БАЛАМ КЕЛЕЧЕГИМ.
142 subscribers
29 photos
5 videos
3 files
20 links
Мен кандай энемин?🤔
Балам акылман болсо экен🤲
Эмнеге балам мени укпайт
Эмнеге окугусу келбейт🤦
Эмнеге балам тентек🤔
Балам ийгиликтүү болуш үчүн, мен эмне кылышым керек? - деген суроолор болсо 👇төмөнкү каналда биз менен бирге болуңуз.
Download Telegram
🤝🤝🤝🤝 Кутман кеч менин угармандарым. Сабак эртең жиберем. Жеке иштерим менен бошобой жаттым. Сабак күтүп жаткан айымдарга ыраазычылык билдирем.
Башаламан, ыраатсыз ата-энелердин мамилелери же эмнеге балам мени укпайт?
Эмнеге азыркы доордун балдары бизден акылдуу?
Сүйүү, Бакыт, Ийгилик.
Сиз дарбазадан чыксаңыз, үйдүн жанында 3 карыя отурган экен. Карыяларды көрүп
- Саламатсыздар, кириңиздер үйгө кирип чай ичиңиздер деп кайрылып калдыңыз.
- Үйдө жолдошуң барбы?
- Жок, жумушка кетти эле...
- Анда биз эркек жок үйгө кирбейбиз дешет бир ооздон.
Кечинде жолдошуңуз келип эшикте карыялар отурат, чакыр чай берели деген кезде....
- Аталар кириңиздер чай ичкиле дедиңиз...
- Биз Бакыт, Ийгилик, Сүйүү болобуз, баарыбыз чогуу кире албайбыз бирөөбүздү гана чакыргыла ошондо кимибиз кирсек, ошол силердин үйгө ар дайым орноп калат дешет.

Эми жолдошуңуз, сиз, балдарыңыз кимди чакырмай болдуңар пикириңизди жазыңыз👇
Бакыт,Ийгилик, Сүйүү.
Айгүл жолдошуна карыянын айтканын айткан кезде, анда Байлыкты чакыр дейт.
Айгүл андан көрө Ийгиликти чакырбайлыбы десе, аларды угуп турган 6 жаштагы баласы Сүйүүнү чакыралы дейт. Ата-эне баланын тандоосун кабыл алып Сүйүүнү чакырышат. Сүйүү ордунан туруп үйгө кирип бара жатканда Бакыт менен Ийгилик дагы чогуу басышат. Айгүл сиздер эмнеге үчөөңөр кирип жатасыңар деген кезде
- Силер Бакытты же Ийгиликти чакырсаңар экөөбүз эшикте калмакбыз. Сүйүү бар жерде биз дагы бар болобуз, биз сүйүүдөн ажырап өзүнчө бактылуу же ийгиликтүү боло албайбыз дешкен экен. Андыктан жаратуучу Аллага, жубайга, балага, ата-энеге, өзүңө, болгон сүйүү сезимиңиздер күчтүү болсун.❤️❤️❤️
Ар бир баланын сабакка болгон кызыгуусу ар кандай болот.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
📲 Смартфондун балдарга тийгизген таасири кандай.
Кантип телефондон алыстатабыз?
3 жаштан 6 жашка чейинки балдардын ата-энелери үчүн текшерүү барагы
1. Бала өзү гаджетти, телефонду,телевизорду күйгүзө алат жана каалаганда күйгүзүп алат.
2. Баланы тез арада бир нерсе менен алаксытуу керек болгондо, сиз анын колуна гаджет берип же телевизор коюп бересиз.
3. Ал бир күндө 2 сааттан ашык убактысын экран алдында өткөрөт.
4. Аны экрандан ажыратуу аракети учурунда өтө агрессивдүү болуп,чаң салат.
5. Кандайдыр бир нерселерди ал экранды карабай жасай албайт.
6. Кечке карай албууттана баштайт, тез уктап кете албайт.

6 суроонун ар бирине 1 ден 10 го чейин баа коюп, жалпы баллды чыгарып, Прокомментировать деген бөлүмгө жазыңыздар.👇
7 жаштан 12 жашка
13 жаштан 16 жашка чейинки текшерүү барагын эртең жүктөйм.
7 жаштан 12 жашка чейинки балдардын ата-энелери үчүн текшерүү барагы.
1.Бала орто эсеп менен бир күндө 3 саат экран алдында өткөрөт.
2. Ал негизинен компьютердик оюндардын, мультфильмдердин персонаждары жөнүндө сөз кылат.
3. Биринчи мүмкүнчүлүктөн пайдаланып виртуалдык дүйнөгө сүңгүгөнгө аракет кылат.
4. Аны башка балдар менен аянтчада ойноо кызыктырбайт.
5. Ал экранга берилип кирип кеткенде сиздин чакырганыңызды укпай, сөзгө эч кандай реакция кылбайт.
6 Тамак ичкиси келбейт.
7. Коркунучтуу түштөрдү көрөт.
8. Бөлмөдө жалгыз жаткандан коркот.
9. Оюндун каармандарын туурап, алар жөнүндө көп айтат.

9 суроонун ар бирине 1 ден 10 го чейин баа коюп, жалпы баллды чыгарып эсептеңиз.
13-16 же андан жогору жаштагы балдардын ата-энелери үчүн текшерүү барагы.
1. Экран алдында өткөргөн убактысы окууга байланыштуу эмес.
2. Балдар менен телефон, чат аркылуу көп сүйлөшөт, чыныгыгы бет маңдай отуруп сүйлөшүүлөр өтө аз же эшиктен балдар менен сүйлөшпөйт.
3. Телефон жөнүндө сөз болсо ачууланат.
4. Чоңдор айтпаса, өз алдынча өчүрбөйт.
5. Интернет, телефон жок болсо абдан зеригет.
6. Спортко кызыкпайт.
7. Чектөө киргизсеңиз, ар кандай алдоо же абалдан чыгуучу жаңы нерселерди ойлоп табат.
8. Эртең менен эрте туруш керек болсо дагы, телефон көрүп кеч жатат.
9. Эртең менен эрте тура албай кыйналат.


9 суроонун ар бирине 1 ден 10 го чейин баа коюп, жалпы баллды чыгарып эсептеңиз.