ПАЙДАЛУУ ИЛИМ
3.1K subscribers
545 photos
37 videos
579 links
Download Telegram
1⃣8⃣

Саид Ибн Жубейрден сурашты:
“Адамдардын ичинен эң жакшы ибадат кылган ким?”


❗️ Жооп :

“Күнөө кылып алып, ошол кылган күнөө амалын эстеген сайын, кылып жаткан ибадатын аз деп көрүп, Аллах алдында өзүн төмөн сезген адам”

📘 (Бидая ва ан-Нихая: 9/99)
1⃣9⃣

Кантип ыкластуу боло аламын?

❗️ЖООП :

Шейх
Солих ал- Фаузан رحمه الله :

Пайдалуу илимди билип, Аллах Таала үчүн ыклас деген эмне экенин түшүнүп , акыйданы үйрөн!

Кылып аткан ар бир амалында максатынды ондо! Бир иш кылганда дүйнө үчүн кылба! Адамдар мактаса экен деп да аткарба!
Мына ушул ыклас! Кылган амалыңдан эч нерсени көздөбөй Аллахтын ыраазылыгы үчүн жаса.

Ар бир кылган сооп амалында эч кимди Аллахга шерик кылба!

Башкалар укса экен, көрсө экен, дүйнөдөн бир байлыкка жетсем деп, кылып аткан сооп ишинден ушундай ойлордон алыс бол!
2⃣0⃣

Жалган хадистерди таркаткандар боюнча Пайгамбар ﷺ эмне деген?

❗️ЖООП :


Бухари жана Муслимдин хадис жыйнактарында Алиден хадис келет. Пайгамбар ﷺ айтты : «Менин атыма жалган айтпагыла. Ким менин атымдан жалган айтса – Тозокко кирет».

Абу Хурайрадан риваят Пайгамбар ﷺ айтты : «Ким менин атымдан атайылап жалган айтса – өзүнүн ордун Тозоктон издей берсин». Бул хадис дагы Бухари жана Муслимде келтирилет.

 Мугира ибн Шуъба риваят кылат Пайгамбар ﷺ айтты: «Менин атымдан жалган айтуу башка бирөөнүн атынан жалган айтууга тете эмес. Ким менин атымдан атайлап жалган айтса – өзүнүн ордун Тозоктон издей берсин».
📚(Бухари, Муслим)

Самира ибн Жундуб айтат Пайгамбар ﷺ айтты: «Ким менин атымдан хадис айтса жана ошол хадис жалган экенин билип турса – ал жалганчылардын бирөөсү экен» 📚(Муслим).

Ан-Навави айткандай “ошол хадис жалган экенин БИЛИП турса” же жок дегенде “ошол хадис жалган деп ОЙЛОСО” деп эки вариант менен окуса болот.
 
⚠️ Жогорудагы хадистер Пайгамбардын ﷺ атынан жалган сөз айтуу арам экендигин көрсөтөт. Калп экендигин билген болсо же жок дегенде ал калп болуш керек деп күмөндөнсө да – ал нерсени башкаларга хадис деп айтуу – арам иш. Эгер башкаларга таркаткан болсо – ал хадис заиф же жалган экендигин – кошо эскертип коюш керек.
 

🌐binbaz.org.sa/article/560
Шейх Абдулазиз Ибн Баз (1910-1999-ж.ж.)
Сауд Аравиясынын мурдакы муфтийи
“Фетва Берүү боюнча Туруктуу Комитеттин” төрөгасы
“Чоң аалымдар Кеңешинин” төрөгасы
2⃣1⃣

«Аллах» деген ысым эмнени билдирет?

❗️ЖООП :

Шейх Абдурраззак
аль-Бадр حفظه الله айтты:



Бул улуу ысым — Аллах Тааланын көркөм ысымдарынан. Ал Куранда башка ысымдарына караганда көбүрөөк эскерилет, болжол менен 2200 жолудан ашык.
Анын башка бир да ысымы мындай көп жолу эскерилбейт.
Куранда 33 аят ушул ысым менен башталат.

