Биздин белгисиз маршрут келечек үчүн абдан маанилүү күндөрүн жашап жатат.

Бизге люстрация керек. Анткени Жапаровду бирөө колдойт, Мадумаровду башкасы, Бабановду, Текебаевди дагы башкаларын да ар ким колдойт. Булардын баары убагында бийликте чоң орундарда иштеп көрүшкөн. Баарына жаккан бирөөнү табуу кыйын.

Люстрация жөнүндө мыйзам кабыл алып, тазалануу керек.

Бул жакта түндүк-түштүк маселеси болгон жок, бул жакта жаңылар менен эскилер, шайлоодо добуштарды сатып алгандар менен добушун сатпагандар, мыйзам бузууларга көз жумуп көнүп калган орто жана улуу муун менен "инстаграмда" мыйзам бузууларды, "ютюбдагы" миллиардаган акчаларды уурдап аткандарды көрүп, бийлик үн чыкпаганына нааразы болгон жаштар арасында кагылышуу болуп жатат.

Бишкек же Ошто жашаганымда көчөгө чыгып, люстрация керек деген топторго кошулуп, бийликти өз алдынча бөлүшүп алгандарга каршы чыкмакмын.
Азыркы саясий кырдаал боюнча ойлорум ушундай... Убактыңар ашып-ташып атса окуп чыккыла😅
Бул дагы бар экен👇👇
Жогоркулардын баары болгону менин оюм. Сиздин оюңуз башка болушу мүмкүн, проблема жок. Ар ким өз оюн, аргументтерин айтыш керек. Талаштан тактык жаралат.
Эмне үчүн КРдан 70 жылдан бери Айтматовдон башка бир да “толковый” адам чыккан жок?
Coursera - бул онлайн билим берүүчү платформалар арасында дүйнөдө эң чоңдордун бири.

Бул сыяктуу сайттардан айына $50-100 акча төлөп сабактарын окуп жүргөндөр көп, мен тааныган досторумдан да бар болчу.

Азыр эми бекер окууга мүмкүнчүлүк болуп жатыптыр. Так кандай болот, кайсы курстар ачылат ж.б. билбейм, болгону htp.kg (ПВТ - парк высоких технологий) инстаграм баракчасынан көргөм бул маалыматты.

ПВТ - бүтүн дүйнө мн иш алып барган ийгиликтүү Кыргызстандан чыккан компания. ПВТ ж-дө кыскача маалымат: https://youtu.be/KyQAxoyIvws
Сүйүнсөң деле, өкүнсөң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.
Ыйласаң деле, жыргасаң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.

(Г.Сатыбеков "отуз беш")

Кээ бир нерселерди эч бир китептен окуп, эч бир адамдан угуп үйрөнө албайсың. Ар бир адам өзү сезип, өзү түшүнүп жетет, а бирөөлөр өтүп кете берет.

БИРОК ЖРТнын темаларын, математиканы, химияны, тилдерди БААРЫ үйрөнө алат.

Бирөөлөр өтө аракетчил болсо, өзү аракет кылып үйрөнөт. Башкалары мектепке же курстарга барып мугалимдерден үйрөнөт. Ошондой курстардын бири - bilimot.kg сайты.

Эч ким күнүнө оку деп кыстап турбаган менен, биздин сайтта жүздөгөн видео сабактар жана тесттер чыгарылыштары менен бар.

Өз жалкоолугун жеңип, көптөн бери түшүнбөй жүргөн темаларын сайтыбыздан үйрөнгөн окуучуларыбыздын ыраазычылык каттары бизди кубантып, мындан ары да сапаттуу курстарды жасоого бизге дем-күч берип келет.

Учурда англис тили жана физика предметтери боюнча өз тармагынын "монстрлары" сайтыбызга онлайн курс даярдап жатышат. Жакынкы 2-3 айда бүтүрүүнүн аракетин кылып жатабыз.

PS. Сайтка регистрация болуу жана математика, химия предметтери боюнча баштапкы видеолорду көрүү 100% бекер.

Баардык суроолор боюнча байланыш: 0776-98-12-00
(WhatsApp/Telegram)
​​Көп жылдардан бери бул сүрөттөгү накыл кеп багыт берип келет. 7-8-класстын кыргыз адабияты китептериндеги Ж.Баласагындын чыгармаларынан болсо кк ...

