Ордуңда туруу деген нерсе жок; өнүгүү гана бар; өнүкпөсөң артка кетесиң.

Бизде жакшы жаңылык! Математика курсубузга жаңы тема кошулду.🥳🎆

Жыл сайын тажрыйба топтоп, өнүгүп, жаңы суроо жана жаңы темаларды кошуп келебиз

Ар жылы бизде кандай өзгөрүүлөр болуп келди:

2019 🔁
- Математика видео сабактар + 300-400 тест
- сайтыбыздын 1-версиясы (Bilimot 1.0)

2020 🔁
1. Математикага кошумча темалар + 500-600 тест + тесттердин 90%нын толук чыгарылыштары көрсөтүлдү.
2. Химия 4 курс + 100% тесттеринин чыгарылыштары
3. Окшоштуктар (аналогиялар) б-ча курс сайтка кошулду. Сапатын жакшыртуу үчүн сайттан кайра алынды.
4. Сайтыбыздын 2-версиясы. (Bilimot 2.0)


2021🔁
1. Математика дагы кошумча темалар + 600-700 тест + тесттердин көпчүлүгүнүн чыгарылыштары.
2. Химия 4 курс + 100% тесттеринин чыгарылыштары
3. Жаңы Математика НӨЛДӨН курсу (бөлчөктөрдү дагы да жөнөкөйлөтүп түшүндүрүү. 5-6-класстын материалы).
4. Математика боюнча 7 сапаттуу сынамык тест кошулду.
5. ЖРТ Биология 1 бөлүм (техникалык себептерден кайра сайттан алынды, эмки жылга чыгарабыз деп аракет кылып жатабыз).
6. ЖРТ физика, англис тили предметтери боюнча сабактар жасалып башталып, аягына чыгара албадык.
7. Сайттын жаңы версиясы. (Bilimot 2.5)
8. 2021-жылдын аягына чейин дагы бир канча иштерди аткарганы жетишебиз деп үмүттөнөбүз😊

#бийиктиктибиргебагындырабыз
​​Спорт - өмүр булагы🤾‍♂️🏌️‍♀️
Окуучуларыбыздын бул жылкы ЖРТ жыйынтыктары биз күткөндөн да жогору болуп, жалпы Билимот командасы кубанып турган кезибиз. Ага кошумча, бүгүн Билимот командасынын башкаруу тобунун мүчөсү, биздин финансы жана менежмент бөлүмдөрүбүздүн башчысы Темирлан Койчукеев Бишкек шаардык джиу-джитсу чемпионатында 3-орунга ээ болду 🎉🎉 Куттуктайбыз жана баарыңыздарга ден соолук, окууда жана иштериңиздерде ийгилик каалайбыз😊

#бийиктиктибиргебагындырабыз #билимот