Жашоо сабактары 🕊️
76 subscribers
34 photos
70 videos
5 files
5 links
Welcome 🕊️
Download Telegram
Көмүскөдө калган махабат..... Сүйүүгө чектөө койбогула.Ал назик,капа болуп калат. Сүй бирок,байланба. Бул сүйүүнү барктагыла,сыйлагыла! Айтор ,ошол Аристократ эжеңерден бир маанисиз бир нерселер😅
«Байланбагыла»-деген сөзүмө,бир кыз жазыптыр.-Байланбаганга болбойт экет.Аракет кылдым болбой койду. Бул өзү сүйүүнүн мыйзамы экен.
Жок болсо, жакшы көргөн жигити аны башка кыз менен алмаштырып кеткен.
Көрсө биз кыздар,аялдар өзүбүздү сыйлабайт экенбиз да.... Өзүбүздү ушул таманыбыздын алдына бүктөп тепселенип калып калат экенбиз да.Суйуу деп өзүбүздү таппай калат экенбиз.Азыр көпчүлүктүн мээси карангылыкта, жүрөгү туңгуюкта. Өзүбүздүн үстүбүздөн иштеп, өзүбүздү биринчи орунга коюш керек экен. Мен дал ушундай учурлар болуп жатат.Намысымды бир пакетке ороп анан, жакшы көргөн адамыма жазыш үчүн,мени көрүш үчүн канча айла кылдым.Бирок азыр өкүнөм.Балким, бул менин мээмдин караңгылыгында. Өзүмдү бүт дүйнөнүн ханышасы кылып,ал адам менин тырмагымдын учуна татыбайт десем эмне болот эле......)))))
Айтар элем, 133 катталуучум менен мактанбайын бирок бул группада мырзалар дагы бар,эжелер дагы бар.Эжелер болсо жолдошуңуздарга......

Мен деген атам бар, байкелерим бар кудайга шүгүр. Болгону алардын мээримин толук кандуу ала алган жокмун.Эгерде сиздер кыздарыңыздарга мээримди аябай берсеңиздер,эркелетсеңиздер (моралдык жактан) балким сиздин кызыңыз башкача кыз болот, намыстуу,башкалардын астында эмес,башкалардын үстүндө болуп,жигит тандоодон дагы адашпайт.Себеби мээрим көрбөгөн мага окшогон кыздар балдарга өзү жазат,бир адамдын мээрими болсо экен дейт,көп жерден ыйлайт анан аны эркектер алдап коюш оңой эле. Себеби эркектин мээрими жетишпесе ал ал нерсе зарыл. Ошондуктан кыз деп эле жерип койбой кызыңарга камкор болгула,сыйлагыла ал үчүн баардыгын жасагыла.Анан сырдаш болгула,атадан өткөн сырдаш эч ким жок.Сага чоңойгондо өзү жигиттерин айтып берип турат😁
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
«Разбой» киносун көрүп келдим😁Анан жанымдагы бир бала аябай ыйлап алыптыр 😅Жүрөк жүрөк экен.Анын жанында отуруп экөөбүздун сезимдерибиз алмашып кеткендей го чиркин.Мага жакты бирок көзүмөн жаш чыккан жок😄Өзүм ушундаймын мындай нерселерге ыйлабай деле коёмун 😄Жанымдагы бала ыйласа күлүп отурдум кинонун аягына чейин. Бала чамасы 19-20 жаштарда го😊 Кино бирок 100/10🔥
-Издебейм,издеп келсин!
-Ким?
-Эч ким)
-Анда эмне?
- Суйуу!