Кээ бир аалымдардын айтымында, мына ушул ысым Аллахтын эң улуу ысымы (аль-Исм аль-Аъзам) деп айтышкан. Эгер ушул ысым аркылуу Аллахка кайрылып дуа кылса, дуага жооп берилет, ал эми Андан бир нерсе суралса, ал өтүнүчү аткарылат.

Аллах деген ысымдын башка ысымдардан өзгөчөлүктөрү бар.

Мисалы, ал ысым Аллахтын башка көркөм ысымдарынын негизи болуп эсептелет. Аллахтын башка ысымдары мына ушул ысымды ээрчишет.

Аллах Куранда айтат:
“ وَلِلَّهِ الْأَسْمَاءُ الْحُسْنَىٰ فَادْعُوهُ بِهَا”
“Аллахтын эң көркөм ысымдары бар, Ага (Аллахка) ошолор аркылуу дуа кылгыла
” (7:180)

 Аллах деген ысым башка ысымдардын баарын камтып, башка ысымдарга жалпысынан ишарат кылат. Ал эми башка ысымдары Аллахтын көркөм, кемчиликсиз жана улуу болгон илахий сыпаттарын ачыктап баяндайт. Аллах деген ысымга башка ысымдардын баары кайтат жана алардын мааниси ушул ысымдын айланасында айланат.

Аллах деген сөздүн мааниси эмне дегенде – эң жакшы жана толук аныктама катарында Ибн Аббастын (Аллах андан ыраазы болсун) сөзү келтирилет: “Аллах – макулукаттардын баары үчүн ибадат кылууга тактыктуу зат”
📚(Ибн Жарир өзүнүн тафсиринде келтирген)

Башкача айтканда бийиктикке, толуктукка жана улуктукка ээ болгон үчүн — Ага гана моюн сунуу менен ибадат кылууга жана Анын алдында өзүн төмөн алып багынууга — татыктуу Зат`.



Булак: «Мухтасар фикхи аль-асмаи аль-хусна» 
✒️Автор: Шейх Абдурразак аль-Бадр
2⃣2⃣

"Байлыгыңды эшекти мингендей минип кал, эгер сен аны минбесең, ал сени минет" - деген сөздү кандай түшүнөбүз?

❗️ЖООП:


✒️Шейх Усеймин (رحمه الله ) :


Чынында адамдар канчалык дүнүйөнүн жыргалчылыгына көп баткан сайын – ошончолук көп жамандыкка учурашат.
Дүнүйөнүн жыргалчылыгы инсанды талкалап бузат.

⚠️Эгер инсан дүнүйөнүн жыргалчылыгына гана назарын буруп, дене кумары тууралуу гана кам көрө турган болсо: жүрөгүнүн жыргалчылыгына (руханий азыкка) кайдыгер болуп, анын бүткүл камы курттарга жем болгон, сасып чирий турган денесин гана кумардантуу болуп калат.

Инсан өтө олуттуу бир максат үчүн жаралганын унутуп калган сыяктуу. Чындыгында болсо, бул дүнүйө жана анын нээматтары – ошол максатка жеткирүүчү аспап гана болуп эсептелет…

Шейхуль-Ислам Ибн Теймия айткан: “Адам эшекти минүү үчүн жана даараткананы кажетин бүтүрүү үчүн колдонгон сыяктуу – байлыгын ушинтип колдонушу керек”.

Андыктан байлыкты эң чоң камың кылба! Сен байлыгыңды эшекти мингендей минип кал, эгер сен аны минбесең, ал сени минет. Ошондо кийин сенин камың дүнүйө гана болуп калат.

🛣 Адамдарга дүнүйө ачылып, алар ага назарларын бурган сайын – канчалык даражада дүнүйөдөн үмүт кылышса, ошончолук даражада акыреттен кур калышат.

Пайгамбар ﷺ айтты:
“Аллахка ант, мен силер үчүн кедейликтен коркпоймун. Чындыгында мен силер үчүн корркон нерсем – дүнүйө силерге ачылганда, силерге чейинки коомдор [дүнүйө топтойм деп] бири бири менен жарышкандай, силер да бири-бириңер менен атаандашып, кийин [дүнүйө] аларды жок кылгандай силерди да жок кылабы деймин” (Бухари: 4015).

