Кызыктуу психология - кыргызча.
319 subscribers
36 photos
15 videos
18 links
Download Telegram
Видеодо айтылгандардан сырткары, төмөнкү кыймыл аракеттер да жардам берет:
🔷 Муздап сууга бети колду жуу
🔷Абдан ачууң келип, бир нерсени талкалагын келип жатса жаздыкты муштагылап ургуласа болот.
🔷Физикалык күч жумшай турган кыймылдар, мисалы үй жыйноо, эшикке чыгып чуркоо, секирүү жана башка ушул сыяктуулар эмоцияларды туура өткөргөнгө жардам берет.

Эсиңерде болсун эмоцияны ичке катып калуу туура эмес, күчтүү негативдүү эмоциялар сыртка чыгышы керек. Ошондуктан туура чыгаруу үчүн жогорудагыларды колдонсонор болот.
Бермет жашоодо адашып, ордун таба албай жүргөн.
Бул жашоодон эмнени каалайт өзү дагы билбей, үй бүлөлүк жашоосундагы проблемаларды чечкиси келген эмес.

Негизи эле эч нерсе каалабай калган.... Кээде жашагысы да келбей кетчү....
Ал өз жашоосун күйөөсүнө болгон таарынычы, претензиялары менен кайгыда өткөрчү.
Балдары чоңойсо анан нормалдуу жашоо башталат деп күтүп жүргөн.

Консультацияга бир гана "Ажыраш" деген сөздү угуу үчүн келген.

Бирок ал такыр башка нерсе укту менден...
Мен ага анын жолдошу эң сонун ата, өмүрлүк жар, ал үчүн үй - бүлө биринчи орунда десем, уккан кулагына ишенген жок.
"Андай болушу мүмкүн эмес. Биз экөөбүз айлап сүйлөшпөй жүрө беребиз, ал абдан муздак, жылуу сөз чыкпайт" деген сыяктуу жоопторду берди.

Ажырашууну пландап койгон болчу Бермет.

Мен Бермет жана анын жолдошунун туулган даталары аркылуу экөөнүн психологиялык портреттери түздүм, андан сырткары алардын түгөй катары шайкештигин карап айтып бердим.

Ошондо ал кызыгып "мен көзүмдү жумуп, эч нерсе көрбөгөндөй болуп жашагандан тажадым, өзүмдү, тегерегимдегилердин жакшы билип, түшүнүп жашагым келет" деди.

Мен архетиптик нумерологиянын негиздерин үйрөттүм Берметке.
Жашоосунда өзгөрүүлөр башталды.
Жолдошу менен болгон мамиледеги кыйынчылыкта жолдошу гана эмес өзү дагы жоопкер экенин түшүндү.
Жолдошунун жакшы жактарын түшүндү.
Өзүнүн күчтүү жактарын билди.
Азыр ажырашуу жөнүндө сөз жок.
Жашоодо кызыкчылыктар пайда болду.

Силер дагы Берметтей жашоо өзгөрткүнөр келеби?

Жакында "Өзүмө өзүм нумеролог" онлайн курсу башталат.

