Биз өлкөбүздүн маданий, саясий тарыхын, флора жана фаунасын тереңдеп изилдешибиз кк.

Борбордук Азияда ушул сыяктуу жаныбарлар жашаган экен. Алгачкы жирафтар 15 млн жыл мурда биздин чөлкөмдөн чыгып, дүйнөгө тараган.

Ал эми кериктин (носорог) сөөктөрүн палеонтологдор Кыргызстандын территориясынан оңой эле таба алышат экен. Негизи бул жаныбар убагында дүйнөнүн көп бурчуна тараптыр.

Бул жб маалыматтарды алгач подкасттан угуп анча ишенбедим. Бирок бир аз гуглдап отуруп ынандым.

Подкастка шилтеме:
https://voyagepod.castos.com/episodes/voyage-to-the-crossroads

Ош, Өзгөн жана Баласагындын (азыркы Токмок тарап) чынында эски шаарлар экенин дагы башка булактардан да көрүп калдым.
Билимоттун жаңы студиясы даярдалып атат
Адам кандай гана татаал абалда калбасын, ал өзүнүн бийик адамдык наамын, адамдык мартабасын түшүрбөөгө милдеттүү. (Ч. Айтматов)
Анкетаны башынан жөнөтөм кайра
Президенттикке талапкер болгон 18 кандидаттын тизмеси төмөнкү эки анкетада көрсөтүлгөн. Сиз шайлай турган кандидат бир тизмеде болуп, кийинки тизменин да жыйынтыгын көрүүнү кааласаңыз жөн гана "ЖЫЙЫНТЫКТЫ КӨРҮҮ" 👀 👀 деген вариантты тандап шайлаңыз.

Эскертүү: Бул анкетада бирден көп кандидатты тандап шайлоого болот. Туура эмес шайлап алсаңыз "добушту тарт" деген да мүмкүнчүлүк бар (анкетаны басканда чыгат).
Жогорку анкета боюнча комментарийлерди жазгыңыз келсе, же окугуңуз келсе, Баямандын "Билим Деңизи" каналына баш багыңыз:

https://t.me/bilimdenizi
Талапкерлердин тизмеси жана алардын 2020-ж. мамлекетке төлөгөн салыктары. (Булак economist.kg) Бабур Тольбаевдин компаниялары бул жылы 238 млн сомдон ашуун салык төлөптүр. (Баса Мөл Булак Исламдык кредиттик компания)
Бетховен, Людвиг ван
Бетховендин 250 жылдыгы.

Людвиг Ван Бетховен 1770-ж. 16-декабрда ал убактагы Ыйык Рим Ипмериясында, азыркы Германиянын Бонн шаарында туулган. 1827-ж. 56 жашында маданияттын борбору болгон Вена шаарында көз жумган.

Бетховендин кулак угуусу 27 жашында начарлай баштап, 48 жашында толук укпай калган. Кулагы укпай калганына карабастан, ошол убактарда музыка дүйнөсүнө таанымал Тогузунчу Симфониясын ж.б. бир канча атактуу чыгармаларын жазган.



Бетховендин "Лунная "сонатасы: https://www.youtube.com/watch?v=4Tr0otuiQuU&ab_channel=andrearomano


Бетховен ж-дө маалымат: https://youtu.be/YvHN4i-V5Zc
Жылдык пландар

2019-жылга койгон максаттарым (пландарым) бешөө болгон экен:

(канча пайыз аткарылгандыгы)
1-план: 30%
2-план: 50-60%
3-план: 91%
4-план: 58%
5-план: +100% (ашыкчасы менен аткарылыптыр)

2020-жылга коюлган максаттарым (пландарым):

(канча пайыз аткарылгандыгы)
1-план: +100%
2-план: ~70%
3-план: ~20%
4-план: 0%
5-план: +100%
6-план: 95%
7-план: ~60%

Жогоруда 4-план 0% аткарылды. Анткени жыл ичинде максаттарым өзгөрүп кетти, анын үстүнө бул жылы эмнелерди кылышым керек экенин жатка билем деп ойлоп жүрө берипмин, 4-нү унутуп калып. 1-2 ай мурда гана ачып карасам турат , жадырап😅

Силерде бул жыл кандай аяктап жатат? Эмки жылга даярдыкты күчөтөлү эми, кайра 2020 га окшоп жарым-жарты болуп калбасын...
Forwarded from Программисттин ойлору (Erkebek Abdrakhman uulu)
Биринчи жолу сайт жасоого заказ алганымда...