Пайгамбар ﷺ айтып кеткендей: дүнүйөгө болгон жарышуу, адамдарды бүгүн курутууда. Алар дүнүйө үчүн, ал эми дүнүйө алар үчүн жаратылган сыяктуу. Алар (дүнүйө) үчүн жаралган нерсе менен алектенишет, бирок өздөрү эмне (ибаадат) үчүн  жаралган болсо аны таштап коюшат.

Аллах Тааладан бул нерседен бизди куткарууну сурайбыз!

Шейх Усейминдин (رحمه الله )
📚Шарх Рияд ас-Солихин: 17-кассета
2⃣3⃣

Алдынкы соолих адамдар, Орозону кантип күтүп алышып жана кандай өткөрүшчү?

❗️ЖООП :

✒️ Шейх Солих аль-Фаузан айтты:

Бизге жетип келген китептерде алдынкы соолих адамдардын орозодогу абалы жөнүндө мындай деп айтылат:

Алар Аллахка дуба кылып орозо айына жеткирүүсүн сурашат эле. Анткени, алар орозо айында көптөгөн чоң жакшылыктар, жалпы пайдалар бар экенин билишчү.

Андан кийин эгерде орозо айына жетишсе, Аллахтан салих (жакшы) амалдарды аткарууга жардам берүүсүн суранышчу. Ал эми орозо айы бүтсө, Аллахтан ушул айда кылган амалдарын кабыл кылуусун жалбарып суранар эле.

Аллах Таала айтат:

(وَالَّذِينَ يُؤْتُونَ مَا آتَوْا وَقُلُوبُهُمْ وَجِلَةٌ أَنَّهُمْ إِلَى رَبِّهِمْ رَاجِعُونَ أُولَئِكَ يُسَارِعُونَ فِي الْخَيْرَاتِ وَهُمْ لَهَا سَابِقُونَ) [المؤمنون: 60]
Ушундай аларга берилген байлыгынан аларга милдет кылынган зекетин берүүчүлөр, жүрөктөрү корккон абалда, биз кылган садакаларыбыз тозок азабынан сактайт бекен деп турушат, мына ушулар бири бири менен жарышып жакшылык кылуучулар. [Момундар: 60]

Алар жакшы амалдарды аткарууга тырышчу. Качан амалдарды аткаргандан кийин амалдарыбыз кабыл болду бекен деп сар-санаа болушкан. Себеби алар Аллахтын улуулугун, ошондой эле тек гана Аллах үчүн калыс кылынган жана пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүнө ылайык келген гана амал кабыл болуусун айкын билишчи.

Ошондуктан алар кылган амалдары менен мактанып, же аны менен чектелип калышкан эмес. Тескерисинче, амалдары жараксыз болуп калуусунан коркушуп, кабыл болуусу үчүн абдан чарчашып, катуу аракет жасашкан.

Аллах Таала айтат:

(إِنَّمَا يَتَقَبَّلُ اللَّهُ مِنَ الْمُتَّقِينَ) [المائدة: 27]
Албетте Алла Таала чыныгы өзүнөн корккондордун амалын кабыл кылат [Аль-Маида: 27]

🕌 Бул айда өздөрүн ибадат үчүн бошотушуп, дүйнө иштерин азайтышкан. Көп убакыттарын Аллахтын үйлөрү-мечиттерде өткөрүүгө аракеттенишип,
бири-бирине орозобузду сактайлы, эч кимди гыйбат кылбайлы деп эскертишип, Куран окуп, Аллахтын китебин үйрөнүшчү.


⚠️ Азыркы учурдагы көпчүлүк кылган сыяктуу убакыттарын бекер, пайдасыз нерсеге кетирүүдөн сактанышкан. Алар убакыттарын түндөсү Намазга туруу, күндүзү орозо кармоо, Куран окуу, Аллахты зикир кылуу жана жакшы амалдарды жасоо менен өткөрүшкөн.

Аз убакыт болсо да, аны жакшылык менен өткөрүп калайын деп аракет кылышар эле.