Эрте регистрация болгондор үчүн арзандатуу бар.
Андыктан 0558271210 вотсап номерине байланышыныздар.
Мен жолдошум экөөбүз өзүбүз табышып, жактырышып, сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Ал тургай ата-энелерибиздин каршылыгына кабылганга да караган эмеспиз.
Бири бирибизсиз жашай албачудай сезилчү.
Көрсө түгөйлөрдүн мамилесиндеги конфеттик - букеттик периоддо түгөйлөр маскаларды кийип алып, өзүлөрүнүн алсыз жактарын күчтүү кылып көрсөтүшөт турбайбы.
Муну мен кийин Юнгдун типологиясын окуп уйронгондо билдим.
Демек менде да, жолдошумда да бизди жакшы көрсөткөн маска болгон.
Чогуу жашай баштаганда гана, убакыт өткөн сайын маскалар чечилип, чыныгы жүздөр ачылганда, таптакыр башка киши болуп чыга келет экенбиз.
Ошондо жакшы нерсе күтүүлөр таш талканы чыгып нааразычылыктар башталат экен.
Нааразычылыктар башталганда түгөйлөрдүн бири агрессор, бири курмандыкка айланат экен.
Бирок аялдар көбүрөөк курмандыкка айланышат.
Мен дагы дал ошол курмандык сезчүмүн өзүмдү.
Мен ушундай жакшы окуган, баарын түшүнгөн, ал эле эмес баарын көтөрүп, баарын жасап, баарына чыдап жүрсөм деле мени эч ким барктабайт. Тегеремдигелердин баары ушундай жаман, а мен жалгыз ушундай жакшымын, бирок бир байкушмун.
Ушундай абалыңды өзүн колго алып, өз жашооңо өзүң жоопкерчилик албасаң, жашоо сенин көзүңдү ача турган, түп тамырынан бери өзгөртө турган кырдаалга алып келип коет.
Бизде да ошондой кырдаал болду.
Жолдошум менен ажырашкандан башка ой келбей калган мага.
Анан өзүң өзгөрбөсөн ажырашуу деле жардам бербейт деген сөздөргө көп кабыла баштадым.
Ошондон баштап психологияны окуй баштадым.
Психология менен алектенгениме 6 жылга жакындап баратат. Билгенден дагы эле биле элегим көп.
Менин изденүүлөрүм мени архетиптик нумерологияга алып келди. Бул адамды өзүн билүүсү, башкаларды билип, түшүнүп кабыл алуунун эң кыска жолу экен.
Өзүмдү абдан жакшы билдим, минустарымды, күчтүү жактарымды түшүндүм.
Жолдошумдун мен түшүнбөгөн, кабыл ала албаган жактарын түшүнүп, кабыл алганды үйрөндүм.
Ал эми түшүнүү менен кабыл алуу сүйүүгө жол ачат.
Азыр жолдошум менен мамилем дээрлик идеалдуу десем болот. Идеалдуу эч нерсе жок, бирок бизде дээрлик идеалдуу. Баардык маселени чогуу сүйлөшүп чечебиз.

Ушундай болушун силер да каалайсынарбы?
Анда нумерология боюнча курсума келгиле!
Эмне үчүн менин жолдошум менен мамилем келишпей жатат?

Тиги Жаңылга жыргал, күйөөсү алтын да. Акча табат, проблеманын баарын өзү чечет, жаны тынбай үйүндө жумуш кылат, үй жумуштарына жардам берет, балдарын багышат, анан дагы гүл белек кылып турат. Жаныл эч нерседен, эч кимден коркпой мурдун көтөрүп гана жүрөт.

Эмне үчүн мындай адилетсиздик бар? Мен суткалап иштейм, баары менин моюнумда, балдар, сырттагы жумуштар, үйдүн ичиндеги жумуштар, а күйөөм диванда жатат....
Анан дагы баарына ким күнөөлүү?
Мен күнөөлүү, мен жаман...

Эмне үчүн мындай?

Мен кичинекей сырды ачайын силерге. Булардын себептери силердин өзүңөрдө?

Силер өзүңөрдүн таракандар менен иштемейинче, күйөөңордү өзгөртөм дегениңер, андан сый менен сүйүүнү талап кылганыңар бекер.
Кайсыдыр бир жерде Жанылдыкындай жакшы күйөө боло турган эркектер бар, а мен жөн гана жанылыптырмын деп ойлоо дагы туура эмес.

Азыркы жолдошуңуз сиздин азыркы деңгээлге туптуура келген түгөй.

Башка эркек менен деле силерди дал ушул эле мамилелер күтөт.

Ошондуктан силердин таракандар менен 20-майда акысыз вебинарда иштейбиз.

Катталуу үчүн посттун астындагы комментарийге Вебинар деп жазгыла.

Ийгилик.
Түгөйлөр ортосундагы идеалдуу мамилелер деген эмне? Идеалдуу мамиле деген деги барбы?

Менин оюмча идеалдуу адам болбогондой эле, идеалдуу мамилелер дагы болбойт.

Жөн гана нормалдуу мамилелер бар. Ал эми нормалдуу мамилелерде сүйүү, түшүнүү, сүйүнүч менен катар эле чыр чатак, уруш, конфликт, кризистер болот. Бирок мындай мамилелерде сүйүү менен түшүнүү жетиштүү деңгээлде болот.

Анда нормалдуу эмес мамилелер кандай болот деген суроо туулат. Мамилелердин нормалдуу эмес экендигин көрсөткөн белгилер көп.

Мен бул жерде негизги 3 белгисин жазып өтөм.

