди каккылап,ошол убак келгенче жашоодон ырахат ал! Бул биздин жашоо. Адамдар сүйүү сезимин бийик коюшат. Сүйүү-бул сөз менен түшүндүрө албайсың. Дегеле койчу сүйүү деген нерсе, түшүнүксуз бир нерсе. Азыр сен жаныңда эч ким жок жалгызсырап отурасың. Сен жакшы көргөн адам жанымда болсо экен дейсиң. Бир күн келет,жүрөгүңдүн эшигин тык-тык этип согуп. Ошондо сен дагы бир жолу бактылуулуктун даамын сезесиң.
Ата-энеңди көзү тирүүсүндө сыйлай бил! Бир күн келет ата-энеңди дагы кучактай албай ,апалап аталап эркелей албай каласың. Азыр болсо, тоготпой,кыйкырып-бакырып таарынтып жатасың. Бирок бул кылганың үчүн өкүнүп калган бир күнүң келет.
Бир күн келет,жашоонун сынагына сынып,кыйналып жатканда, жаныңда баягы«доке» деп жүргөн досторуң жок.Ошондо кимдин ким экенин билесиң! Жалгыздыктын даамын таткан да бир күн келет!
Бир күн келет, кыш менен жаз алмашып,жаз менен жай алмашып,жай менен күз алмашканда.Ар бир мүнөт сизге жана бизге пайдалуу. Ошон үчүн убакыт- бул акча.Ар бир секунд, мүнөттү сүйүп жаша! Бир күн келет!Бир күн келет! Бир күн келет!
Ассаляму алейкум кандайсыздар?
Окуугандар окууларыңыздар кандай болуп жатат?
Иштегендер игиңиздер кандай болуп жатат?
Ал эми бекерчиге жардамчылар сиздер кандайсыздар?
Борборго (Бишкеке)келдим,окуганы. Окууларым кудайга шүгүр ойдогудай. Болгону кесибим котормочу болгондуктан,чет тилинен кыйналып жатам) Калганы кудайга шүгүр баары жакшы🥰
Элдер, кандайсыздар? Сиздердин кичинекей эрке кызыңар телеграммга кирбей катталуучуларым качып кетиптир🫣
Мен студент болуп суйкайып,бирөө айтмакчы корпусумдун айланасынан кымыз жыттанган кыргыз жигиттери айланчыктап чыкпай калды(тамаша 🤭)
Ошол,группада староста болуп, моюнумда милдет коп🫠
Бирок сиздерди дагы унутпайм,жашоомдо болгон сабактарды киргизип турам🫡