А сизге кайсы макал мотивация берет же тереңдиги менен таң калтырат?
6 саат 14 мүнөт ордумдан жылбай 👨‍💻 99% концентрация менен отуруп маанилүү бир ишти бүтүрдүм💪😁

Баткен облусу боюнча ар предметтин мугалимдерине конкурс болуп жаткан, билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп. Ошол сынакка химиядан суроолорду 1-турда түзгөн элем. Бүгүн 2-турунун да, акыркы тур, суроолорун түзүп чыктым. Жалпысынан буга чейин 3-4 саат, бүгүн 6 саат 14 мүн кетти.

1-турда абдан жакшы результат көрсөткөн мугалимдерибиз болду. 2-тур да жакшы болот деген үмүттөбүз.

Бул жарыштарга химиядан жана 2-турда биологиядан суроо түзүүнү Билимотко ишенип бергени үчүн тиешелүү адамдарга ыраазычылык билдиребиз! Алар да катуу аракет кылып эмгектенип жатышат. Мамкызматтарда ушундай адамдар жана жакшы иштеген органдар көп болсо, өлкөбүз өнүгөөрү анык. СЖ келип эле баарын оңдоп кете албайт. Жапа тырмак аракет болушу кк.

Баса, биологияны түзүүгө Билимот командасынын мүчөсү болбогон бир байкебиз жана бир досум жардам берди. Башка иштери толуп жатканына карабай убакыттарын бөлүп бергенине ЧОҢ Рахмат.
Мектепте 5-6-класста англис тилинен берген мугалимибиз бар эле. Балдарды катуу кармап, баары анан коркот. Тапшырма катары ар кошумча сабакка өтүлгөн темадагы сөздөрдөн А4 кагазга кроссворд кооздоп жасап келишибиз шарт болчу. Ошол убакта жакпаган менен, азыр эстеп көрсөң сүрөт тарттырып, сөздөрдү ар кандай жайгаштырып кроссворд түздүргөнү креативдүүлүккө үйрөткөн экен.

Дагы бир эже 10-15 жыл мурда эле окуучуларын группа менен иштетип, тапшырманы группага берип, бааны да группага берет элем дейт. Анда ага директорлор окуучунун ар бирин баалаш керек, группага тапшырма берсең баары эмес, бир экөөсү эле иштеп калат ж.б.у.с. сындарды айтчу экен. Мына азыркы заман группа менен иштөөнүн эффективдүүлүгүн жана келечекте чыныгы жашоого керектүүлүгүн көрсөтүп келет. Окутуунун жаңы методдору ж-дө "креативдүү мектептер" китебинде жана башка интернет булактарында окуп калып жүрөм. Өзгөчө Финляндия мектептеринде биздин стандарддарга өөн учураган аябагандай башкача методдор колдонулат. Албетте, анын баары бизге иштеп кетет деген нерсе жок. Өзүбүздүн маданият, экономика, түшүнүк жана көз карашыбызга жараша адаптация кылып алуубуз керек болот.
Forwarded from 🇰🇬 student blog
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Түркиянын 84 млн. калкы бар. Окуу системасы 12 жыл. Биздин ЖРТ сыяктуу YKS деген бүтүрүүчүлөргө сынагы бар. Бизде 40 000 - 50 000 окуучу катышса, аларда 2 400 000 - 2 500 000 окуучу катышат. Суроолору боюнча дагы биздин ЖРТдан кыйла оор. YKS 2020 жыйынтыгы боюнча ушу бала Түркия биринчиси болуптур. Айтышы боюнча, өлкө биринчиси болгондогу кубанычты ата-эне, үй бүлө менен жашоо бап башка бир сезим, убакыт. Бул сезимге оңой-оңой эч кимди жетет деп ойлобойм.
Атасы сүйлөгөндө көзүнө жаш тегеренгенин мен сый-урматтуу, адептүү бала деп чечмеледим. + Келечекте өлкөмө кызмат кыла турган чыгаан уулу болом деген таза тилегине дагы муз ээрийт.

