#химия_one_love

Бугун бир сабакта профессор жаны жана келечектен копту умуттордургон инорганикалык химиядагы MOF (metallorganic framework) топиги тууралуу айтып берди. Негизи эле химияга тиешелуу тармактар жонундо копчулук адамдар билишпейт (мен да олимпиадага даярданып жургондо да анча билбейт элем, эми уйронуп атам).

Химияга тиешелуу тармактар:

Химия илими, химия инженериясы, материалдар илими, энергия инженериясы, биохимия, физикалык химия, айлана-чойро инженериясы ж.б.

*Жогорку тармактар эмнелерди жасайт жана эмнелерди окуйт?*

- телевизор, телефон, компьютерлердин экрандарын, каркастарын, чиптерин жасоо.

- рак, Алзгеймер, сахар, ж.б. баардык ооруларга дары жасоо

- батарейка, кундон энергия алган батарейка, машинелерди «жашыл» энергия менен жургузуу,

- пластик, металл, ар кандай сплавтарды жасоо

- дениз суусун тазалап ичи турчу суу алуу, абадагы азоттон жер семирткичтерди жасоо, суудан суутекти болуп алып, ошол суутекти куйгузуп табиятка залакасын тийгизбеген «жашыл» энергия алуу (бензиндин ордуна, башка газдардын ордуна колдонуу)

- дуйнодогу эн катуу, эн женил, эн жука, ок отпогон, ийилчээк , электр энергиясын эн аз каршылык менен откоруучу материалдарды жасоо
...

Бутпой турган лист негизи. Жогоруда айтылган тармактарда иштоону каалгандардын баарында мумкунчулугу бар экенине кубо болдум. Эн башкысы кызыгуу болсо, сени ошол тармакка каяктан болбо, кандай дипломун болсун болбосун, кызыгуун болсо жана билимин болсо, башка эч нерсене карабай жумушка алууга даяр болгон компаниялар, лаборатириялар дуйнодо толтура экен.


Аны учун физиканы, химияны, биологияны же IT’ни жакшы билуу керек. Буларды жакшы билуу учун бир сыйкырдуу нерсени эле уйронуп алсан каалаган тармагына оп-оной кирип кете бересин. Ал «сыйкыр» - математика (озгочо дифференциалдар жана интегралдар).
#медицина #химия #Корея #ЖРТ

Бугун химия болумундо чогуу окуган корей Донхёк деген бала менен суйлошуп калдым (ото акылдуу экени корунуп турат негизи, особенно математикасы жакшы болсо керек, кванттык химияны жакшы билет. Откон жайкы каникулда мен лабораторияда иштегенче, билимот кылып жургондо, Донхёктун китеп канада алдына 3-4 чон китептерди коюп алып сабак кылып отурганын коп коргом. Азыр кыйын бир сабакты чогуу алабыз, класста эн жакшы билгендердин бири Донхёк.

- негизи бизде окуу негизи 4 жыл. бирок кааласан 6 жыл ичинде бутсон да болот (шашпай аз курс алып). Ошондой эле эрте бутсон да болот. Донхёк уч жылда бутуруп атат экен. Кыйын болду дейт ар семестр 7-9 курстан алса керек.

- эрте бутуруп медициналык окуу жайда окуймун деп пландап атыптыр. Мектепти аяктап атканда эле тапшырууну каалаган бирок сынактан баллы жетпей калган экен.

- азыр кайра тапшырып жатыптыр. Дагы 10 жылдын айланасында окумакчы. Бирок жакшы врач болуу учун кошумча 10 жыл окуу арзыйт дейт.

- Кореянын эн «начар» мед окуу жайына отуу - эн кучтуу мед эмес ЖОЖдорго отуудон кыйын, эн-эн жогорку балл алгандар гана окуй алат медде.

- коп акча табуу мумкунчулугу мед тармагында жогору дейт.

- Бизде эн жогорку балл алгандар кобунчо чет олкого тапшырууну каалашат, АУЦАны тандашат же Ала-Тоо, Манас же МедАкадемияны. Бирок буларда баардык мед окуу жайлар биринчиде, анан кийин башкалар келет экен.
________________________________

КР менен параллел жургузо турган болсок, менин ЖРТдан баллым мед академияга кошумча биологиясы жок эле негизги тест менен химия экоо жон гана отууго эмес, бюджеттик негизде отууго жетейин деп калат эле вроде (226 негизги + 142 химия = 368). Бирок ошол убактагы билимим менен бул жакта медге шансым 0.000000000000000000000000болмок.

Эми бул жакта, Кореяда, кокус ооруканага барып калсам (кудай сактасын) эч коркпосом болот экен, точно жогорку квалификациялуу адам отурганына ишенсе болот.

Ушундай учурларды эсептегенде, кээде Корея жагып кетет))
#химия_one_love #кызыктуу

Химия чынында кызыктуу! Хотя андан башканы окуй элекмин кыйратып, химияны деле.

Кечинде 1 саатча партада уктап, туну менен даярданып чыккан презентацияны жакшы тапшырып алдык. Негизи 3-4-курстун сабактары да, тапшырмалары (проект, презентациялары) да кызыктуу болуп атыр.

Инорганикалык химия 2ден «супер откоргонуч» (суперпрооводник, superconductivity) жонундо презентация жасадым. Дагы эки шеригим да ушул темада жасашты, бироо болсо «supercapacitors” жонундо эми презентация кылат.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
#химия_one_love
Лабораторияда эмне иштер мн алек болоорубузду жазыш кк эле.