МЕДИА БИЛИМ📚😁👌
218 subscribers
17 photos
1 link
Download Telegram
Channel name was changed to «МЕДИА БИЛИМ»
Саламатсыздарбы урматтуу достор. Биздин @mediabilim1 баракчабызга кош келипсиздер.

Бул баракчада :
Медиасабаттуулук боюнча маалыматтар
Критикалык ой жүгүртүү
Логикалык суроолор
Толеранттууук
Кызыктуу фактылар
Конкурстар
Жаңы мүмкүнчүлүктөр жана
Эң кызыктуу, пайдалуу маалыматтар жүктөлөт.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз 🧩

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда

#Медиасабаттулуктунпайдасы
📽️Медиа бул жалпыга маалымдоо каражаттарынын жалпы аталышы. Англис тилинен кирген мааниси "массалык маалымат каражаттары" деп которулат жана телевидение, радио, гезит, интернет деген түшүнүктөрдүн жыйындысын түшүндүрөт. Латын сөзүнөн келген мааниси боюнча Medium «ортомчу, орто» дегенди билдирет, ошондуктан адам менен жаңылыктардын булагынын ортосунда тургандарды медиа дейбиз.

🌎Медиага “жалпыга маалымдоо каражаттары”, ошондой эле интернет-ресурстары кирет.

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда

@mediabilim1
Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) – бул коммуникация, ооз эки, визуалдуу же болбосо аудио маалыматты бере турган байланыш куралы.

ЖМК маалыматты жыйнайт, оңдойт (талдайт), андан кийин аны аудиторияга жеткизет.

ЖМКлар төмөндөгүдөй болот:

▶️ басып чыгарылган: китептер, гезиттер, журналдар

▶️ Электрондук: телекөрсөтүү, интернет

▶️ Радио: радио уктуруу

@mediabilim1

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда
Маалымат - бул дүйнө тууралуу кабарда болуу.

@mediabilim1

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда

#Медиасабаттулуктунпайдасы
Маалыматтын ишенимдүүлүгү - бул анын сапатын, жалпы тактыгы менен толуктугун көрсөтө турган маалыматтын касиети. Анда бурмаланган же болбосо жалган маалыматтар болбогон кезде маалымат ишенимдүү.

@mediabilim1

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда

#Медиасабаттулуктунпайдасы
Факт (лат. Factum - болгон окуя, нерсе) - билдирүү, далилдөө формасындагы чын-бышыгы такталган билим. Факт (лат. Factum — аткарылды) — ишенимдүүлүгү ырасталган түрдө белгиленген маалымдама түрүндөгү билим.

@mediabilim1

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда

#Медиасабаттулуктунпайдасы
17-кылымдагы адамдар
өмүр бою алган маалыматты
азыркы таптагы адамдар
бир айда алып жатышат.

@mediabilim1

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда
Медиа сабаттуулук — бул адамдарга маалыматтын ар түрдүү түрлөрүндө, жанрларында жана формаларында талдоого, баалоого жана түзүүгө мүмкүндүк бере турган чеберчилик.

Биз качан медиа сабаттуу болобуз?

📖 Маалыматты тез жана эффективдүү түрдө таап, анын канчалык чын же жалган экенин баалай алсак

@mediabilim1

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда
🌎Интернеттен кандайдыр бир макаланы окуган кезде, беш суроого жооп бериңиз:

1. Анын автору ким жана ал экспертпи (ошол маселе боюнча адис)?

2. Автор ошол сайттын башкы темасы тууралу эмне айта алат?

3.Сайт качан жасалган жана качан жаңыртылган? Макаланын жарыяланган күнү жазылуубу?

4. Бул маалымат кайдан келди?

5. Эмне үчүн бул маалымат менин максаттарыма шайкеш келет?

Публикацияны сактап алыңыз 📑

@mediabilim1

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда
📽️Медиасабаттуулук – маалыматты анализдеп, ага сын көз караш менен баа бере турган жөндөм.

