#аудиоКитеп #тарых #сынчылОй

Жакында эле Александр Солженицындин «архипелаг гулаг» аттуу китебин окуп чыктым (т.а. угуп чыктым). 1918-1956-жылдар арасындагы СССРдеги репрессиялар жонундо жазылган. Бул китеп СССРдин акыры жылдарында жана балким РФнын да мектеп окуу программасында да болгон экен. Бирок кийинчерээк китеп тарыхий жактан так эмес экени белгилуу болду.

Китептеги баяндалган жылдар арасында репрессия жана лагер иштеринен 15 миллионго жакын адам олгон деп айтылат. Бул абдан чон сан! Салыштырганы, СССР 2-дуйнолук согушта 24 миллиондой адамынан айрылган. А бул болсо согуш жок эле, китепте баяндагандай абдан катаал, туркой жана шалаакы тергоочулор жана жалпы окмоттун башында турган И.В.Сталиндин айынан ушунча куноосуз жандар каза таап жатат. Китепте лагердеги адам чыдагыс жашоо шарттар жана ырайымсыз бийлик баяндалат.

Сталинди жана СССРди жаман коргон тараптар да Солженицындин бул китебин тарыхий эмес «корком» чыгармв катары жана андагы айтылган нерселер чындыктан 10 эселеп апыртып жазылганын кабыл алышат экен. Албетте репрессия аябагандай «жаман» жана ырайымсыз болгон, бирок жаманга боло берет деп устуно жок нерселерди да жамаган болбойт ко...

Озу Америкалык бирок Кореянын тарыхын изилдеген, тарызтан сабак берген профессорубуз айткан эле: «Илгерки тарыхчылар бир китепти жаны кагазга жазып жатканда, бир «жаман» адам жонундогу тарых болсо анын устуно кошуп ал кылбаган иштерди да жазып сала беришчу экен. Бул жаман адам болгон жана жаман адамдар ушундай иштерди кылышат деген ойдо ал кылбаган ишти кылды деп жазуу алар учун нормалдуу бир корунуштой эле болгон.»

Буга чейинки тарых жонундогу китепти окуганымда, ар бир айтылган аргументтин сан менен белгиленип, китептин артында корсотулгон булагын да кошо карап окудум эле. Бул жолу аудио китеп болгондуктан аргументтердин булагы жазылганбы же жокпу кароо оюма да келбептир. Анын устуно китебин окуурдан мурда автор менен да таанышпапмын.

Тилеке жараша бир досум менен суйлошуп жатып «архипеллаг гулагдан» окуган нерселеримди айтсам, ал китеп анчалык «так» эместигин айтып калды.

«Туура» китеп окуу жана автор мн алдын ала таанышып алуу кк экен😅