#аудиоКитеп #тарых #сынчылОй

Жакында эле Александр Солженицындин «архипелаг гулаг» аттуу китебин окуп чыктым (т.а. угуп чыктым). 1918-1956-жылдар арасындагы СССРдеги репрессиялар жонундо жазылган. Бул китеп СССРдин акыры жылдарында жана балким РФнын да мектеп окуу программасында да болгон экен. Бирок кийинчерээк китеп тарыхий жактан так эмес экени белгилуу болду.

Китептеги баяндалган жылдар арасында репрессия жана лагер иштеринен 15 миллионго жакын адам олгон деп айтылат. Бул абдан чон сан! Салыштырганы, СССР 2-дуйнолук согушта 24 миллиондой адамынан айрылган. А бул болсо согуш жок эле, китепте баяндагандай абдан катаал, туркой жана шалаакы тергоочулор жана жалпы окмоттун башында турган И.В.Сталиндин айынан ушунча куноосуз жандар каза таап жатат. Китепте лагердеги адам чыдагыс жашоо шарттар жана ырайымсыз бийлик баяндалат.

Сталинди жана СССРди жаман коргон тараптар да Солженицындин бул китебин тарыхий эмес «корком» чыгармв катары жана андагы айтылган нерселер чындыктан 10 эселеп апыртып жазылганын кабыл алышат экен. Албетте репрессия аябагандай «жаман» жана ырайымсыз болгон, бирок жаманга боло берет деп устуно жок нерселерди да жамаган болбойт ко...

Озу Америкалык бирок Кореянын тарыхын изилдеген, тарызтан сабак берген профессорубуз айткан эле: «Илгерки тарыхчылар бир китепти жаны кагазга жазып жатканда, бир «жаман» адам жонундогу тарых болсо анын устуно кошуп ал кылбаган иштерди да жазып сала беришчу экен. Бул жаман адам болгон жана жаман адамдар ушундай иштерди кылышат деген ойдо ал кылбаган ишти кылды деп жазуу алар учун нормалдуу бир корунуштой эле болгон.»

Буга чейинки тарых жонундогу китепти окуганымда, ар бир айтылган аргументтин сан менен белгиленип, китептин артында корсотулгон булагын да кошо карап окудум эле. Бул жолу аудио китеп болгондуктан аргументтердин булагы жазылганбы же жокпу кароо оюма да келбептир. Анын устуно китебин окуурдан мурда автор менен да таанышпапмын.

Тилеке жараша бир досум менен суйлошуп жатып «архипеллаг гулагдан» окуган нерселеримди айтсам, ал китеп анчалык «так» эместигин айтып калды.

«Туура» китеп окуу жана автор мн алдын ала таанышып алуу кк экен😅
#Ислам #Тарых #Кыргызстан #КритикалыкОйЖүгүртүү

Суннит жана шииттик бөлүнүү каяктан келип чыккан? Биз ойлогондой маанилүүбү? Тилекке каршы бул темаларды кыргызча талкуулаган видеолор, китептер, адамдар жокко эсе.

1. Исламдын суннит менен шииттерге ажыроо тарыхы.
- ШИИТЫ И СУННИТЫ - в чем разница и когда появились? (история Халифата): https://youtu.be/iWv8PXJrLCw

2. Ислам менен Христиандыктын “душмандык” тарыхы (дин душман болгон эмес, болгону бийлик жана байлык үчүн башкаруучулар гана элди өз максатында колдонгон).
- Христианство и ислам. Причины Крестовых походов. Халифат. (история священных войн): https://youtu.be/80VQaAk4wWg

3. Эмне үчүн Сауд Арабиясы Иранга душман? Анткени падышалар Ирандын мурдакы шахтарына окшоп монархиялык башкаруу ордуларын жоготкусу келбейт.
- The Middle East's cold war, explained. https://youtu.be/veMFCFyOwFI
Бүгүн, 12-апрель - адам баласынын чоң кадам койгон күнү, космоско биринчи жолу чыккан күн. 1961-жылы 12-апрель күнү Советтер Союзу адамды алгачкы жолу космоско ийгиликтүү жөнөткөн.

#тарых
АКШнын аскерий базалары СССРдин айланасындагы өлкөлөрдө жайгашып, каалаган учурда самолеттор менен СССРге ядролук бомбаны таштап кетүү мүмкүнчүлүгү бар эле. Советтер өз бомбаларын АКШга жеткире билүү кудуретине ээ болуусу шарт болгон. Ошондуктан алыска учуу жана учуруу проекттерине басым жасашкан. Космоско чыгуудагы негизги максат - албетте, ага чыгуу эмес: "Эй, АКШ, сага каалаган жерден бомбаларыбызды жеткире алабыз," - деп айтуу болгон. Ошентип жүрүп космоско да жетишти. Андан кийин космос жарышы "Кансыз согуштагы" күч көрсөтүүнүн бир аспекти болуп калды.

Негизи, компьютерлердин алгачкы прототиби жана көпчүлүк илимий ачылыштар согуш учурларында болуп келген. Учурда да күчтүү өлкөлөрдүн армиясында илим жана технология абдан өнүккөн. Учкучу жок бомбалоочу дрондордун күчүн өзгөчө өткөн күздөгү Тоолуу Карабахтагы согушта бүтүн дүйнө көрдү.

Дагы бир кызык окуя, бүгүн атактуу орус "географы" Н. В. Пржевальский туулуптур. Албетте, анын негизги максаты келип кыргыздын тоо-талаасын изилдөө болгон эмес, ал - орус офицери, империянын тыңчысы болгон. Ал учурда бүткүл дүйнө боюнча чоң империялар өз "изилдөөчүлөрүн" туш тараптарга "экспедицияга" жөнөтүшкөн. А биздин китептер дагы деле Пржевальскийди тыңчы деп айтпай, изилдөөчү катары сүрөттөсө керек, өз балдарына...

[Текст "Белгисиз маршрут (Билимот)" телеграм каналында 12-апрелде жарыяланган. Суроолордун жана тексттин автору "Билимот", бардык материалдарды автордун уруксаты жок башка баракчаларда колдонууга тыйуу салынат.]
#тарых

Биз билбеген тарых.
#тарых

Бушвакерден исламдын, халифаттын, арабдардын (анын ичинде перстер жана түркий элдер) тарыхы б-ча мыкты стрим. Халифаттын тарыхын көрүп чыккандарга кийинчерээк дагы бир сонун стримди сунуштайм.

Шилтеме: Ислам, арабы, халифат.