1. Түгөй менен болгон уруштан кийин элдештинер, бирок ичинерде айтылбай калган, жагымсыз калдык калды. Биринчи таанышкандагыдай абдан жакшы кишинин образы толук калыбына келген жок. Түгөйүнуз сиз үчүн толук бойдон коопсуз эмес.

2. Түгөйунузго бир нерсе айтарда көпкө ойлоносуз, айтсамбы, айтпай эле койсомбу, кандай кабыл алат болду экен деп коркосуз . Анын сизге нааразы болгон сөздөрүн көтөрө албайсыз. Өзүңүздү эркин өзүңүз каалагандай алып жүрө албайсыз анын жанында.

3. Сиз кээде түгөйүм жок эле болсо мага жеңил болмок деп ойлоносуз.

Эгер ушул үч белги болсо, сиздердин мамиледе көптөн бери чогулган олуттуу проблемалар бар.

Биз өзүбүздү түгөйубуздун жанында толук бойдон коопсуз жана эркин сезгенде гана биздин мамиле нормалдуу деп эсептешибиз керек.

Сиздердин мамиледе ушул белгилер барбы?
Бар болсо өзүмдүн психологиялык онлайн жана офлайн консультацияма чакырам.
15-20 жыл чогуу жашагандан кийин деле аялдар күйөөлөрүн мурункудай эле жаш, тамашакөй жигит катары кабыл алышат.

А бирок эркек бул жылдарда өзгөрөт, олуттуу болуп, статуска ээ болуп, эркектин гүлдөп турган кези болот
Бирок аялынын ага мамилеси өзгөрбөйт.

Анан иш аялынын көзүнө чөп салууга жеткенде, көңүл бургула бул жерден!!!

👉Күйөөсүнүн түшүндүрмөсү: мен жаш , жаңы кыз менен жашагым келди эмес!
А мен күнүмдүк претензиялар сын критикадан тажадым дешет. Мен деле жакшы мамилеге татыктуумундешет.

Так ушул моментте күйөөсүнө өз аялынын башка аялдардын баары чүрөк көрүнөт. Ал чүрөк сөзсүз эле жапжаш болбойт, көп учурда эркектен да улуу болот, а бирок кандай гана түшүнөт эркекти, кандай гана баалайт.

Ошондуктан бул жерде кеп аялдын жашында эмес.

Кеп эмнеде экенин билгиниздер келсе, менин курсума чакырам. Башталышы 30 май. Курстун баасы сизди жагымдуу таң калдырат.

Офлайн, онлайн консультация, курс боюнча директке кайрылыныздар
"Нумерология өзүм үчүн" курсу кимдерге:

🔸Нумерологияга кызыгып, аны негизги же кошумча кесип катары өзү үчүн сынап көрүп жакшы кирешеге чыккысы келгендерге;

🔸Психология, коучинг, нутрициология сыяктуу жардам берүүчү кесиптин ээси болгондорго жана кардарларынын күчтүү жактарына таянып аларды тез жыйынтыкка чыгаргысы келгендерге;

🔸 Түгөйү, кайын -журту, балдары менен мамилени туура жолго коюп, бакубат турмуш кечиргиси келгендерге;

🔸Начальниги, коллегалары менен эффективдүү мамиле куруп, үй-бүлөсүнө көбүрөөк убакыт бөлүп, өзү каалаган жумуш менен алектенгиси келгендерге.

Курстун толук программасы менен карусельди жылдырып таанышыңыз.

Курста 30% теория, 70%практика болот. Сабактар Zoom платформасында жандуу өтүлөт.

Курстун узактыгы 21 күн. Сабактар бүткөндөн кийин кошумча 21 күнгө доступ берилет.

Курстун аягында активдүү катышкандарга сертификат берилет.

Курска алдыңкы катталган 5 адамга 50%дык арзандатуу бар.

Курстун баасынын 20%ынан жогорку сумма менен бронь кылгандар, курс башталганга чейин менин 30 мүнөттүк акысыз талдоомо ээ болушат.

Курстун жүрүшүндө активдүү катышып, кардар алып, нумерологиялык талдоо жасап эң көп кирешеге чыккан көрсөткүч үчүн 5000сом акчалай сыйлык бар.

Курска катталууну кааласаңыз 0558271210 номерине жазыңыз