ПАЙДАЛУУ ИЛИМ
3.14K subscribers
546 photos
37 videos
587 links
Download Telegram
ٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا لَعِبٌۭ وَلَهۡوٌۭ وَزِينَةٌۭ وَتَفَاخُرُۢ بَيۡنَكُمۡ وَتَكَاثُرٌۭ فِى ٱلۡأَمۡوَٰلِ وَٱلۡأَوۡلَـٰدِ‌ۖ كَمَثَلِ غَيۡثٍ أَعۡجَبَ ٱلۡكُفَّارَ نَبَاتُهُۥ ثُمَّ يَهِيجُ فَتَرَٮٰهُ مُصۡفَرًّۭا ثُمَّ يَكُونُ حُطَـٰمًۭا‌ۖ وَفِى ٱلۡءَاخِرَةِ عَذَابٌۭ شَدِيدٌۭ وَمَغۡفِرَةٌۭ مِّنَ ٱللَّهِ وَرِضۡوَٰنٌۭ‌ۚ وَمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَآ إِلَّا مَتَـٰعُ ٱلۡغُرُورِ

Билип алгыла: Дүйнө жашоосу оюн-тамаша, зыйнат-жасалга, өз араңарда менменсинүү, мал-мүлк жана бала-чаканы көбөйтүүдөн гана турат. Анын мисалы жамгыр сыяктуу: ал өстүргөн нерселер дыйканды сүйүнтөт. Кийин (убактылуу) кулпурат. Андан кийин сен анын саргарганын көрөсүң. Андан кийин кургак чөпкө айланат. Акыретте (убактылуу дүйнөгө азгырылгандарга) катуу азап жана (ыймандууларга) Аллахтан кечирим жана ыразылык бар. Дүйнө жашоосу азгырык көңүл ачуудан башка эмес.

    ( Хадид 20 -аят )

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#дуйно #жашоо #азгырык #аят
وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلاًۭ قَرۡيَةًۭ كَانَتۡ ءَامِنَةًۭ مُّطۡمَئِنَّةًۭ يَأۡتِيهَا رِزۡقُهَا رَغَدًۭا مِّن كُلِّ مَكَانٍۢ فَكَفَرَتۡ بِأَنۡعُمِ ٱللَّهِ فَأَذَٰقَهَا ٱللَّهُ لِبَاسَ ٱلۡجُوعِ وَٱلۡخَوۡفِ بِمَا كَانُواْ يَصۡنَعُونَ

Аллах Таала айтты :

Аллах бир шаарды мисал келтирди: Бул шаар тынч, бейпил, ырыскысы ар тараптан "агып" келип турган шаар болчу. Кийин ал Аллахтын нээматына каапыр болду эле, бул кылмышынын жазасына Аллах аны коркунуч жана каатчылык "кийими" менен "каптатып койду".

    ( Ан-Нахль  : аят 112 )

#шугур #балээ #аят

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek
وَمَآ أُوتِيتُم مِّن شَىۡءٍۢ فَمَتَـٰعُ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَزِينَتُهَا‌ۚ وَمَا عِندَ ٱللَّهِ خَيۡرٌۭ وَأَبۡقَىٰٓ‌ۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ

Аллах Таала айтты :

Силерге (бул жашоодо) берилген нерселер дүйнө жашоосунун пайдалары жана кооздуктары гана. Ал эми, Аллахтын алдындагы жакшы жана түбөлүктүү. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!

    ( Касас  60-аят )

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#дуйно #акырет #азгырыктар #аят
تِلۡكَ ٱلدَّارُ ٱلۡءَاخِرَةُ نَجۡعَلُهَا لِلَّذِينَ لَا يُرِيدُونَ عُلُوًّۭا فِى ٱلۡأَرۡضِ وَلَا فَسَادًۭا‌ۚ وَٱلۡعَـٰقِبَةُ لِلۡمُتَّقِينَ

Аллах Таала айтты :

Биз тиги жактагы Акырет жайды, жер бетинде бузукулукту жана текеберчиликти каалабаган адамдарга арнайбыз. Акыбет такыбалар үчүн!