Айтор, телеграмда мурун көп отурчумун.Ушундай каналыма дагы бар эле. Катталуучуларым азайган сайын илхомдор жоголуп кеттиби же убакыт жокбу айтор каралбай кетти. Анан ушинтип отурсам жеке катка 30жаштагы эже жазды:«Куйоом карабайт,3 балам бар,каякка барам, күйөөмдү эмне кылам,ажырашамбы,же кантип күйөөмдү өзүмө каратып алам » деп.Мен жашмын ,жашым 17де. Бешиктен бели чыга элек,жашоонун татаалдыгын 70% көрбөгөн кыз ана сага мотивация берди.😆 Өзүңүзду өзүңүз сүйүңуз,сиз бүт өмүрүңүздү жолдошуңуз менен балдарыңызга арнап өзүңүздү таштап койгонсуз,анан жүдөп 3 баланы карап отурасыз,жолдошуңуз бир жакшынакай кызды ээрчип кетти. Сиз эмнеге өзүңүзду карабайсыз салонго барыңыз күйөөңуздун маңдайында суулу бир аял болуңуз ж.б. Бирок менин сөздөрүм пайда бериптир, кийин «күйөөм кайтып келди,эжеке сиздин кеңешиңизге чоң ыракмат » деген эле да. Ошо анан....😁
Мен издеген идеалдуулук кайсыл жакта?
Өзүмдө,табиятта жана апамда.
Идеалдуулук жок деген нерседен алысмын. Ал албетте бар,менде апамда жана табиятта.
Кээде жөн гана өзүмдү ойлогум келет......
Адамдардын баары өзүндөй эмес деген бир философияны күнүгө эстен чыгарып коём. Боорукердик, мээримдүүлүк кудайдан берген бир касиетпи билбейм. Кара мүртөздуккө чейин эле боорукерлигим жеңип коёт.
Сөзгө чоркок,ойго мокок болдум.
Китеп көп окубаганымдын кесепети)))
Кечки ойлор

Айтат го аял киши бул дүйнөгө эмне үчун келет дегенде, аял адамы тукум улатыш үчүн,баланы туура тарбиялаш үчүн деп. Анан адамзат кыз эр жеткенде эле турмушка бериш керек,бала төрөө керек, кайын журтка кызмат кылып,үйдөн чыкпоо керек деген кыргызбайлардын философиясы менен жашап алышкан. Мен ойлойм кыз ошол моралдык жактан турмушка даярбы? Макул турмуш тиричиликке ата энеси даярдаган,а бирок кызды моралдык жактан ким даярдайт? Маселен ошондо болуп жатпайбы... Ал татыктуу эне, жубай болушу үчүн билим керек деп ойлойм. Эгерде ал келечектеги дүйнөнү терметкен баланы тарбиялайм десе албетте,бул жерге дагы билимди кыпчып өтмөкмүн. Анан чындыгында кыргызбайлардын философиясына ишенип арканды кыска таштабайлы!
Сүйлөштүм,тааныштым.
Чындыгында сүйүү издедим.Бирок,таппадым. Өзүмдүн адамыма жолукмайынча башка адамга үмүт бергим келбейт.
Таанышып көрсөң, жакшы бала,алдында машинасы,артында үйү бар ж.б.....
Ооба ,таанышып,чайлашып коюу мен үчүн оңой экен. Эски тааныштардай кобурашып коё берет экем.Мен деген көп сүйлөгөн немемин да. Бирок ошол таанышуудан кийин ал менин адамым эмес экенин сезгенден кийинки момент. Ага «менден башкасынан эң жакшысына жолугушуңузга тилектешмин, бактылуу болуңуз деген сөздү айтуу абдан оор». Абдан оор чындыгында
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Руханий азык,Султан Саид Али менен😇
Абийир кечирбейт
Өзүмдү гана ойлогум келет,бирок кээ бир нерселер мүмкүнчүлүк беришбейт.
Иштейсиң, окуйсуң баарына жетишкенге аракет кыласың бирок колуман келбей жатат. Мурунку өзүмдү сагындым. Энергиясы ашып ташкан өзүмдү сагындым. Боорукер, акылдуу,бирөөгө зыяны жок өзүмдү сагындым . Билбейм, колуман келбей жатат. Жалкоолуктан тажадым.....
Жакын адамдарыма айткым келет, «мага ишенгилечи,мен силер ойлогон жолго баспайи,мага болгону кызым сага ишенем!» деген сөзүңөр керек .