👤 Сауд Арабиясынын уламалар кеңешинин мүчөсү Шейх Салих аль-Фаузан (حفظه الله)
2⃣4⃣

Бактылуу адамдын кандай белгилери бар?

❗️ЖООП:


✒️ Имам Шатыбий رحمه الله айтат :

Бактылуу адамдын белгилери :

➡️ Ибадаттардын ага женилдеши
➡️ Амалдары сүннөтткө дал келиши
➡️ Солих адамдар менен жүрүү
➡️ Адамдарга жакшы кулк мүнөздө болуусу
➡️ Мусулмандарга жакшылык кылууга умтулуп, аларга көңүл буруусу
➡️ Убакытына бекем болуп текке кетирбөөсү

📚`(И'тисам 152/2)
Ушундай абалда орозо тутуудан сак бол!

Шейх Солих
ал- Фаузан حفظه الله تعالى  айтты :

Адам орозо тутуп курсагы катуу ачып, сууга чаңкап, алдан тайып чарчайт, ушундай болсо да Аллах Таала алдында ага эч сооп жазылбай калат, себеби :

- тилин арам нерселерден тыйбагандыгы
- көзүн арамды кароодон тыйбоосу
- кулагын арам сөздөрдү угуудан тоспогону

Чындыгында мындай адам орозо туткан жок, жөн гана жеп - ичүүнү таштады, бул тек гана пайдасыз чарчоо.

Орозо - деген жалпы ушул нерселерди камтышы керек:

- ооз ачып салуучу жеп ичүүдөн сактануу
- кулакты арам нерселерди угуудан сактоо
- көздү арамдарды кароодон  сактоо
- тилди жаман сөздөрдү сүйлөөдөн тыйуу 


Так айтканда, жалпы дене мүчөсү орозо тутушу керек.

📚[Мажалис шахр Рамазан ]


Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
"Ким (орозо учурунда) жалган сөздү, жалган иш-аракеттерди жана наадандыкты таштабаса, Аллах анын тамак-аштан тыйылуусүна муктаж эмес."
📚Бухари 6057

Жабир [رضي الله عنه[ айтат:
“Эгерде орозо кармасаң - кулагың да, көзүң да, тилиң да жалган жана арам нерселерден орозо кармасын. Коңшуга зыян бербе. Орозо кармаган күнүңдө токтоолук жана тынчтык көрүнүп турсун. Орозо кармаган күнүң менен башка күнүңдүн айырмасы көрүнүп тургудай кыл.”
📚 Мусаннаф Ибн Абу Шайба 8973

--------------------


Telegram ↘️
🌏https://t.me/Meerbek_Kelsinbek/457
Абдурахман ибн Ауф айтты :

"Кыйынчылыктар менен сыналдык сабыр кыла алдык, жакшылыктар менен сыналдык сабыр кыла албадык"

قال عبد الرحمن بن عوف:
« ابتُلينا بالضّرّاء فصبرنا، وابتُلينا بالسّراء فلم نصبر».
📙[ الآداب الشرعية (30)]

🌏https://t.me/Meerbek_Kelsinbek/111

#сыноо #жакшылык #сабыр
✒️Имам ибн Кудама ал - Макдисий [رحمه الله] :

Орозонун үч даражасы бар:
Жалпы орозо, өзгөчө орозо, өзгөчөнүн өзгөчө орозосу.

Жалпы орозо:
Курсак менен жыныстык мүчөнү шахваттан тыйуу.

Өзгөчө орозо :
Көздү, тилди, кулакты, колу-бутун, жалпы дене мүчөсүн тыйа билүүсү.

Өзгөчөнүн өзгөчө орозосу:
Жүрөктү дүйнөнүн ой - санаасынан орозо тутуусу, Аллахтан алыстата турган пикирлерден кармануусу, Аллахтан башкага ой - санаа тартуудан сактануусу.