2018 жылдын январь айы. Бишкектин окуу жайларынын биринде 2 курста окуп аткан учурум. Ал убакта досум менен көптөгөн сайттарды ойноп жасап көрүп, ар кандай хакантон-жарыштарга катышып, жакшы эле тажрыйба топтоп калган элем. Бир эле нерсе калган болчу бул өнөрүм менен акча тапканды үйрөнгүм келди.

Ар кандай компанияларга кайрылдым: баары тең "кийин өзүбүз чалып койобуз" деп эле узатып жатышты. Интернеттен да кантип, кайдан заказ табат экендигинен такыр маалыматым жок эле.

Ошентип күндөрдүн биринде Туркиядан бир досум 20 миң сомго заказ тапканын айтып калды. Ал учурда мен телефонумду да сындырып алган элем, дароо макул болуп, тапкан акчама жаңы телефон алууну чечтим.

Досум сайттын Front-End жагын жасап, мен Back-End'ин жасамай болдум.

Бул жашоомдо эң биринчи заказ болгону үчүн сүйүнүчүм койнума батпай, анда болгон сезимдер дагы деле эсимден кетпейт.

Күндө сабактан кийин болгон убакытымды заказды аткарууга жумшап, уктабаган да түндөр болгон эле. Досум экөөбүз күндө чалышып, проектти талкуулап жүрдүк. Бат эле бир жарым ай өтүп, берилген сайтты да бүтүрдүк. Бүтөөрдө заказчик дагы да кошумча функцияларды сурап, алар бүткөн соң толук төлөп берээрин айтты. Дагы 2-3 жумадай иштедик. Жасалчу иштер деле бүтүп, сайт ишке кирип калган болчу, бирок негедир заказчигибиз убакытты чоюп жатты.

Дагы бираз күттүк, бир жумадан кийин досум чалып "Заказчик сайттан баш тартты" деп айтып калды. Экөөбүз тең аябай капа болдук, эки айлык ишибиз текке кеткен эле. Бирок кылаарга башка иш жок болчу, экөөбүз тең жашпыз, эч кандай келишими жок эле заказ алып алган элек. Жана да заказчик Туркиядан болчу. Акыры бул иш ошо бойдон калып кетти.

"Туркиянын компаниясына сайт жасагам" деп резюмеме жазып алып, кайра заказ же жумуш издеп жүрдүм. Аз убакыт өтпөй эле Бишкектин ири компанияларынын бирине стажировкага кирип калдым. Биринчи заказды жасап жатканда топтогон тажрыйбам жаңы орношкон компанияда аябай чоң жардамын берди. 1-2 жуманын ичинде бат эле стажировкадан чыгып кеттим да, толук кандуу ишке орношуп иштеп калдым.

Кийиничерээк ойлонуп көрсөм, бул жагдай жолумда өтүш керек болгон эң маанилүү этаптардын бири болгон экен. Бул проектти жасабасам, андан аары программист катары өсүү кыйын болмок экен.

Негизи жашоодо кандай жагдайга туш болбосок да, жакшысы да, жаманы да - бардыгы койгон максатыбызга тезирээк жетүүбүзгө жардам берет экен.

А сен кандай учурларды башыңан өткөрдүң эле?
Өзүбүздүн жана Кыргыз Республикасынын ТАГДЫРЫН анын жарандары жана башчылары АНЫКТАЙТ.

