ПАЙДАЛУУ ИЛИМ
3.15K subscribers
550 photos
37 videos
593 links
Download Telegram
تِلۡكَ ٱلدَّارُ ٱلۡءَاخِرَةُ نَجۡعَلُهَا لِلَّذِينَ لَا يُرِيدُونَ عُلُوًّۭا فِى ٱلۡأَرۡضِ وَلَا فَسَادًۭا‌ۚ وَٱلۡعَـٰقِبَةُ لِلۡمُتَّقِينَ

Аллах Таала айтты :

Биз тиги жактагы Акырет жайды, жер бетинде бузукулукту жана текеберчиликти каалабаган адамдарга арнайбыз. Акыбет такыбалар үчүн!

    ( Касас 83-аят )

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#текеберчилик #жөнөкөйлүк #аят
قُلۡ سِيرُواْ فِى ٱلۡأَرۡضِ فَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ
ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلُ‌ۚ كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّشۡرِكِينَ

Аллах Таала айтты :

Айткын: «Жер жүзүн кезип, мурдагы коомдордун акыбети кандай болгонун көргүлө! Алардын көбү мушриктерден болушкан».

فَأَقِمۡ وَجۡهَكَ لِلدِّينِ ٱلۡقَيِّمِ مِن قَبۡلِ أَن يَأۡتِىَ يَوۡمٌۭ لَّا مَرَدَّ لَهُۥ مِنَ ٱللَّهِ‌ۖ يَوۡمَئِذٍۢ يَصَّدَّعُونَ

Эми, сен кайтара алгыс күн Аллах тарабынан келип калганга чейин, жүзүңдү туура динге буруп кал! Ал күнү (адамдар) бөлүнүп калышат.

    ( Рум  42 - 43 )


🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#ибарат #ширк #аят
وَأۡمُرۡ أَهۡلَكَ بِٱلصَّلَوٰةِ وَٱصۡطَبِرۡ عَلَيۡهَا‌ۖ لَا نَسۡــَٔلُكَ رِزۡقًۭا‌ۖ نَّحۡنُ نَرۡزُقُكَ‌ۗ وَٱلۡعَـٰقِبَةُ لِلتَّقۡوَىٰ

Аллах Таала айтты :

Үй бүлөңдү намазга буюр жана ага сабырдуу болууга көндүр. Биз сенден ырыскы сурабайбыз, Өзүбүз сага ырыскы беребиз. акыбет такыбалар үчүн!

    ( Та Ха  32 -
аят )

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#ырыскы #намаз #сабыр #аят
وَلَوۡ يُؤَاخِذُ ٱللَّهُ ٱلنَّاسَ بِظُلۡمِهِم مَّا تَرَكَ عَلَيۡهَا مِن دَآبَّةٍۢ وَلَـٰكِن يُؤَخِّرُهُمۡ إِلَىٰٓ أَجَلٍۢ مُّسَمًّۭى‌ۖ فَإِذَا جَآءَ أَجَلُهُمۡ لَا يَسۡتَــٔۡخِرُونَ سَاعَةًۭ‌ۖ وَلَا يَسۡتَقۡدِمُونَ

Аллах Таала айтты :

Эгер Аллах адамдарга зулумдарына жараша азап берчү болсо, жер бетинде кыбыраган жан калтырмак эмес! Бирок, Аллах аларды белгилүү убакытка чейин кечиктирет. Эми, алардын белгилүү убакыттары жеткенде (ажал) , аны бир аз мөөнөткө да кечиктире алышпайт жана тездете да алышпайт.

 
   ( Нахль  61 - аят  )

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#аят #мөөнөт #зулум #жаза
وَٱبۡتَغِ فِيمَآ ءَاتَـٰكَ ٱللَّهُ ٱلدَّارَ ٱلۡءَاخِرَةَ‌ۖ وَلَا تَنسَ نَصِيبَكَ مِنَ ٱلدُّنۡيَا‌ۖ وَأَحۡسِن كَمَآ أَحۡسَنَ ٱللَّهُ إِلَيۡكَ‌ۖ وَلَا تَبۡغِ ٱلۡفَسَادَ فِى ٱلۡأَرۡضِ‌ۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلۡمُفۡسِدِينَ

Аллах Таала айтты :

«Аллах сага берген ырыскы менен Акырет жайын талап кылсаңчы! Бирок, бул дүйнөдөн да насибиңди унутпа! Аллах сага ихсан (жакшылык) кылган сыяктуу, сен да ихсан кыл! Жер бетинде бузукулукту издебе! Аллах бузукуларды сүйбөйт!»

    ( Касас  77 - аят )

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#ырыскы #мумкунчулук #акырет #аят
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM