ПАЙДАЛУУ ИЛИМ
3.14K subscribers
548 photos
37 videos
591 links
Download Telegram
Аллахтын элчиси ﷺ айтты :

"Жебрейил периште келип айтты:
"Оо, Мухаммад! Канча өмүр сүрбө, акыры өлүмгө жолугасың, кимди жакшы көрсөң да андан ажырооң бар, каалагандай амал кылгын, ал үчүн жооп берүүң бар.
Билгин! Адам үчүн түнкү намазга турууда жакшылык, адамдардан көз карандысыздыгында ызат бар"".

( شعب الايمان للبيهقي 10540 حسن)

🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek

#намаз #акырет
Муаз ибн Жабал айтты :

Оо-о, балам, намаз окуганда акыркы намазыңдай окугун.
"Кийин дагы деле кайтып келип, окуйм, "-деп ойлобо эч качан. Балам, билгин! Адам эки сооптун ортосунда өлөт: кылган сооптору жана кийин кылам деп кечиктирген амалы.

" يا بُنيَّ ، إذا صلَّيت صلاةً ، فصلِّ صلاة مودِّعٍ : لا تظنُّ أنَّك تعود إليها أبدًا ، واعلم يا بنيَّ أنَّ المؤمن يموت بين حسنتين :
حسنةٍ قدَّمها ، وحسنةٍ أخَّرها ".
📖 | [ حلية_الأولياء (٢٣٣ / ١) ]
#намаз

🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek
Намаздын аягында саламга чейин айтыла турган дулардын бири


اللَّهُمَّ أعِنَّا عَلَى ذِكْرِكَ، وَشُكْرِكَ، وَحُسْنِ عِبَادَتِكَ

Аллахумма а'инни аля зикрика уа шукрика уа хусни ибадатика.

Оо Аллахым, Сени эстөөгө жана шүгүр кылууга жана Сага чырайлуу (эң сонун) ибаадат кылууга жардам бер.

📚(
Абу Дауд 1522 Албани сахих деген)



✏️ Шейх Усеймин رحمه الله айтат:

💬 Караныздар, аягында айткан жок сага көп ибадат кылууга деп, чырайлуу деп келди эмнеге? Себеби ибарат алына турган нерсе - көп ибадат кылууда эмес, кеп ихсан менен чырайлуу аткарууда. Ал эми ихсан менен көп кылуу бириксе, анда бул эң жакшы, шек жок ал нерседе. Ал эми көп кылып бирок ихсан менен аткарылбаса анда ал нерседен талап жок.

📚Булак: (Шарх Мишкату ал- Масабих)



⚪️Түшүндүрмө : Ибадатты кылганда көп кылууга эмес, оболу ихсан менен кылууга чакырып атат.Ихсан деген ыклас менен сүннөтгө дал келип, Аллахты көрүп тургандай окуу дегенди билдирет. Ал эми көп окуп ыкласы кем же сүннөтгө дал келбесе пайда жок. Ошондой эле ихсан менен ибадат болуш учун Аллахты көрүп тургандай, жана Анын алдында турганын сезип окуусу. Намазда денеси бар ою талаада, бул ихсандан алыс нерсе.

❗️Эскертүү : Бул дуаны намазда саламга чейин айтабыз. Аттахият салаваттан кийин. Сүннөттө ушундай келген

#намаз #дуа

🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek
وَأۡمُرۡ أَهۡلَكَ بِٱلصَّلَوٰةِ وَٱصۡطَبِرۡ عَلَيۡهَا‌ۖ لَا نَسۡــَٔلُكَ رِزۡقًۭا‌ۖ نَّحۡنُ نَرۡزُقُكَ‌ۗ وَٱلۡعَـٰقِبَةُ لِلتَّقۡوَىٰ

Аллах Таала айтты :

Үй бүлөңдү намазга буюр жана ага сабырдуу болууга көндүр. Биз сенден ырыскы сурабайбыз, Өзүбүз сага ырыскы беребиз. акыбет такыбалар үчүн!

    ( Та Ха  32 - аят )

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#ырыскы #намаз #сабыр #аят
Audio
40 хадис
📗40хадис
📝 Имам Нававий [رحمه الله]

📜 8 - ХАДИС

Пайгамбар ﷺ айтты :
Мен, адамдар Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Мухаммад Анын Элчиси экендигине күбөлүк берип, намаз окуп жана зекет бермейинче, алар менен күрөшүүгө буйрулганмын. Эгер алар мунун баарын аткарышса, анда менден кандарын да, малдарын да сактап калышат. Бирок бир гана Исламдын акысы менен. Жана алардын эсеп-кысабы бир Аллахтын өзүнө тапшырылат»
📗(Бухари, Муслим)

🖥 https://youtu.be/ZX8DSVOiafc

🎙 http://t.me/Meerbek_kelsinbek

🔎 #кырк_хадис #келиме #намаз