Бул жөндөмдү өрчүтүү үчүн эмне кылуу керек?📖

🌎Каалаган маалыматка сын мамиледе болуңуз. Аны борбордук каналдагы диктор же YouTube каналдагы блогер айтып жатабы, Instagram аркылуу маалымат берип жатабы– айырмасы жок. Бардык маалыматты сын электен өткөрүңүз.

🌎Маалыматты ар кандай булактардан текшериңиз. Ар түрдүү маалымат каражаттары жана ресурстардын маалыматтарын салыштыруу менен кырдаалдын толук сүрөтүн түзүңүз.

🌎Маалыматты жаратып жана таркаткан учурда аны тасктыктай турчу далилдер бар экенине ынаныңыз.

Медиасабаттуулук сизди өнүктүрөт

@mediabilim1

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда
🚫Фейк (англисче "fake" - "жасалма, фальш") кеңири маанисинде - "жасалма" дегенди түшүндүрөт.

Азыркы жаңы медиада ар бир адам өзүнүн маалымдоо каналын ачса болот. Бирок туура, чын маалыматты гана чыгаруусу керек.

Фейк маалыматты аныктоо үчүн ар бирибизде медиасабаттулук жөндөмү өнүккөн болуусу керек.

@mediabilim1

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда
🌎Фейктер эмне үчүн даярдалат?

1️⃣ негизги максаттардын бири - шылуундук. Ал акча топтоп алууга
байланыштуу болушу мүмкүн, мисалы ММС боюнча сабактарда каралган «айфон ойнотуу» "белек ойнотуу" мисалы. Ошондой эле фейктер белгилүү бир
товардын сатылышын көбөйтүү максатында жасалышы мүмкүн, бул учурда жалган пикирлер жарыяланат.

2️⃣ анча олуттуу эмес деп эсептелген фейктердин максаты, маалы маттык мейкиндикте туура эмес багыт берип, адаштыруу.

3️⃣ фейктер трафик генерациясы үчүн жасалышы мүмкүн –
көрүүлөрдүн санын көбөйтүү максатында, мындай фейктерге «Сенсация: Азыр эле көрүңүз», «Ал эки аптанын ичинде 50 кг арыктады, сен да
арыктай аласың!» деген сыяктуу веб-сайттардагы рекламалык шилтемелер кирет.

Сиз медиасабатту болуп мындай фейк маалыматтарды анализ кыла алышыңыз керек.

@mediabilim1

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда
Пайдалуу фоторесуртрады сунуштайбыз 🧩

pixabay.com - эң мыкты фото платформасы

pexels.com - эң мыкты фото платформасы

bigfoto.com - акысыз фото платформасы

foto.kg - Кыргызстандын уникалдуу фотолорун базасы

@mediabilim1

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда
Channel name was changed to «МЕДИА БИЛИМ📚😁👌»
Сиз билесизби 🧩

Эң алгачкы телефон 1876-жылы 7-март күнү Александр Белл тарабынан жасалган.

Музейлерде ушундай телефон көргөнсүзбү?

@mediabilim1

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда
Сиз билесизби

Эң алгачкы смартфон IBM Simon деп аталат. Ал 1994-жылы жасалган.

Баасы 899 долларды түзгөн.

@mediabilim1

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда
Сиз билесизби

Эң алгачкы компьютер ENIAC деп аталган. 1946-жылы АКШ да жасалган.

Салмагы 30 тонна. 18000 электрондук лампасы болгон.

Азыркы компьютер жана ноутбуктардын салмагы канча?

@mediabilim1

Маалыматтык кампания Saferworld жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда
Сиз билесизби

Эң көп бактерия, микроб бул биз колдонгон телефондо болот экен. Ошондуктан телефонду тазалап туруу керек. Тамактануудан алдын албетте колду жууп, телефонду кармабай тамактануу зарыл.

Маалыматты досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз 📖