P.S. кадрлар кызыкча болушу мүмкүн, бул журналисттердин өнөрү. Баа берели)
Кызыгуусу, аракети жана чын дилден каалоосу болгон адамды эч бир тоскоолдук токтото албайт.

Эгерде бир же бир канча тоскоолдуктардын айынан багынып калгандар болсо, анда ал да өзүнүн чечими. Бирок ошондой тоскоолдуктарга карабай баарын жеңип өтүп жүргөн адамдар бар экенин унутпоо керек.
Убакыт - учкан куш.

bilimot.kg сайтына ЖРТ математика боюнча мыкты материалдарды күн-түн дебей даярдап жатабыз! Буюрса жакынкы 2 айда чыгып баштайт.

Азыр да сайтыбызда эң мыкты химия жана математика сабактары бар. Математика боюнча жаңы материалдар чыкканда, мурда алгандарга скидка болот, ошондуктан аны күтпөй даярдыкты баштай берүүнү, же азыркы даярдыгыңызды дагы да күчөтүүнү сунуштайбыз. Урушта туруш жок)

Ордуңда туруу деген нерсе жок, же алдыга кетесиң, өнүгөсүң, же артка кетесиң. Билимот өнүгүп, күн сайын биздин 5 адамдан турган топ көшөгөнүн артында активдүү иштеп жатат. Биз да билебиз, биздин көпчүлүк окуучулар да тынбай аракет кылып жатканын. Бийикти бирге багындырабыз!
Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу.

10 же 10-класста Акбар Кубанычбеков ( "Алыкул Осмонов" атындагы сыйлыкты жеңген эң жаш акын болсо кк ) деген агайбыздын айтканы эсимде. Жаш кезде кыргызча адабияттарды окуп алыш кк экен, кийин дүйнөлүк классиканы окуганда, кыргыз адабиятынан Айтматовдон башкасы анча жарабай калат.

Чынында эле Толстойду окугандан кийин кайра кыргызчаларды окусам, кыйла эле башкача сезилген. Албетте, бул деген окубаш кк дегенди түшүндүрбөйт, бирок башка адабияттардын да даамын татып көргөн жакшы.

Баса, Айтматов өзүнүн негизги чыгармаларынын дээрлик баарын орус тилинде жазганын билет белеңиз. Менин билишимче, ал алгач кыргыз тилинде жазып баштаган. Анын талантын байкаган адамдар, орус тилинде жазса анын чыгармалары бүткүл союзга оңой тарайт деп сунуштаган.

Лондондогу Айтматов Академиясы Kyrgyz Global уюму менен биргеликте залкар жазуучунун туулган күнүнө карата 3 күндүк «Айтматов дүйнөсүнө саякат» аттуу онлайн вебинарларын өткөрүп жатат. Вебинарлар Zoom платформасында өтөт.

Орундар чектелүү экен, катталуу үчүн шилтеме:
https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSeGH1GUz0pXckJRPudLSWlMJwgGpg8GiJAJeeS1IieOOPgZZQ/viewform

Вебинар боюнча толук маалымат: @kyrgyz_global (instagram)
Bishkek, December 22, 2019 22:41 (Былтыры Кореядан келген күнү тарткан экем)
Максатына жетүү үчүн жылуу төшөктөн бир жерин көтөрүп чыга албаган адам - адам эмес, бакма мал.

Кайсы көз караштан алба ушундай тыянак келип чыгат.

Диний жактан алганда да, эң жөнөкөй, Кудайга кулдук, динге кызмат кылуу керек. Ал үчүн ар күнү 5 жолу намаз окуу, үй-бүлөңө, коомуңа жана мусулман, каапыр дебей баарына жардам берүү керек. А буларды аткаруу үчүн кыймылдаш керек, мээнет кылыш керек, бир жерди көтөрүп туруш керек.

Менин оюмча жалкоолук чоң күнөөлөрдүн катарына кирет. Анткени сага берилген мүмкүнчүлүктөрдүн акысын кудай таала аркы дүйнөдө сураса жообубуз: "Анан биздин президенттер жаман эле да, анан бизде коррупция эле да, анан бизди Садыр "адам" кылат деп күттүк эле да, анан мен үйдө эле эч кимге зыяным тийбей, мамлекеттен жардам күтүп жаттым эле да, анан... анан... "