Өзгөчө орозонун адеби :
Көздү кароодон, тилди жаман сөздөрдөн, жана калган жалпы мүчөлөрүн пайдасыз нерселерден тыйа билүүсү.
Пайгамбарыбыз ﷺ хадисинде:
"Ким (орозо учурунда) жалган сөздү, жалган иш-аракеттерди жана наадандыкты таштабаса, Аллах анын тамак-аштан тыйылуусуна муктаж эмес."
[📚Бухари 6057 ]

📘(Мухтасар минхааж ал - Касидин 46 -бет)

🌏https://t.me/Meerbek_Kelsinbek/112
#орозо

Орозону кантип ыйман жана үмүт менен кармаймын?

✒️Ибн Таймия رحمه الله:

Ыйман менен дегени : Аллах Таала буйруп парз кылды, ошол буйрукка ыраазы болушу.

Үмүт менен дегени: Аллах Таалага ыклас кылып сооп үмүт кылышы.
📚[Жаами ал -Масааил 1/161]

🌏https://t.me/Meerbek_Kelsinbek/113
#орозо #зулум
✒️Суфян ибн Уйейна رحمه الله :

"Кыямат күнүндө Аллах Таала кулун суракка алып, анын башкаларга жасаган зулумдарын, жалпы амалдарынан алып берет. Анын сооп амалдары түгөнүп орозосу гана калат.Калган зулумдарын Аллах Таала Өз жоопкерчилигине алат".
📘[Таргииб уа Тархииб]

🌏https://t.me/Meerbek_Kelsinbek/114
#орозо #ушак

Кээбир сахаба-табииндер айткан :

"Ушак кылуу - орозону кемтик кылат, ал эми истигфар аны бүтөйт. Ким кемтиксиз орозо менен келем десе андан алыс болсун".

📘[Шуабул-ийман лилбайхаки 1433]

https://t.me/Meerbek_Kelsinbek/115
#орозо

✒️ Мужахид رضي الله عنه айтты :

"Ким эки нерседен сактана билсе - орозосу саламатта болот:
ушак кылуудан жана жалган айтуудан".

📘[Ахража ибну Аби шайба]

🌏 https://t.me/Meerbek_Kelsinbek/116
Мурунку солих адамдар үч он күндүккө аябай көңүл бурат эле :

- орозонун акыркы он күнү
- зул хижжанын он күнү
- мухаррам айынын он күнү

[📙Латааифил маариф ибн Ражаб]

t.me/Meerbek_Kelsinbek/117
✒️ٰИбн Коййим رحمه الله:

"Түз жолдо жүргөндөр башкысына караганда, аягында көбүрөөк аракет кылып умтулушат".

[ Мадариж сааликин 128/3]

Азыр орозонун акыркы саналуу күндөрүндө турабыз,бул түндөрдө саарлыкка чейин уктабай көп-көп аракет кылалы!
- Зикр
- Куран окуу
- Тахажжуд намазы
- Дуа кылуу

🌏https://t.me/Meerbek_Kelsinbek/118
#кадыр_түн

✒️ Имам ибн ал - Коййим :

Эгерде кадыр түн бир жыл ичинде катылган болсо, жыл бою ага жетиш үчүн түнү ибадатта болот элем . Ал эми 10 күн ичинде эмне деген женилдик!

📚[Бада 'и аль- фауид 55/1]

https://t.me/Meerbek_Kelsinbek/119
قال الشيخ الألباني رحمه الله :
‏ " تعرفوا إلىٰ سنة نبيكم ، واعملوا بها ، فإن فيها شفاءكم وعزكم "


✒️Шейх Албаний [رحمه الله]:

"Пайгамбардын сүннөтүн үйрөнгүлө, ага амал кылгыла, ал нерседе шыпааңар жана ыззатыңар бар".

السلسلة الصحيحة (٢٣٦ / ١)

https://t.me/Meerbek_Kelsinbek/120
Чыныгы банкрот адам1
<unknown>
🎙Чыныгы банкрот адамдын абалы

📺 https://youtu.be/j8_TiCM5jUo
Audio
Түндө ойгонуп калсаныз ушул амалды аткарып коюңуз!


📺 https://youtu.be/L48L6heoxpE

🌴Бөлүшүп соопго шериктеш болуңуз!
https://t.me/Meerbek_Kelsinbek/119