Дин
:

Жок, тагдыр Кудайдын гана колунда деген жоопту бергиңиз келсе, ооба кошулам. Кудай “алма быш, оозума түш” деп отургандардын абалын жакшыртып коёт деген үмүттө жашап жүргөн болбойлу. Өзүбүздү өзгөртмөйүнчө, биздин тагдыр жакшы тарапка өзгөрбөйт. Тагдыр маселеси боюнча Азирети Умардын оору чыккан чөлкөмгө барбай койгонунан ж.б. окусак болот...

«... Поистине, Аллах (Бог, Господь) не изменит положения людей, пока они не изменят самих себя ...» Ыйык Куран 13:11 (Ар-Рад сүрөсү, 11-аят).

(Жогорку аятты интернеттен көрүп гана коб койгон жокмун, өзүм да Ыйык Курандын электрондук версияларынан ошол аятты таап окуп көрүп, тастыктап коюп жатам.)

Куранда биринчи түшкөн сөз “икро - оку”. “Ук” эмес, “айт” эмес. А биз эмнелерди окуп жатабыз? Биздин коом күнүнө, айына, жылына канча окуйт?


Саясат:

Жалпысынан 10-20 адамдан сурап көрдүм: “Садырдан башка татыктуу кандидат жок болгону үчүн аны шайлап жатам,” - дешет. Анан мен сурайм: “Тольбаев, Абакиров, Касенов, Ташев дегендер эмнеге болбойт?”, - десем аларыңды тааныбайм, Мадумаровду, Арстан Алайды эле билем дешет. Логикалык жактан алып караганда өзүнө-өзү каршы чыгып жатат. Садырдан башка татыктуу жок дейт, башкаларды тааныбай туруп ушинтип айтып жатат. Башкаларды да белгилүү бир деңгээлде таанып туруп, анан ушинтип айтса жарашмак...


“Ким экен?” проекти президенттикке талапкерлер ж-дө ачык ресурстардан топтолгон маалыматтарды чыгарып жатат. Бул проект “тез көр”, “шок, антип салды, минтип салды” деген проекттерден эмес экенин көрүүгө болот.

Тольбаев, Ташев деген кандидаттар эң көп кайрымдуулук кылган, бийликке аралашпай өз бизнестери менен байыган адамдар. Тольбаев КРга Ислам талаптарына туура келген кредит системасын жайылтуучулардын эң алдынкылары. Абакировдун болсо финансылык, экономикалык билими жана тажрыйбасы чоң. Талапкердин ичинде дагы башка биз билбеген таза, тажрыйбалуу, Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдордун ыплас иштерине аралашпагандары бар. Сот реформасын кылам деп тайманбай иштеген Сооронкулова бар...
Анан эмнеге бир гана Жапаровду колдошубуз керек?

ЖРТ ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ БӨЛҮМҮ

Жогорку жазгандарымды окуп чыгып, Жапаровду жамандап жатат деп ойлоогон болсоңуз анда жаңыласыз. Бир жолу дагы антип айткан жокмун. Менин оюмча Жапаровдон татыктуураак талапкерлер болушу мүмкүн. Башкаларды тааныбай, башкалар ж-дө окубай, билбей туруп, кантип өзүбүздүн, үй-бүлөбүздүн, туугандарыбыздын тагдырын ойлонбой бирөөгө тапшырабыз?

Садыр Жапаров ким экен?
https://youtu.be/W7_WrHTpIFU


Бабур Тольбаев ким экен?
https://youtu.be/mAdQCFRaNVE
Адамдын сүйлөгөн сөзүнө эмес, кылган иштерине жараша баа берүү керек.

Бирөөнүн сөздөрүнө, келбетине же намаз/хиджап/сакалына карап баа бербөө керек.

Адамды төмөнкү учурларда жакшыраак таанууга болот:
1. Соода мамиледе
2. Сапарга чыкканда
3. Кошуна жашаганда
2021 жемиштүү өткөрөлү!
😂😂😂 Митингге чыгып жаткандардын көпчүлүгү бийликте чоң орунда иштебеген, 30га чыга элек Улан Үсөйүнгө окшогондор көп.