Кызыктуу психология - кыргызча.
317 subscribers
36 photos
15 videos
18 links
Download Telegram
Эгерде эркек тандай турган болсо, анда эркек сүйүктүү болгонго караганда сыйлуу, урматтуу болгонду тандайт ...

Билчу белеңер?

Эркек өзүн сүйгөн бирок урматтабаган аял менен жашагандан көрө, жалгыз болгонду каалайт.
Себеби эркектин баалуулуктарынын тизмесинде сый-урмат, сүйүүгө караганда алдыңкы орунда турат.

Сөз нормалдуу эркектер жөнүндө болуп жатат.

Эч нерсеге умтулбаган, максаты жок, өзүнө ишеничи жок же болбосо "апакесинин балдары" жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Мындайларга албетте аял аны сүйүп, кам көрүп, бөпөлөп, "сюсюкать" этип, багып, материалдык камсыздап турганы керек. Аларга сыйлап, урматтабай койсо деле мейли, иши кылып сүйүш керек.

Өзүн сыйлаган нормалдуу аял дагы ушундай ойлонуш керек деп эсептейм.
Эгерде аял өзүн сыйласа-ал эч качан аны кемсинткен, барктабаган, анын каалоосу менен эсептешпеген, өз баалоосун төмөндөткөн адам менен бир болууга макул болбойт.

Макул болуп жатабы -демек ал өзүн баалабайт, барктабайт.

👉Мисалы, аялы күйөөсүнүн жаман экенин, аны баалабаганын, кемсинткенин, жемелегенин айтып даттанып, аны өзгөрткүсү келгенин айтат.

Келгиле суроо берип көрөбүз:"Эгер ал ошондой жаман болсо, анда эмне чыдап жүрөсүң, эмнеге андан кетпейсиң?"

Билесиңерби ал эмне деп жооп берет?

"Мен аны СҮЙӨМ да. Менин ага сезимдерим бар!"

Себеби ага сүйүү маанилүүрөөк.

Мамилелердени сый, урмат силер өзүңөрдү сыйлаганды уйронгодон кийин гана пайда болот.

👆Бул пост сыйлашуу урматташууга гана умтулгула деген пост эмес. Сүйүү дагы маанилүү. Экөөндө тең баланс болуш керек.

Бирок сый, урматсыз мамилелерде эч качан бактылуулук болбойт, канчалык күчтүү сүйүү бар болсо дагы.

Макулсунарбы?

Эгер пост жакса- катталуу, лайк, комментарий, бөлүшүү күтөм!