19:30да бул кинону талкуулаган видеобуз ютюб каналыбызга чыгат. #критикалыкойжүгүртүү
#Ислам #Тарых #Кыргызстан #КритикалыкОйЖүгүртүү

Суннит жана шииттик бөлүнүү каяктан келип чыккан? Биз ойлогондой маанилүүбү? Тилекке каршы бул темаларды кыргызча талкуулаган видеолор, китептер, адамдар жокко эсе.

1. Исламдын суннит менен шииттерге ажыроо тарыхы.
- ШИИТЫ И СУННИТЫ - в чем разница и когда появились? (история Халифата): https://youtu.be/iWv8PXJrLCw

2. Ислам менен Христиандыктын “душмандык” тарыхы (дин душман болгон эмес, болгону бийлик жана байлык үчүн башкаруучулар гана элди өз максатында колдонгон).
- Христианство и ислам. Причины Крестовых походов. Халифат. (история священных войн): https://youtu.be/80VQaAk4wWg

3. Эмне үчүн Сауд Арабиясы Иранга душман? Анткени падышалар Ирандын мурдакы шахтарына окшоп монархиялык башкаруу ордуларын жоготкусу келбейт.
- The Middle East's cold war, explained. https://youtu.be/veMFCFyOwFI
#КритикалыкОйЖүгүртүү
#Текст1
ЖРТ окуу жана түшүнүү бөлүмүнө да мисал боло алат.

Мурат тиш доктур болуп иштейт. Ал күнүнө орточо 10 бейтапты карайт. Мурат Өзгөн шаарындагы эң атактуу тиш доктур, балким эң узак мөөнөттөн бери иштеп келе жаткандыгы үчүн болсо керек. Кийинки жылы ал пенсияга чыгат жана ишин баласына калтырып кетет. Баласы азыр башка шаарда иштейт.
#КритикалыкОйЖүгүртүү
#Текст3

Бишкек, Ош - калкы көп чоң шаарлар. Бишкекте автокырсыктар көп катталат. Ошто да автокырсыктардын саны жогору. Нарындын калкы аз. Ал Кыргызстандагы чоң шаарлардын катарына кирбейт.
#КритикалыкОйЖүгүртүү
#Текст4

Асандын мектебинде окуучуларга түштөн кийин токоч же жылуу тамак берилет. Асан көп тамак жебеген бала. Мектепте жылуу тамак берген күнү үйдөн кечки тамагын жебейт.Бүгүн түштөн кийин мектепте Асандарга токоч берилди.