    ( Касас 83-аят )

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#текеберчилик #жөнөкөйлүк #аят
قُلۡ سِيرُواْ فِى ٱلۡأَرۡضِ فَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ
ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلُ‌ۚ كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّشۡرِكِينَ

Аллах Таала айтты :

Айткын: «Жер жүзүн кезип, мурдагы коомдордун акыбети кандай болгонун көргүлө! Алардын көбү мушриктерден болушкан».

فَأَقِمۡ وَجۡهَكَ لِلدِّينِ ٱلۡقَيِّمِ مِن قَبۡلِ أَن يَأۡتِىَ يَوۡمٌۭ لَّا مَرَدَّ لَهُۥ مِنَ ٱللَّهِ‌ۖ يَوۡمَئِذٍۢ يَصَّدَّعُونَ

Эми, сен кайтара алгыс күн Аллах тарабынан келип калганга чейин, жүзүңдү туура динге буруп кал! Ал күнү (адамдар) бөлүнүп калышат.

    ( Рум  42 - 43 )


🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#ибарат #ширк #аят
وَأۡمُرۡ أَهۡلَكَ بِٱلصَّلَوٰةِ وَٱصۡطَبِرۡ عَلَيۡهَا‌ۖ لَا نَسۡــَٔلُكَ رِزۡقًۭا‌ۖ نَّحۡنُ نَرۡزُقُكَ‌ۗ وَٱلۡعَـٰقِبَةُ لِلتَّقۡوَىٰ

Аллах Таала айтты :

Үй бүлөңдү намазга буюр жана ага сабырдуу болууга көндүр. Биз сенден ырыскы сурабайбыз, Өзүбүз сага ырыскы беребиз. акыбет такыбалар үчүн!

    ( Та Ха  32 -
аят )

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#ырыскы #намаз #сабыр #аят
وَلَوۡ يُؤَاخِذُ ٱللَّهُ ٱلنَّاسَ بِظُلۡمِهِم مَّا تَرَكَ عَلَيۡهَا مِن دَآبَّةٍۢ وَلَـٰكِن يُؤَخِّرُهُمۡ إِلَىٰٓ أَجَلٍۢ مُّسَمًّۭى‌ۖ فَإِذَا جَآءَ أَجَلُهُمۡ لَا يَسۡتَــٔۡخِرُونَ سَاعَةًۭ‌ۖ وَلَا يَسۡتَقۡدِمُونَ

Аллах Таала айтты :

Эгер Аллах адамдарга зулумдарына жараша азап берчү болсо, жер бетинде кыбыраган жан калтырмак эмес! Бирок, Аллах аларды белгилүү убакытка чейин кечиктирет. Эми, алардын белгилүү убакыттары жеткенде (ажал) , аны бир аз мөөнөткө да кечиктире алышпайт жана тездете да алышпайт.

 
   ( Нахль  61 - аят  )

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#аят #мөөнөт #зулум #жаза
وَٱبۡتَغِ فِيمَآ ءَاتَـٰكَ ٱللَّهُ ٱلدَّارَ ٱلۡءَاخِرَةَ‌ۖ وَلَا تَنسَ نَصِيبَكَ مِنَ ٱلدُّنۡيَا‌ۖ وَأَحۡسِن كَمَآ أَحۡسَنَ ٱللَّهُ إِلَيۡكَ‌ۖ وَلَا تَبۡغِ ٱلۡفَسَادَ فِى ٱلۡأَرۡضِ‌ۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلۡمُفۡسِدِينَ

Аллах Таала айтты :

«Аллах сага берген ырыскы менен Акырет жайын талап кылсаңчы! Бирок, бул дүйнөдөн да насибиңди унутпа! Аллах сага ихсан (жакшылык) кылган сыяктуу, сен да ихсан кыл! Жер бетинде бузукулукту издебе! Аллах бузукуларды сүйбөйт!»

    ( Касас  77 - аят )

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#ырыскы #мумкунчулук #акырет #аят